Воскресенье , 5-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Кордайда чыккан мушташтан улам казак жарандары Кыргызстанга агылып келүүдөбү?

Кордайда чыккан мушташтан улам казак жарандары Кыргызстанга агылып келүүдөбү?

Учурда социалдык тармактарда кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктунда Казакстандан Кыргызстанга өтүүнү каалаган кишилердин тобу кезек күтүп турганы боюнча видеолор тарап жатат.

Видеонун алдында кишилер кечээ Кордайда болгон массалык мушташтан кийин өлкөдөн массалык түрдө чыгып жатканы жазылган.

Ал ортодо Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы чек арада топтошкон эл жок экенин билдирип, көзөмөл өткөрүү пункту кадимким тартипте иштеп жатканын маалымдады. Ошондой эле, дем алыш күндөрү аталган көзөмөл өткөрүү пунктунда элдин чогулуп калышы кадимки эле көрүнүш экенин, себеби ары-бери каттагандардын саны көбөйө турганын маалымдашты.

Кыргызстандын чек ара кызматы Казакстан менен болгон чек арадагы абал туруктуу экенин билдирип, “Кең-Булуң” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү пунктарында кишилердин саны көп экенин кошумалады.

““Кең-Булуң” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү пунктарында кишилердин көбөйгөнү байкалууда. Негизинен алар Казакстандан Кыргызстанда карай өтүүнү каалаган аялдар менен жаш балдар. Чек арада абал тынч, эч кандай чыр-чатак болгон жок”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы бардык көзөмөл өткөрүү пунктары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

https://barometr.kg/kordajda-chykkan-mushtashtan-ulam-kazak-zharandary-kyrgyzstanga-agylyp-keldb-video?fbclid=IwAR2BmEvELoBBPFT1r3ci_NMPVMUn0zbXZ646mz-Pd1Rvke9nR3lP-VrHY2c

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс