Среда , 26-Февраль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Жеңиш Разаков кызматтан алынды

Жеңиш Разаков кызматтан алынды


Жеңиш Разаков.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жардыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону жөнүндө президенттин расмий сайтына 11-февралда жарыяланды.

Жеңиш Разаковдун ишмердигине карата коомчулукта жана парламентте кескин сындар айтылып келаткан. Ал вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган.

Бир жума мурда экономика тармагын тейлеген дагы бир вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эрик Асрандиев дайындалган. Ал буга чейин кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган. (ZKo)

https://www.azattyk.org/a/30427883.html?fbclid=IwAR2d-ZCb7Gi8GHgJT9enKv6EdwLIIOGBeygNEf7AwteTZBEibmBvD8Sn-NA

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс