Понедельник , 6-Апрель 2020
Башкы бет / Аналитика / Иран кинематографиясы

Иран кинематографиясы

Бүгүнкү күндө Иран кинематографиясы дүйнөдөгү эң маанилүү тасмалардын бири болп эсептелет. Иранда кинематография Музаффараддин шахтын заманында иранга эң алгачкы видеокамеранын келиши менен башталган. Иранда эң алгачкы үндүү көркөм тасма 1933-жылы Ардашир Ирани тарабынан тартылган “Лор кызы” аттуу көркөм тасма болгон. Ошентип  1900-жылы Музаффараддин шах аркылуу алгачкы кино тартуучу аспап Иранга келип Иранда тасма тартуунун башталышы деп эсептелген. Ирандагы эң алгачкы кинозалкатоликтер тарабынан 1900-жылы (Люмер агайындардын дүйнөлүк  ачылышынан 5 жыл өтүп) “Синема Сули” деген ат менен Тебриз шаарында ачылып, иштеп баштаган, бирок тилекке каршы көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн жаңы кинотасмалар жок болгондугуна байланыштуу,  1916-жылы ал кинозал жабылган. Ошентип 1930-жылга чейин Иранда эч бир кинотасма тартылган эмес, бирок кээ бир батыш тасмаларынын астына фарсы тилинде котормосу жазылган кинотасмалар гана  чыгып турган. 1930-жылы “Аби жана Раби” деген алгачкы толук метраждуу иран  кинотасма Ованес Оганиян тарабынан тартылган.

Ованес Оганяндын “Аби жана Раби” тасмасы 1930-ж.

1904-жылы ноябрда Мирза Ибрахимхан Аккас Баши Тегеран шаарында эн алгачкы коомдук  кинозал ачкан. Ал жакта кыска метраждуу комедиялар, 10 мүнөттүк хроникалуу фильмдер көрсөтүлгөн. Ал эми 1930-жылдын башында кинотеатрлардын саны 30 га жетсе, алардын көбу борбор калаада болгон.

Иран книематографиясынын алгачкылары

Алгачкы кинооператор: Мирза Эбрахим Хан Рахмани  (1874-1915-жыл).

Ирандын алгачкы кинотеатры: Геранд Синема (1926-жыл).

Алгачкы үнү жок иран кинотасмасы: “Аби жана Раби”  Ованес Оганиян тарабынан тартылган (1930-жыл).

Алгачкы үндүү иран кинотасмасы: “Лор кызы” Ардашир Ирани тарабынан тартылган (1933-жыл).

Ирандын алгачкы дубляждалган кинотасмасы: “Качкын кыз” Исмаир Кушан тарабынан тартылган (1946-жыл).

Алгачкы ирандык  режиссераял: Шахло Рияхи, “Маржан” көркөмтасмасы (1956-жыл).

Эң алгачкы жана эң эски иран кинематографиясы журналы: Кино жылдыздары  (1954-жыл).

Эң алгачкы Канн эл аралык  кинофестивалынын алтын медалы “Гилас даамы” кинотасмасы үчүн  (1997-жыл).

Чет тилдеги эң мыкты фильми үчүн эң алгачкы Оскар сыйлыгы “Надыр менен Симинидин ажырашуусу” кинотасмасы үчүн (2012-жыл).

Алгачкы үн тасмасы

1942-жылы ирандын Ардашир Ирани тарабынан Бомбейде тартылган  “Лор кызы” аттуу эң алгачкы үндүү кинотасмасы жарык көргөн. 1936-1946-жылда мамлекеттеги саясий өзгөрүш жана экинчи дүйнөлүк согуш менен кошо иран кинематографиясы да репрессияга дуушар болгон. Биринчиден буга чейин Иранда кинотасмалар чыгарылган эмес жана кинотеатрлар Тегеран шаарында жана башка чоң шаарларда жайгашып,  болгону ак сөөктөр менен коомчулуктун кээ бир бөлүгү үчүн гана кинолор тартууланган. Экинчиден, өзүнүн маданий өзгөчөлүктөрү менен чыгармаларында байыркы иран адабиятын чагылдырган Абду Хусейин Сепантадан башка    кинорежиссерлордун ортосунда кандайдыр бир ынтымак жана биримдик  болгон эмес, ал эми калган учурларда чет элдик кинотасмалардан  үлгү алынып же аларды туурап тартышкан.

Доорлор

Жыйырма үчүнчү он жылдык

1943-жылдардан  кийин, бир нече киностудия ачылгандан кийин, инвесторлордун жардамы менен жана кинотеартрлар коомго жеткиликтүү  болгондон кийин кинотасмаларды тартуу өнүгүп өсө баштаган. Бирок, тилекке каршы биринчиден мындай өнүгүүдө  инвестициядан түшкөн киреше аркылуу, экинчиден коомдогу саясий абал жана да 18-августтагы төңкөрүштөгү азаттыкты чектоо сыяктуу маселелердин натыйжасында  Ирандын маданият, кино тармагынын эң негизги өзөгү өнүгө баштаган. Исмаил Кушан, Самуель Хачикиян, Хушанк Кавуси, Фарх Гафари бул доордун мыкты кинематографисттери деп эсептелген жана алардын арасынан Исмаил Кушан “Фарсы фильмдери” аттуу ийримин ачып иран кинематографиялык фильмдерин жөнгө салып анын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Кырк бешинчи онжылдык: “Карундун кенчи” жана иран кинематографиясынын жаңы толкуну

1965-жылы Ганж-е гарун (Гарундун кенчи) кинотасмасын койгондон кийин Фарсы фильми мыктылыгы бааланып, Ирандын кинотеатрларында Ганж-е гарун кинотасмасынын оргуштаган толкуну башталган.  Бул кинотасма андан кийинки жылдарда толугу менен бир катар кайталанып көрсөтүлүп, 1969-жылы Гав ва Кайсар (Уй жана Кайсар) сыяктуу кинотасмалардын тарылуусу менен бир кыйла өзгөргөн жана “Иран кинотасмасынын жаңы толкуну” деген жаңы агым  түзүлгөн. Ал эми 1969-жылы “Балдар жана өспүрүмдөр интеллектуалдык өнүгүүсү” коомунун ачылышы менен иран кинематографиясынын калыбына келтирүү үчүн ыңгайлуу учур түзүлгөн.  ЮНЕСКОнун жогоруда аталган коом менен кызматташуусу Ирандагы балдарга арналган кинотасмаларды өнүктүрүп гана тим болбостон, Нураддин Заринкалактын Белгияда  иштеши  коомдун маданий дээңгелине абдан чоң таасирин тийгизген. 1971-1980-жылдарда “Балдар жана өспүрүмдөр интеллектуалдык өнүгүүсү” коому менен бирге алдыңкы режиссерлордун биргелешип кызматташуусу мамлекеттеги маданий деңгээлди кыйла көтөрүп, эзүүчүлүк, зордук-зомбулук,  жаштар арасындагы жат көрүнүштөр өзгөчө билимдүү калктын арасындагы көңүл ачуучу элементтерди кыйла азайткан. Сухраб Шахид Салес Аббас Киярустами, Хосроу Синияи, Камран Ширдел, Дариуш Мехржуи, Нассер Тагвай, Маасуд Кимиаи, Али Хатеми, Амир Надери, Фаридун Голе, Бахман Фарман Ара, Хосроу Хариташ, Парвиз Кимиаи жана башкалар… ошол жылдардагы иран кинемаографиясынын өңүгүшүнө зор салып кошуп, маанилүү кадамдардын жасаган инсандардын катарына киришет.

Революциядан кийинки кинематография

Революциядан кийин 1979-жылы кино — Чыгыш цивилизациясынын атрибуту катары элге зыян деп жарыялангандыктын Ирандагы бүткүл кинотеатрлар жабылган. Бирок убакыттын өтүшү менен өкүмөт кинематографиянын коомго  маанилүү экенин баамдап, жаңы идеологиянын байламтасы катары колдонууну чечишкен. Бирок 1979-1985-жылдары Ирандын кинематографиясы көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон. Көптөгөн чыгаан режиссерлор башка өлкөлөргө кетип калышкан, ал эми жаңы исламдык көз караштагы режиссерлордун (М.Махмалбам, М. Мажиди) тажрыйбалары али жетишээрлик тажрыйба топтой элек болушкан. Ошентип, 1983-жылдан кийин Революциядан кийинки мамлектте орногон калыптануудан кийин эзүүчүлүк, зордук зомбулук сыяктуу көрүнүштөрдү иран киносунан таптакыр алып ташташкан. Экинчи тараптан көптөгөн жеке кинотеатрларды жана киностудияларды мамлекетке конфискация болгондугуна байланыштуу, кино тартуу, андан пайда алуу жана башка сыяктуу иш аракеттерге кыйыр болсо да таасирин бербей койгон эмес жана иран кинематорграфиясынын иш аракети анчейин деле натыйжа берген эмес. Бирок, 50-он жылдыкта Аббас Киярустами, Бахрам Бизайии, Масуд Кимийяйи, Дариуш Мехржуи сыяктуу  мыкты өз  ишин жакшы билген режиссерлорду чыгаруу менен бирге иран киносунун өнүгүшүнө  оң таасир берип чектөөлөрдүн негизинде сапаттуу кинотасмаларды тартып, дүйнөлүк сынчыларды багынта алган. Бул доордо Мохсен Махмальбаф, Ибрахим Хатемикия, Жаафар Панахи, Мажид Мажиди, Абульфазалб Халили сыяктуу иран кинорежиссерлор  ар кандай тенденциялар менен кино тармагына аралашып, өзүлөрүнүн талыкпас эмгеги, билими жана кино тартуу искусствосундагы абдан бийик чеберчилиги жана таланттары менен кино тармагында абдан маанилүү орунга ээ болушкан. Андан тышкары мамлекеттеги жыл сайын өтүүчү “Фажр” аттуу эл аралык кино фестивалы да жаштардын киного болгон сүйүүнүсүн күчөтүп, кино тармагынын өнүгүүсүндө  зор маанини ээлейт. Иран кинемаографиясындаг эң чоң проект  деп Мухаммад РасулАллах кинотасмасын айтса болот.

Ирандагы  кинемаография билими

Иран жаштарынын киносу коому Ирандагы кинотасма тартуучу эң чоң коом, ал жерде 8 айлык кинотартуу ыкмасы курсу, ошондой эле кыска мөөнөттүк курстар өтүп турат, андан тышкары эл аралык кыска метраждуу кинотасмалар фестивалы да байма бай уюштурулуп турат.

Иран тасмаларындагы аялдардын орду

Ирандагы ислам революциясынан кийинки жылдарда Рахшан Бани Эттемад, Пуран Дарахшанде, Тахмине Милани, Маниже Хокмат, жана Самира Махмалбаф сыяктуу аял режиссерлер дээрлик активдүү иштешкен.

Ирандагы кинематографтар союзу

Кинотасма үйү Ирандагы эң чоң кинематографиялык союз болуп эсептелет жана ал жерде көптөгөн иран кинотасмалары тартылган.

Иран кинематографиясына болгон көз караштар

2002-жылы “Башу – кичинекей бейтааныш” жана “Бугу” аттуу кинотасмалар 55 мыкты кинорежиссер тарабынан сынга алынып, экөө тең бирдей деңгээлде Иран кинемаографиясынын тарыхындагы эң мыкты кинотасмалар катары таанылган. Так ушул сыноодо Иран тарыхындагы эң мыкты кинорежиссер деп тартиби менен төмөнкүлөр табылган.

Бахрам Бейази, Дариуш Мехржуии, Нассир Тагвай, Маасуд Кимияйи, Ибрахим Хатемикийя, Аббас Кийярустами менен Амир Надери (ага инилер), Али Хатеми, Бехруз Афхами менен Ибрагим Гулстан (ага инилер) ж.б.

Иран кинемаографиясынын эл аралык жетишкендиктери

  1. 2005-жылы Берлиндеги кинематография фестивалында эң мыкты режиссер наамын, табият жөнүндө үнсүз фильми үчүн Сухраб Шахид Салес “Алтын аю” сыйлыгын алган.
  2. Москва шаарында өткөн кинофестивалда Бахрам Бейазинин “Сапар” кыска метраждуу фильми сыйлыкка ээ болгон.
  3. 2007-жылы Берлиндеги кинематография фестивалында “Таш багы” фильми “Алтын аю” сыйлыгын алган.
  4. 1989-жылы Амир Надери тарабынан тартылган “Суу, шамал, топурак” аттуу фильми Францияда өткөн Уч континент фестивалынын гран призине ээ болгон.
  5. 1985-жылы Амир Надери тарабынан тартылган “Суу, шамал, топурак” аттуу фильми Францияда өткөн Уч континент фестивалынын гран призине ээ болгон.
  6. 1993-жылы Францияда өткөн Үч континент кинофестивалында Дариуш Мехржуиинин “Сара” аттуу фильми күмүш медал алган.
  7. 1997-жылы Локардодо өткөн кинофестивалда Жафар Панахинин “Күзгү” аттуу фильми “Алтын кабылан” сыйлыгына ээ болгон.
  8. 1996-жылы Францияда өткөн Үч континент кинофестивалында Абульфасан Жалилинин “Болгон окуя” аттуу фильми эң мыкты фильм номинациясына ээ болгон.
  9. 1995-жылы Францияда өткөн Канн кинофестивалында Жафар Панахинин  “Ак бадбадек” фильми “Алтын камера” сыйлыгына ээ болгон.
  10. 1997-жылы “Бейиш балдары” фильми эң мыкты фильм катары Оскар сыйлыгына ээ болгон.
  11. 1992-жылы Аббас Кийярустами Эмгектеринин жыйнактары үчүн Францияда өткөн Канндагы Роберто Росселлинин сыйлыгына ээ болгон.
  12. 1994-жылы Аббас Кийярустами “Зейтун дарагынын көлөкөсүндө” фильми үчүн Франциядагы Канн кинофестивалында “Алтын пальмасы” сыйлыгын лауреаты болгон.
  13. 1996-жылы Дариуш Хонжи “Эвита” фильми үчүн Оскар сыйлыгын эң мыкты кинооператор үчүн алган.
  14. Жафар Панахи “Айлампа” фильми үчүн “Алтын сүттүү куш” сыйлыгын алган.
  15. 1997-жылы Аббас Кийярустами “Гилас даамы” аттуу фильми үчүн Канн кинофестивалынын “Алтын пальма” сыйлыгына ээ болгон.
  16. 1997-жылы Мажид Мажидинин “Бейиш балдары” фильми көрүүчүлөрдүн баа берүүсү боюнча мыкты фильм деп табылып, 21-кинофестивалында (Монтреаль) “Дүйнөлүк чиркөө” сыйлыгына жана ардак грамотасына ээ болгон.
  17. 1997-жылы Парвиз Шахбазинин “Саякатчы” фильми Токиодогы кинофестивалда алтын медаль алган.
  18. 2000-жылы Бахман Габбади “Аттарды таптоо маалы” фильми үчүн Канн кинофестивалынын “Алтын камера” сыйлыгына ээ болгон.
  19. 2002-жылы Расул Садрамели “Мен 15 жаштамын” фильми үчүн Лондондо өткөн “Кино сынчылары” фестивалынын сыйлыгына ээ болгон.
  20. 2005-жылы Бахман Габади “Ташбакалар” фильми үчүн Берлинде өткөн эл аралык фестивалдын “Аю хрусталы” сыйлыгынын жеңүүчүсү болгон.
  21. 2007-жылы Аскар Фархади “Элли” фильми үчүн Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалынын “Күмүш аю” сыйлыгына ээ болгон.
  22. 2011-жылы Аскар Фархадинин “Надыр менен Симиндин ажырашуусу” фильми Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда “Алтын аю” сыйлыгын алган.
  23. 2011-жылы Аскар Фархадинин “Надыр менен Симиндин ажырашуусу” фильми Атайы чет элдик фильмдер кинофестивалында жеңишке жетишкен.
  24. 2012-жылы Аскар Фархадинин “Надыр менен Симидин ажырашуусу” фильми “Оскар чет тилдеги эң мыкты фильм” сыйлыгына ээ болгон.
  25. 2012-жылы Аскар Фархадинин “Надыр менен Симидин ажырашуусу” фильми Бодил жана Давид Ди Донателло премиясына татыктуу болгон.
  26. 2013-жылы Хосейин Шахаинин “Бактылуу күн” фильми Американын Чикагосунда 24-кинофестивалында мыкты фильм катары таанылган.
  27. 2013-жылы Парвиз Мажиддин эмгеги Индиядагы Кералда өткөн эл аралык кинофестивалда сыйлыкка ээ болгон.
  28. 2014-жылы Хосейин Шахаинин “Бактылуу күн” фильми Индиядагы Кералда өткөн эл аралык кинофестивалда сыйлыкка ээ болгон.
  29. 2016-жылы Шахаб Хосейининин “Сатуучу”фильми Канн кинофестивалынын “Алтын пальма” (мыкты эркек актер) сыйлыгын алган.
  30. 2016-жылы Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильмнамэси Канн кинофестивалынын “Алтын пальма” сыйлыгына ээ болгон.
  31. 2016-жылы Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильми Мюнхен кинофестивалынын сыйлыгына ээ болгон.
  32. Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильми Америкада өткөн кинофестивалда “Улуттук коом” сыйлыгына ээ болду.
  33. Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильми Австралияда өткөн кинофестивалдын “Эң мыкты Фарсы тилдүү фильм” сыйлыгын алган.
  34. 2017-жылы Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильми Оскар “Чет тилиндеги эң мыкты фильм” сыйлыгына ээ болгон.

Иран кинематографиясынын азыркы абалы

2013-жылы Ирандын 60 шаарында  247 кинотеатр иштеп, Ирандын шаарларынын 1081 аймагында кинтеатрлар жок болгон. Тегеран шаары Тегеран областы эң көп кинотеатр жайгашкан шаар жана аймак болуп эсептелет жана  ошол эле убакта Түндүк Хорасанда жана Кохгилуйе жана Бойер Ахмад аймактарында кинотеатр жоко эсе. 2012-жылы болжол менен 8,5 миллион адам Ирандын кинотеатрларына барышкан, ошентип ар бир ирандык ар бир 9 жылда бир жолудан кинотеатрга бараары маалым болду.

Эң көп кирешелүү иран кинотасмалары

2015-жылга чейин эң көп кирешелүү кинотеатрлар жана эң көп сатылган иран фильмдер деп “Мухаммад Расулуллах”, “Чычкандар шаары 2” жана “Азгындар” (сериал) кинотасмаларын айтууга болот.  Азыркы тапта режиссер Саман Могадамдын “Янтар кити 2” фильми эң көп киреше алып келген кинотасма болуп эсептелет.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс