Четверг , 2-Апрель 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Адам укугун сыйлабаган министрге кантип ишеним артууга болот?…

Адам укугун сыйлабаган министрге кантип ишеним артууга болот?…

Кыргыз өкмөтүндө иштеген эң жаш министр — бул КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Капарович Жаманкулов!!! Бирок, жаш министр деп буга чейин сылык-сыпаа, элпек жигит деп сыйлап келсем, акыркы күндөрү мыйзамсыз, адам укугун тебелөө менен жасаган иштерине күбө болгондон кийин аябай эле иренжидим…Эмне үчүн? деген суроо өзүнөн-өзү жарралат. Жаңы жылдын башталышы менен КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги социалдык тармактар аркылуу Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик маалымат борборлорунун башкы директорлук кызмат ордуна сынак жарыялашты. Талапкерлер 27-январга чейин талап кылынган документтерин жөнөтүштү.

Мен да жөн отурбай 10 жылга жакын убакыттар аралыгында маалымат борборду иштетүү менен алектенип келе жаткандыктан (алгач «Кабар» Агенттигинин, акыркы 4 жылда өз алдынча «Көк-АртИнфо» маалымат борборун) өз тажрыйбамды пайдаланып жаңы түзүлгөн маалымат борборду бутка тургузууга көмөктөшөйүн деген максатта талапкер катары сынакка катыштым. Анан бизди кадрлар бөлүмүнөн телефон чалып, 29-январга саат 14кө келип калгыла деп чакырышты. Акча сарптап, узак жолго аттанып, кыштын кычыраган суук күнүндө айткан күнү келип калдык. Оюндун баары 29-январь күнү министрликтин жыйындар залында башталды. Жалал-Абаддан 4 талапкерди 10дон ашык комиссия мүчөлөрү тизип туруп, министр Азамат Капарович алгач эле сөздү баштады:
— Бул назначаемый должность. Комиссияда отургандардын пикирин кабыл алып угам, же булардын пикири менен эсептешпей эле өзүм чечим кабыл алам, — деп ачык эле өз оюн билдирип койду. Менде ошондо эле бир бүдөмүк ой пайда болду, андай дайындай турган кызмат болсо, адамдарды убара кылып, каражатын кетирип, нервин коротпой, цирктеги маймылдардай ойнотпой эле, өзүңуз датасы жок Т.Алдакуловго карата даярдап койгон буйругуңузду чыгарып, иштей бер деп Жалал-Абадга жибербейт белеңиз министр мырза?

Ошентип, кезек мага келди, мен өзүмдүн маалымат борборду кандай жол менен иштетип кетсе боло турганын айтып баштаганда эле кадрлар бөлүмүнүн башчысы болгон айым туруп алып, улам-улам саатын көрсөтүп эле, токтот деп мага дрижёр болуп маңдайымда турду. Мен анын мындай кылыгына түшүнбөдүм? Ошентсе да, анын бир сырдуу көз карашы «айтканыңдан пайда жок, баары чечилген» деген маанини мага түшүндүрүп турду. Мен эле циркте жүрөм десем, ал да кол жаңсап жатып аңгемелешүүнү биротоло цирктин манежиндеги оюнчулардын оюнун элестеттирип койду. Министр Азамат Капаровичтин оюу боюнча мен 80 адамды башкара албайт экемин. «Сиз жалаң эле коррпукттарда иштепсиз, кантип медиаборборду башкарасыз? — дейт. Сиз деле гезит, телеканал, медиаборбор, театр, китепкана, музей эмне экенин билбей эле министрликти каалагандай башкарып жатпайсызбы? Же бул жалганбы?…

Ал күнү жыйынтык чыкпады. Анан 3-февралдан баштап Бишкектен телефон чалуулар болуп, Жалал-Абаддан келген төртөөң тең жарабай калдыңар. Бириң түкүндөй, экинчиң тигиндей экенсиңер деп жактырышпады дешти. Күттүк, бизге жооп беришпеди, 5-февралда таң эрте Азамат Жаманкуловго чалсам, тез эле алды. «Эч кимиңерди тандабадык, ошондой протоколдук поручение кабыл алдык. Башка бирөөнү дайындайм», — деп кесе жооп берди. Эмне башка медиаборборлордун жетекчилери медиаборборду бизден да жакшы өздөштүрүппү? Же алардын тажрыйбасы өтө эле терең бекен?- деген суроо жоопсуз калды. Протоколдук поручениедеги жазылгандарды даилдей албасаңар, анда жооп бересиңер деп кадрлар бөлүмүндөгү Аида деген кызга телефон аркылуу айттым эле, ал кыз бүгүн мага телефондон жооп берип, министрге айтканын, эч кандай протоколдук поручение кабыл албагандыгын, бул дайындала турган кызмат экенин кайра кайталады.

Дайындала турган кызмат болсо, анда неге сынак жарыяладыңар да, сынакка катышпаган Алдакуловго мыйзамды бузуу жолу менен буйрук чыгарып жатасыңар? — деген суроо дагы жоопсуз калды… Акырында Азамат Капарович эч кандай сынакка катыштырбай туруп, өзү көздөп жаткан Тургунбай Алдакуловду Жалал-Абад мамлекеттик медиаборборуна дайындап жатканы адам укугун бузуп эле тим болбостон, мыйзамдарды өз билгениндей өз кызыкчылыгы үчүн иштетүүдөн коркпой турган жаш жетекчи экенин далилдеди. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү эмес, тааныш-билиш, паракорчулук күчөп бара жатканыдыгын бул мисал ачыкка чыгарып койду. Бул маселеге укук коргоо органдары өз баасын берет деген ойдомун!!!

Анархан Жаныбаева.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс