Понедельник , 6-Апрель 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Эми Кыргызстанда арзан иштеген өзбек, тажик мандикерлер патент төлөшөт

Эми Кыргызстанда арзан иштеген өзбек, тажик мандикерлер патент төлөшөт

Ушул жумада Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде тышкы эмгек миграциясы тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси каралды. Бул тууралуу Парламенттин  Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Пирматов тарабынан демилгеленген тышкы эмгек миграциясы тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып, жактырылды. Демилгечи депутат Исхак Пирматовдун айтымында учурда сырттан Кыргызстанга кирген эмгек мигранттары өлкө мыйзамдарына ылайык эки жол менен гана кире алат. Биринчи жолу, жумуш берүүчү ишкана, компания же жеке ишкердин чакыруусу менен келип, миграция кызматы берген квотанын негизинде аталган кызматка 10 миң сом төлөө менен иштей алса, экинчиси чет өлкөлүк жеке ишкер катары миграция кызматы берген квотанын негизинде иш жүргүзөт.

“Учурда кошуна өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын аймагында 60 күн визасыз жүрө алгандыктан,  алар өлкөдөгү талаа жумуштары, тигүү, курулуш тармактарында, чакан ишканаларда иштеп, мамлекетке бир тыйын акча төлөшпөйт. Бул учурда коррупциялык жагдайлар жаралууда. Андыктан, кошуна өлкөлөрдүн жарандары үчүн патент системасын ишке киргизүү туура болот. Мындай шартта өлкөгө кирген ар бир эмгек мигранты миграция кызматына ай сайын 500 сом өлчөмүндө акча төгүп, мыйзамдуу иштөөсүнө жол ачылат. Ошондой эле алардын укуктарын, коопсуздугун мамлекет коргоого алат” — дейт депутат Исхак Пирматов.

Мындан сырткары эл өкүлү бул мыйзам долбоору менен жергиликтүү бюджеттер жылына болжол менен 700 миллион сомго чейин киреше аларын белгилеп, бул мигранттардын коопсуздугу үчүн да кепилдик болорун кошумчалады.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс