Категория: Маданият — Published: 07/02 — 16:58
Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарындагы ирандыктардын «Имам Хомейни» атындагы мектебинде Ислам ыңкылабынын 41 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Бул туурасында «CA-IrNews» агенттигинин кабарчысы билдирди. Иш-чарага окуучулар, мугалимдер, Ирандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Саид Харрози, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми жана окуучулардын ата-энелери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө дипломаттар окуучуларды өлкөнүн маанилүү күнү менен куттуктап, окууларына ийгилик каалашты. Иш-чаранын соңунда Ирандын элчиси менен маданий өкүлү мыкты окуган окуучуларды сыйлуу белектер жана грамоталар менен сыйлашты.
Мындан 41 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга киргенден он күндөн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен. Буга байланыштуу Иранда 1-февралдан 11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленеп, ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.