Понедельник , 17-Февраль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / «Тазалыктын» жетекчилиги жумушчулардын маянасынан айына 5-6 млн. сом жеп турушкан…

«Тазалыктын» жетекчилиги жумушчулардын маянасынан айына 5-6 млн. сом жеп турушкан…

Кычыраган кышта, мээ кайнаткан ысыкта таң атпай мээнет кылган адамдардын эмгек акысын өөнөп калууга кандай жексурдун колу барды?!!

Тынчтыкбек Жусупбекович Алтымышев кошкон сүрөт.
Тынчтыкбек Жусупбекович Алтымышев кошкон сүрөт.
Тынчтыкбек Жусупбекович Алтымышев

Өткөн жумада Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров «Тазалык» мунципиалдык ишканасындагы коррупцияны айтса көбүңөр ишенбей койгонсуңар…

Анын үстүнө баарыбыз сыйлаган Жибек Каракееванын жообу да күдүк ойлорго түрткөн.

Бирок, кечээ «кыңыр иш кырк саатта» ачылып, «Тазалыктын» башкы бухгалтери УКМК тарабынан кармалды.

Мендеги маалыматтар боюнча, булар айынан 5-6 миллион(!) сомду кымырып турушкан экен. Күн сайын ГСМ сатуу жана айлык маяналардан өөнө жолу менен!!

Схемага келсек, «Тазалыктын» карапайым кызматкерлерине банктан 2 эсеп карталары алынып, анын бирөө кызматкерге бюджеттик маянаны алууга берилип, экинчи чарбалык эсептен түшкөн маяна картасы бухгалтер баштаган топтун чөнтөгүнө түшүп келген дебатышат…

Мирлан Амантуров эми бул коррупция, кылмыш иши боюнча толук маалымат күтөбүз, аягына чыккыла!

Элди кыйнап, мамлекетти тоногонду качан токтотобуз?!

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс