Пятница , 18-Июнь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / ТИМ: Түркияда учак кырсыгынан жабыркаган эки кыргыз жаранынын абалы туруктуу

ТИМ: Түркияда учак кырсыгынан жабыркаган эки кыргыз жаранынын абалы туруктуу


Мекеменин маалыматына караганда, экөөнүн тең абалы туруктуу. Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, ал-абалын көрүштү.

«Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө 24 саат болушат, андан кийин ооруканада калтыруу же чыгаруу маселеси чечилет», деп билдирди министрлик.

Бул арада учак кырсыгынан өлгөндөрдүн саны үч кишиге жетти. Маалыматты Түркия Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады. Лайнердин эки учкучунун абалы оор.

5-февралда Стамбулдун «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунда «Pegasus Airlines» компаниясынын Измир-Стамбул каттамы боюнча учуп келген лайнери конуучу тилкеден чыгып кеткен. Ичиндеги 177 жүргүнчүнүн 130у жабыркаган.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс