Четверг , 2-Апрель 2020
Башкы бет / Досье / Алимбаев тажик генералынын сөзүнө жооп кайтарды

Алимбаев тажик генералынын сөзүнө жооп кайтарды


Абдикарим Алимбаев (оң жакта ортодо) баштаган топтун тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүсү, 2019-жылдын 19-декабры.
Абдикарим Алимбаев (оң жакта ортодо) баштаган топтун тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүсү, 2019-жылдын 19-декабры.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Алимбаев мындай билдирүүнү Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө жооп катары жасады.

— Ал кишинин мындай сөзү — тарыхты билбегендик. Облустук мекеменин башчысы болуп туруп минтип сүйлөбөшү керек. Чек араны өкмөттөр чечет. Эки мамлекеттин президенттеринин жүргүзүп жаткан ишине каршы сүйлөдү. Эки өлкөнүн кызматташтыгына анын айткандары дал келген жок. Андай болсо, Баткен аймагында жайгашкан Ворух анклавында, Чорху деген жерде биздин ата-бабаларыбыз да жашаган. Мургаб, Жергетал деген жерлерди да биздин ата-бабалар байырлаган. Андай болсо, ошол жерлер да суроо жаратып калат, — деди Алимбаев.

13-февралда Тажикстандын айрым маалымат каражаттарында жана Интернетте Навжувоновдун “Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деген билдирүүсү тараган.

14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылган. Кыргыз тарап Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.

Расмий Дүйшөмбүдөн азырынча комментарий боло элек.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс