Среда , 1-Апрель 2020
Башкы бет / Досье / Кыргызстанда Иран кинолорунун Күндөрү өтүүдө

Кыргызстанда Иран кинолорунун Күндөрү өтүүдө

Категория: Маданият — Published: 12/02 — 16:57

11-14-февраль күндөрү Кыргызстандын борбору Бишкек жана түштүк борбору Ош шаарларында жыл сайын Ислам революциясынын жылдыгына карата салтка айланып калган Иран кинолорунун күндөрү өтүүдө.

Бул тууралуу  «CA-IrNews» агенттигинин кабарчысы билдирет.

Аталган маданий иш чара Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада башталды. Ага иран кионсун гана эмес, маданияты менен адабиятын да сыйлаган көп сандагы мектеп окуучуларынан тартып, студенттерге, интеллигенция өкүлдөрүнө чейинки күйөрмандар катышышты. Иран Киносунун күндөрүнүн ачылыш салтанаты эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери менен башталды. Андан соң Ислам революциясынан кийинки мезгилдеги Иран Ислам Республикасынын жетишкендиктерин чагылдырган кыскача видео тасма көрсөтүлдү.

Иш чараны Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова ачып, “Иран кинолорунун күндөрүн өткөрүнүн башкы себеби Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 41 жылдыгы болуп саналарын” белгиледи. Ал ошондой эле ирандыктардын байыркы доордон бери келаткан перс  маданияты өзүнүн бүткүл тарыхында дүйнөлүк маданият менен адабиятка эбегейсиз салым кошуп келаткандыгын кошумчалады. Саади, Фирдоуси, Хафиз сыяктуу акын, жазуучу, философтор көптөгөн адабий агымдардын башаты болуп саналышат.

Ж. Бакашованын айтуусунда, А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен Фирдоуси атындагы перс тили борбору түзүлгөн. Анда Иран Ислам Республикасына арналган кыргыз жана иран адистеринин катышуусундагы ар кандай маданий жана адабий иш чаралар өткөрүлүп турат. Мындан тышкары перс адабиятын изилдөө борборунун базасында перс тили үйрөтүлүп, бул өз кезегинде Ирандын бай маданий мурастарын Кыргызстанда таратууга салым кошууда. Мындай иш чаралар өзүнүн нравалуулугу, тазалыгы жана терең философиялык мазмуну менен баалуу.

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрози өз сөзүндө Кыргызстандагы баардык ирандык мекендештерин жылуу маанайда куттуктап, “бул иш чара мен Кыргызстандагы дипломатиялык миссиямды аткара баштагандан кийинки экинчи маанилүү салтанат болуп саналат. Биринчиси – өткөн жумада Тегеран-Бишкек түз аба каттамынын жүрө башташы”,- деди ал. Ал эми Иран кинолорунун Кыргызстандагы күндөрүнө токтолуу менен “мындай иш чаралар иран жана кыргыз элдерин достоштуруп, ортосунда жылуу мамилени түзөт”,- деди.

Ирандык дипломат андан аркы сөзүндө буларга токтолду: «бүгүн бир катар Батыш ММКларында Иранга каршы жигердүү пропаганда жүрүүдө. Ошол эле учурда Иран Ислам Республикасына каршы өтө катаал санкциялар салынды. Бирок ушул кыйынчылыктарга карабастан, Тегеран прогресске жетүүгө умтулууда жана ИИРдин экономикасы өсүүдө. Ислам Республикасынын чыныгы жана туура образы азыр Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында көрсөтүлө баштаган иран фильмдеринде даана чагылдырылган. Ислам революциясынан кийин Иран кинематография тармагында чоң ийгиликтерге жетишти. Мисалы, Ислам революциясы болгонго чейинки 1979-жылдан мурда бир да аял кинорежиссер болбосо, Революциядан кийин алардын саны 25ке жетти. Мындай иш чаралар эки өлкөнүн дос элдерин жакындаштырып, маданий карым-катнашын тереңдетет”.

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми “1979-жылдан кийинки революциядан кийин Иранда кайра жаралуу доору башталып, бул жаңылануу киноискусство тармагына да тиешелүү болду.  Иран кинематографисттери 92ге жакын ар кандай эл аралык сыйлыктарды  жеңип алышты же ар бир сегиз айда дүйнө жүзүндө иран кинолору тууралуу айтылып турду. Өз кезегинде ИИРдеги Ислам революциясы иран киносун түзүүнүн жаңы темаларын жаратты”,- деди.

Маданий өкүлдүн айтуусунда, учурда өлкөдө жаңыча өнүгүү мезгили башталды. Бул кинематография тармагына коммерциялык же көңүл ачуучулук продукция катары эмес, адам баласын тарбиялап, нравалык жана диний баалуулуктарды пропагандалаган искусствонун бир түрү катары мамиле жасай башташты. Иран киносу жандуу моралдык багыт берүүчү идеология болуп калды.

П. Гасеми андан аркы сөзүн төмөндөгүдөй улантты: “Шахтын доорунда иран кинолору эл аралык кинофестивалдарда болгону үч ирет көрсөтүлгөн. Ал эми Ислам революциясынан кийинки мезгилде эл аралык калыстардын назарына 786 ирет сунушталган. Иранда ислам дүйнөсүндөгү эң белгилүү сериал да тартылган”.

Маданий өкүл иран кинолору “Оскар” жана башка белгилүү дүйнөлүк кино сыйлыктарын алууга жетишкен деңгээлге чыккандыгын белгиледи. Революцияга чейинки мезгилде Иранда 45 жыл аралыгында 1 миң 141 картина тартылса, революциядан кийинки 38 жылдын аралыгында эки эсе көп – 2 миң 171 фильм тартылган.

Бул күнү, 11-февралда Бишкектеги А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада ирандык режиссер Х. Асадиандын “Алтын жана бал” аттуу фильми бет ачаар катары көрсөтүлдү.

12-февралда көрүүчүлөр эки иран кинолорун: саат 14:00дө Жөн эле ушундай жана саат 16:00дө “Нарцисс мезгили” фильмдерин көрүштү.

Ал эми 13-14-февраль күндөрү Иран кинолорунун күндөрү Ош шаарында улантылат.

http://www.ca-irnews.com/kg/society-kg/culture-kg/81987-%D0%BA%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7%D1%81%D1%82%D0%B0

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс