Воскресенье , 5-Июль 2020
Башкы бет / Досье / «Иран кинолорунун күнү» Ошто да белгиленди (фото)

«Иран кинолорунун күнү» Ошто да белгиленди (фото)

Категория: Маданият — Published: 14/02 — 16:05

Ош, 14-февраль, 2020-жыл. /ca-irnews.com/. Ушул күндөрү Кыргызстанда Иран Ислам республикасынын кино күндөрү өтүп жатат.

Бул маданий иш чара  11-14-февраль күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында болууда. «Иран кинолорунун күндөрү» аталган өлкөнүн Ислам революциясынын 41 жылдыгына карата өтүүдө. Негизи эле бул иш-чара салтка айланып, жыл сайын уюштурулат.

Бүгүн, 14-февралда, Ош шаарында да өткөрүлдү. Ош мамлекеттик университетинин чоң залындагы иш-чарага Иран Ислам Республикасынын элчилигине караштуу Маданий өкүлүчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми мырза, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, жүздөгөн студенттер катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Ош МУнун ректору К. Кожобеков Эл аралык мамилелер факультетиндеги Иран таануу борбору 2001-жылы ачылып, студенттерге фарси тилин, иран элинин маданиятын, тарыхын, руханий азыктарга бай болгон адабиятын үйрөтүп келе жаткандыгын белгиледи. Учурда Иран элчилиги менен биргеликте ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулуп келе жаткандыгын белгиледи.

Ал эми Парвиз Гасеми мырза университеттеги кызматташтыктарга карата жылуу пикирин билдирип, мындан ары да кызматташтыктарды кеңейтүүгө кызыктар экендиктерин айтты.

Маданий өкүл иран кинолору “Оскар” жана башка белгилүү дүйнөлүк кино сыйлыктарын алууга жетишкен деңгээлге чыккандыгын белгилеп, Ислам революциясына чейинки мезгилде Иранда 45 жыл аралыгында 1 миң 141 картина тартылса, революциядан кийинки 38 жылдын аралыгында эки эсе көп – 2 миң 171 фильм тартылганына токтолду. ca-irnews.com сайтына берген маегинде Парвиз Гасеми мырза “Иран кинолору” күндөрүн мындан кийин Талас жана Ысык-Көл облусттарында да өткөрүүнү пландап жатышкандыктарын айтты.

“Иран киносу” күнүндө кино сүйүүчүлөргө, студенттерге “Алтын жана жез”, “Нарцисс мезгили” деген аталыштардагы кино тасмалар тартууланды.

Белгилей кетсек, Ошто “Иран киносу” ушуну менен экинчи ирээт өткөрүлдү.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс