Понедельник , 17-Февраль 2020
Башкы бет / Дүйнө / Коронавирустан дээрлик 500 адам каза болду

Коронавирустан дээрлик 500 адам каза болду


Маалыматка караганда, акыркы бир күндүн ичинде жаңы вирус пайда болгон Хубэй провинциясында 65 киши өлдү. Бул декабрдан бери бир күндүн ичинде эң көп адам каза болгон учур.

50 миллион адам жашаган Хубэй провинциясынын бир бөлүгү карантинге жабылган.

30-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун башка өлкөлөрдө жайылып жатканына байланыштуу эл аралык масштабдагы өзгөчө абал жарыялаган. Учурда башка мамлекеттерде вирусту 175 адам жуктуруп алганы кабарланууда.

Коронавирус өткөн жылы декабрда Хубэй провинциясынын борбору эсептелген Ухань шаарындагы жапайы жаныбарлар сатылган базарда пайда болгон деп болжолдонууда.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс