Понедельник , 6-Апрель 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Бозо менен чычкан манты (манту) тууралуу

Бозо менен чычкан манты (манту) тууралуу

Негизи Кыргызстанда социалдык тармактын күчү бир топ эле. Ал жакта талкууланып жаткан маселелер, айтылган ойлорду аткаминерлер укпаса дагы аларга карап түздөнүшөт. Анда кеп башынан болсун.

Жакында эле «муфтият Кыргызстанда бозо ичүүгө тыюу салыптыр» деген таризде маалымат тарап, социалдык тармактарда, мессенджерлерде тим эл баса калып, үстөккө-босток эле жазып калдык. Аны түшүгөнүбүз деле, угуп алып эле адыраңдагандарыбыз да болду. Эң негизгиси «агымдан калбай» айтчу сөздү айтып калыш керек. Эң башкысы үн кошуп калыш керек. Бирок… Ошол, бирок деген жери бар. Ал маалыматтын чын-төгүнүн тактабай туруп эле баарыбыз урдуруп жибердик. Себеби Кыргызстанда дин темасы талкууга түшкөндө сөзсүз түрдө ал алоолонуп кетет, аягына чыкпайт. Критикалык ой жүгүртүү, талдоо, анализдөө деген нерсе бизге жетишпей турат. Азыркы кезде «ким биринчи жана катуу кыйкырып чыкса ошонуку туура» деген ой калыптанып баратат. Албетте ар бир адам өзүнүн оюн билдиргенге укуктуу. Тилекке каршы биз укугубузду аябай жакшы билебиз дагы ошол эле кезде милдеттерибизди билбейбиз, же билгибиз келбейт. Себеби укугуңду «качать» эткен милдеттен жеңил да. Анткени сен башкаларды күнөөлөйсүң, милдет маселесин көтөрсөк ал биздин өзүбүзгө түздөн түз тийиштүү да…
Ии, баса, бозону ичсе болбой турганын такыба мусулмандар мурда эле билсе керек. Ушул жерден айласыздан акын, жазуучу Oljobai Shakirдин бир ыры айласыздан эске түшөт:
Акылдуулар арак ичсе аш менен
Акылсыздар кирет ага баш менен
Акылдуу бол, акылсыз бол а бирок
Ашык ичсең тегеренет баш деген.
****
Чычкан манты жеген депутат тууралуу.
Депутат Алтынбек Сулайманов базарда манты жеп отурган сүрөтүн бири-бирибизден озуп бөлүштүк го чиркин… Аны да бөлүшүп жатканда «шайлоо жакындады», «элди эми ойлоп калыптырбы» деп бөлүшүп жаттык.
Бирок ага чейин эле «депутаттардын көзүн май басты», «элди теңине албайт» деп шыбап жатпадык беле. Анан минтип карапайы эл баскан жол менен басып, ошолор тамшанып жеп жаткан тамактан жейли деп жатышса да өзүбүз айкырып чыгып жатабыз. Бул жерде деле эптеп хайп жаратып калыш керек болду окшойт.
Эл өзү кандай болсо, ошондой башкаруучу келет дегендей, алгач өзүбүздөн баштайлычы. Укуктарды «качать» этпей, милдеттерибизди «качать» кылалы. Мамлекет же досум мага эмне кылды эле деп эмес, мен өзүм мамлекетке, досума эмне кылдым деп ойлонолу, ойлойлу.
Аяган чейин кунт коюп окугандар болсо «оки» деп коммент жазып коюңуз.

Rasul Murat.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс