Четверг , 2-Апрель 2020
Башкы бет / Досье / 7% ЭЧ НЕРСЕНИ ӨЗГӨРТПӨЙТ. ЭМНЕ ҮЧҮН?

7% ЭЧ НЕРСЕНИ ӨЗГӨРТПӨЙТ. ЭМНЕ ҮЧҮН?

Жогорку Кеңештин 21 депутаты шайлоо босогосун 9%дан 7%га түшүрүүнү демилгелешти. Алардын катарында бийликке жакын депутаттар да болгондуктан, жогору жактан босогону төмөндөтүү ишаарасы берилгендей.

Айрым депутаттар шайлоо босогосун 7%га кайрадан түшүрүү парламентте конкуренцияны күчөтөт деген жүйөөнү айтып жатат. Бул бир жагынан туура. Ооба, босогону төмөндөтүү шайлоодо көбүрөөк партиянын Жогорку Кеңешке келишине мүмкүнчүлүк берет. Бирок бул Жогорку Кеңешке шайлоонун табиятын жана формасын өзгөртпөйт. Ошондуктан ал азыркыдай парламенттин түзүлүшүнө алып келет.

Анткени, биринчиден мурункудай эле ким депутат болушун эл эмес, партия лидерлери чечет. Экинчиден, партия лидерлери көбүнчө тизмедеги алдыңкы орундарды акчага сатып, Жогорку Кеңеш шайланбай жатып, коррупциялашат. 2010-жылы, 2015-жылы шайлоодо парламент дал ушундай жол менен шайланган…

Кыргыз бийлигинин проблемасы бир эле парламентте, аны кандай шайлоодо эмес. Кыргыз бийлигинин проблемасы комплекстүү. Соттор көз каранды. Парламентти эл эмес, партия лидерлери, олигархтар түзөт. Аткаруу бийлиги эки баштуу. Президент баарын көзөмөлдөйт, эң маанилүү кадрдык маселелерди чечет… Бирок эч нерсеге жооп бербейт. Өкмөттү садага чаап кете берет.

Парламенттик өлкөдө шайлоодо биринчи орунду алган партиянын лидери өкмөттү башкарып, жоопкерчиликти алууга тйииш. Бирок бизде андай жок. Президент кимди тандаса, мына ошол өкмөт башчы болот. Ошондуктан бизде парламентте фракциясы турмак, бир депутаты жок адамдар өкмөт башына келип жатат…

Aidanbek Akmatov
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс