Четверг , 4-Июнь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / АДАМ КАЙСЫЛ ЭЛДИН ТИЛИН СҮЙЛӨСӨ, ОШОЛ ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ!

АДАМ КАЙСЫЛ ЭЛДИН ТИЛИН СҮЙЛӨСӨ, ОШОЛ ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ!

Казакстан менен Кыргызстанда жашаган майда улуттар Борбор Азиянын тамагына сайылган кылкан өңдөнүп турат. Өлкөлөр арасындагы атаандаштыкта сырткы күчтөр менен жең ичинен мамилелешкен майда улуттар колдонулганга өтө эле ыңгайлуу. Улут аралык жаңжалдар ушундай саясаттан келип чыгат. Өз мекениндеги майда улуттардан жапа чекпеген дүйнөдө өлкө жок. Испания, Түркия, Сирия, Ирак, Грузия, Кытай, Индия, Пакистан, Греция, Италия жана башка, жана башка.
Дунгандар мындан 150 жыл мурда Кытай эли менен жаңжалдашкандан кийин бизге качып келишти. 150 жылдан бери биз менен жашап, наныбызды бөлүштү бирок, тилибизди, дилибизди, мекенибизге болгон сүйүүбүздү бөлүшпөй койду. 150 жылдан бери койнубуздагы чоочун эл бойдон калды. Алардан 30 жыл кийин келген орус биз менен сиңишти, кыргызча ырдап, бешбармак жеп, кызын берип, кыз алып, элди, журтту сүйдү. Ошондон болсо керек, ичибиздеги боорун бербеген майда улуттар менен биз да, муздак мамиледе калдык. Казак өлкөсүндө деле абал окшош. Эмне болгон күндө да, карамагыбыздагы улуттардын кыскача тарыхын унутпай, керек болсо, дайыма жадыбалда кармап туруу саясаты өтө зарыл. Анткени, жакшылыкты эстетип туруу — уяттуулук сезимди күчөтөт. Дунгандар — улуу Кытай эли менен урушуп келген эл. 2007-жылдагы Искра айылы менен 2020-жылдагы Кордайдагы жаңжалдар Борбор Азияга кагылган коңгуроо катары кабыл алынышы керек. Мамлекет ошол багытта саясатын аныктап, Кыргыз Тарыхы, Кыргыз Тили, Адабияты жана География жөнүндөгү билим берүүнү күчөтүп, мекен сүйүүгө тарбиялашы зарыл. Адам кайсы тилде сүйлөп, кайсы тилде ой жүгүртсө, ошол элге кызмат кылат! Мекенибиздин туура саясаты бейпилдигибиздин гаранты болот.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс