Понедельник , 1-Июнь 2020
Башкы бет / Досье / УЯЛГЫЛА

УЯЛГЫЛА

Депутаттар уялса жөө баскандан
Мен уялбайм жол шыпырып жаткандан
Кечээ сен да эл ичинде жүргөнсүң
Же мандатчан түштүң беле асмандан
Уялгыла кылмыш ишин жапкандар
Кылым жаткан мөңгүлөрдү саткандар
Кыйын кылып бийлик берген силерге
Көчөдө эле жөө жалаңдап баскандар
Уялгыла атка минген жакшылар
Уялганда соокур көздөн жаш чыгар
Уят көрсөң эл ичинде басканды
Уруп кетет элге берген антыңар
Мыйзам десе мыйыгынан күлүшүп
Миллиарддарды алган алар менчиктеп
Миллион бала тентип кетти мага окшоп
Ата-энелер мелтирешет жер тиктеп
Мен силерди сагынганда алыстан
Ыйлап алам көз жашымды аарчыбай
Туңгуч балам чоңойгондур бой жетип
Же калдыбы азыр мени тааныбай
Туугандарга акыретке жөнөгөн
Кечиргиле сала албасам топурак
Жогорку окуу жайын бүткөн балаңар
Жол боюнда жол шыпырып олтурат

Рахман Разыков

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс