Среда , 1-Апрель 2020
Башкы бет / Досье / ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕ ТАРЫХЫ…

ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕ ТАРЫХЫ…

 

Азимбек Бекназаров саясий коррупция шайлоо мыйзамдарында деп, андай системаны 2007-жылы Максим Бакиев, Адахан Мадумаров, Жаныш Бакиев жана Медет Садыркулов киргизген деп айтты. Туура, 2007-жылы 21-октябрдагы референдумда Конституция жана шайлоо мыйзамдары өзгөртүлүп, ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын 100% партиялык тизме шайлоо эрежеси киргизилген.

Бирок, мына ошол өзгөртүүлөр кандай шартта киргизилгенин да эске алып коюш абзел. 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин оппозиция тынымсыз митингдерди өткөрүп, бийлик үчүн аесуз күрөш баштаган. Ал митингдердин негизги демилгечилери А.Бекназаров, А. Атамбаев, Ө. Текебаев болгон. Алар митингдерде койгон талаптардын ичинде парламенттик башкарууга өтүү, шайлоону партиялык тизме менен өткөрүү болгон.

Алардын талабы жана басымы астында 2007-жылы Курманбек Бакиев конституциялык реформага барган. Мына ошондо Жогорку Кеңешке 100% партиялык тизме менен шайлоо киргизилген, өтүү босогосу 5% деп белгиленген. Аны менен кошо аялдарга, жаштарга, башка улуттун өкүлдөрүнө парламентке келишине квота берилген.

Мына ошондо оппозициячылар “президент Бакиев шайлоо мыйзамын реформалоодо алардан ашып түшкөнүн” моюнга алышкан. Ошондуктан алар 2010-жылы бийликке келгенде 100% партиялык тизме менен шайлоону, квоталарды өзгөртпөй калтырышкан. Бирок өз партияларынын монополиясын камсыздоо үчүн босогону 7%га, 2019-жылы 9% көтөрүшкөн…

Бекназаров “Шайлоо кодексинде кыздарыбыздын укугу тепселип калган. Конституцияда жазылып турат “Кыргызстандын жараны шайлоого жана шайланууга укуктуу. Ал чектелбейт” деп турат. Ал эми кодексте “ар бир төртүнчү аял болсун” деп турат. Ар бир бешинчи башка улут болсун деп коюптур. Бул чектөөбү? Эмне үчүн аялдар тең кетпейт?” деп да маселе коет.

Эми “Шайлоо кодексин” карап көрсөк, аялдар жөнүндө эмне дейт? Кодекстин 60 беренесинде бул маселе жазылган.
Анда Бекназаров айткандай ар бир төртүнчү гана аял болсун деп айтылган эмес. Анда “аял менен эркектин тизмеде кезектешүүсү үч катардан ашпаш керек” деп жазылган. Башкача айтканда, эгерде тизмеде 1чи, 2чи, 3чү катарда аял болсо, анда төртүнчүсү эркек болуш керек, эгерде тескерисинче болсо, анда төртүнчүсү аял болуш керектиги туюнтулган.

Жаштарга, башка улуттун өкүлдөрү да тизменин алдынкы катарда болушуна көңүл бурулган. Мына ушул өзгөртүүлөр 2007-жылкы “Шайлоо кодексинде” болгон. Ал прогрессивдүү жана парламентке калктын бардык катмарынын келишине шарт түзгөндүктөн 2010-жылы өзгөртүлгөн эмес. Азыр да өзгөртүлбөйт. Анткени мыйзамда андай талап болбосо кыз-келиндердин парламентке келишине мүмкүнчүлүк ченемсиз азайат…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс