Понедельник , 6-Апрель 2020
Башкы бет / Аналитика / Ислам революциясынын жеңиштеринин үзүрү

Ислам революциясынын жеңиштеринин үзүрү

Иран Ислам Республикасында  иран жылнамасы менен ар жылы 22 бахман (11 же 12-февраль) күнү Иран Ислам Революциясынын жеңиш күнү белгиленет.  Бул күн ирандыктар үчүн тарых барактарындагы эң маанилүү күн.

Ислам революциясынын жеңиштеринин натыйжасында Иран Ислам Республикасынын экономикасы болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти. Биринчиден, Аятолла Хомейни тилек кылгандай өлкөнүн экономикасы чет өлкөлүк ири мамлекеттердин кийлигишүүсүз, таасирисиз, өз алдынча өнүгүүгө багыт алды. Экинчиден, өлкөдөгү жаратылыш кен байлыктардан алган кирешелер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей баштады. Үчүнчүдөн, өндүрүштү өнүктүрүүдө дүйнөлүк жаңы технологияны колдонуу аркылуу эл чарбасын экономикалык пландоо ыкмасы менен исламдын негизинде адилеттүү бөлүштүрүү ишке ашырылууда.

Натыйжада бүгүнкү күндө Иран Ислам Республикасы дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулду. Алсак, 2013-жылы ички дүң продукциясын өндүрүүнүн көлөмү боюнча Иран дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн мамлекеттердин ичинен 27-орунду ээлеген (437 млрд. доллар)[1]. Бул көрсөткүч менен Иран дүйнөдөгү экономикасы эң күчтүү 30 мамлекеттин катарына кирген. 2013-жылы Иран мамлекетинин бюджети 453 млрд. долларды түзгөн. Өлкөнүн бюджетинин 60 пайызы мунайзатты сатуудан түшкөн каражаттан топтолуп, ал эми 40 пайызы салыктан жана башка булактардан толтурулат.

Иран дүйнөдөгү мунайзат, газ өндүрүүчү ири мамлекеттердин катарында туруу менен өнөр жайдын ушул тармагын өнүктүрүүдө тынымсыз иш жүргүзүп келет. Ирандын мунайзатын Кытай, Япония, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия мамлекеттери көп өлчөмдө сатып алышат. Ирандын мунайзат өндүрүп чыгаруу комбинаттарында күнүнө 4,2 млн. баррел чийки зат өндүрүлүп чыгарылат. Ал эми мунайзатты кайрадан иштеп чыгаруучу  заводдордун  кубаттуулугу күнүнө 200 миң тоннага ылайыкталган. Мунайзатты кайра иштетип чыгаруучу эң негизги Абадан (суткасына 65 миң тонна), Тегеран (суткасына 29 миң тонна) заводдору болуп эсептелет.

 

Ирандагы жаратылыш газынын көлөмү 33,1 трлн. кубометрди түзүп, дүйнөдө Россиядан кийинки экинчи орунда турат. Иран газы коңшу өлкөлөргө газ трубалары аркылуу жөнөтүлүүдө. Газды Түркия, Армения сыяктуу өлкөлөр сатып алышат.

Иранга дүйнө жүзүндөгү жер астындагы жаратылыш газынын 16 пайызы туура келет. Бул Кудурети күчтүү Кудайдын берген белеги. Аны туура, адамдардын керектөөсүнө пайдалануу исламдык башкаруунун бирден бир талабы. Иран мамлекети 2010-жылы 290 млрд. кубометр газ өндүрүп чыгарган, анын 7 млрд. кубометрин Түркияга экспорттогон.

Иранда көмүр, темир, жез жана башка кен байлыктарын өндүрүп чыгаруу боюнча көптөгөн ишканалар иштейт. Алар өлкөнүн эл чарбасынын керектөөсүнө жумшалат жана көп өлкөлөргө экспорттолот.

Ирандын Бажы башкармасынын маалыматы боюнча 2013-жылдын 21-мартынан 2014-жылдын 20-мартына чейин экспорт 41,6 млрд. долларга жеткен, ал эми импорт – 49,4 млрд. долларды түзгөн (бул маалыматтар газ менен мунайзатын эсептебегенде).  Эң негизги экспорттук соода байланыштарын түзгөн өлкөлөргө Кытай (7,4 млрд. доллар), Ирак (5,9 млрд. доллар), Бириккен Араб Эмираты (3,6 млрд. доллар), Индия (2,4 млрд. доллар), Афганистан (2,4 млрд. доллар), Түркия (1,4 млрд. доллар). Ал эми Иранга өз товарларын (импорт) саткан өлкөлөрдүн алдыңкы катарында: Бириккен Араб Эмираты (10,8 млрд. доллар), Кытай (9,6 млрд доллар), Индия (4,3 млрд. доллар), Түштүк Корея (3,8 млрд. доллар), Түркия (3,6 млрд. доллар), Швецария (2,1 млрд. доллар), Германия (2,1 млрд. доллар) турат[2].

Бүткүл дүйнөлүк экономисттердин форумунун маалыматы боюнча Иран мамлекети, сырткы сооданын көлөмү боюнча дүйнөдөгү 139 мамлекеттин ичинен 25чи орунду ээлеген. Бул багыт боюнча дүйнөлүк биринчи үч орунда – Кытай, АКШ, Германия, андан кийинки орунду – Индия, Түштүк Корея, Британия, Россия, Гонконг, Япония, Франция мамлекеттери алышкан. Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн ичинен Иран сырткы сооданын көлөмү боюнча Сауд Арабиясынан кийинки экинчи орунга татыктуу болгон. Ал эми мусулман мамлекеттеринин ичинен 3чү орунду ээлеген, (Малайзия жана Сауд Арабиясынан кийин[3].).

Иран Ислам Республикасы Ислам революциясы жеңгенден кийинки 36 жылдын ичинде дүйнөдөгү эң алдыңкы мусулман өлкөлөрүнүн катарына кирип, экономикалык өнүгүүсү тез жүрүүдө.

Ирандын жеңил өнөр жайы дагы Ислам революциясынан кийин өнүгүү жолуна түшкөн.  Колго килем токуу салты дагы эле болсо уланууда. Иран ууздарынын колго токулган кооз килемдери дүйнө жүзү боюнча эң мыкты деп бааланып, базарларда  сатылууда.

Иран Ислам Республикасынын айыл чарба тармагы дагы өнүгүү багытында. Өлкөдө негизинен буудай, арпа, күрүч, пахта, кант кызылчасы, кант тростниги, тамеки, чай, жаңгак, фисташкалар  өстүрүлөт. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө зарыл  суу каналдарын куруу, тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү (эт, сүт, балык), жер-жемиштерди кайра иштетүүчү заводдорду куруу иштери жүрүүдө. Иран дүйнө жүзүндө фисташка жана балыктын уругун (кара икра) чет өлкөлөргө экспорттоо боюнча алдыңкы орундардын биринде турат. Ал эми форелди өстүрүү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат[4]. Балык чарбалары жылына 700 миң тонна балык өстүрүп, дүйнөнүн 44 өлкөсүнө экспорттоп турат. Негизинен Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү, Ирак, Бириккен Араб Эмираты, ал тургай Испания, Италия, Норвегия жана Түркия мамлекеттери сатып алышат.

Ирандын бакчаларынан жыйналган түшүмдөр жылына 4 млрд. долларга чейин киреше алып келет[5]. 2014-жылы фисташканын түшүмү 235 миң тоннага жетип, 2013-жылга салыштырмалуу 17 пайызга өскөн.

Иран Ислам Республикасынын Конституциясынын 30-беренесинде: «Өкмөт бардык элге орто мектепти аяктаганга чейин акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгѳ жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн менчик күчтөрүнө таянган өлкө буга канчалык уруксат берсе, ошончолук кеңейтүүгө милдеттүү»[6] – деп жазылган. Республиканын негизги мыйзамында көрсөтүлгөн билим берүү тармагы мамлекеттин ички саясатындагы эң маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

1979-жылы Иранда жашаган калктын (6 жаштан жогоркуларынын) сабаттуулугу 25,5 пайызды түзсө, 1997-жылы жалпы элдин сабаттуулугу 79,5 пайызга өссө, 2002-жылга 80 пайызга жеткен. Ал эми, 1978–1979-окуу жылында орто мектептерде билим алган окуучулардын саны 7 миллионду түзсө, бул көрсөткүч 2001–2002-окуу жылында 18 миллионго жеткен.

Иран Ислам Республикасынын орто мектептеринде билим берүү өнүгүүдө. Азыркы күндө орто мектепте окуган окуучулардын 50 пайызын кыздар түзүүдө. Ирандын орто мектептеринде окуган кыздарга  өзгөчө мамиле жасалат. Ислам маданиятынын бирден бир баалуулугу болуп эсептелген хижабды, кыздар 12 жашка толгондон баштап кийип жүрүүгө милдеттүү. Андыктан кыздардын мектептердеги формасы дагы мусулман аялдар кийип жүргөн кийимдерге окшош болот. Алардын окуу программаларына Ы0йык Куранды окутуу киргизилген. Кыздар мектептен кийим тиккенди, тамак-аш жасаганды, кичине балдарга, кары-картаңдарга көңүл бөлүп, жардам берүүнүн жол-жоболорун үйрөнүшөт.

Иранда жетим балдар үйү, балдар жатаканасы деген түшүнүк жок. Балдар үй-бүлөдө ата-энесинин тарбиясында болуусу зарыл. Эгерде жаш балдар кандайдыр бир себептер менен ата-энесинен ажырап калса, анда аларды ага-туугандары багып алууга милдетүү.

Ирандын орто мектептеринде фарси, араб тилдеринен башка чет тилдер: англис, француз, немец тилдери да окутулчу, кийин Жогорку Межлистин чечими менен италия, орус жана испан тилдерин дагы окутууга уруксат беришкен.

2009-жылы Иран Ислам Республикасында 136 университет жана жогорку окуу жайы, 6 жогорку окуу жай борбору, «Паяме нур» университетинин (1988-жылы ачылган) 130 бөлүмү, «Азади» ислам университетинин (1983-жылы ачылган) 115 бөлүмү[7] жер-жерлерде жаштарга терең билим, татыктуу тарбия берүү багытында ийгиликтүү иш алып барган. Бул окуу жайларда дүйнөнүн 42 өлкөсүнөн келген 16 миң жаштар билим алышат. (Афганистан, Бириккен Араб Эмираты, Борбордук Азия, Россия, Батыш Европа ж. б.).

Ислам революциясынын жеңиштеринин натыйжасы катары өлкөнүн окуучуларына жана студенттерине көрсөтүлгөн социалдык жардамдарды айтууга болот. Шаардагы жогорку окуу жайларга билим алууга алыскы айыл жергесинен келген студенттер жатаканалар менен камсыз болушкан. Студенттердин көбүнө мамлекет тарабынан стипендия берилип, китепканалардын жана компьютердик класстардын мүмкүнчүлүктөрүнөн бекер пайдаланууга уруксат кагазын алуу, тамактанууда жеңилдетилген кредиттерди алууга шарттары түзүлгөн. Карапайым элдердин балдарына билим алууга мамлекет тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлүп келет.

Иран Ислам Республикасында жогорку окуу жайлардын санынын өсүшү менен билим алган студенттердин саны да көбөйүп, сапаты жогорулаган. Эгерде Ислам революциясына чейин өлкөдө 40ка жакын жогорку окуу жайы болсо 2014-жылы Иранда 2280 мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлары жаштарга билим берүү багытында жигердүү иштеп жатат. Бул жогорку окуу жайларда 4 миллионго жакын студенттер окушат.

Иран Ислам Республикасынын медицина тармагында иштеген илимпоздор адамдардын өмүрүн сактап калууда бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Мисалы, Шахид Бехешти атындагы университеттин дары-дармек жасоочу факультетинин илимпоздору «Дарса дару» компаниясы жана «Таван» илимий-изилдөө борбору менен бирдикте Варфаринди – операция учурунда канды коюлтууга жардам берүүчү дары ойлоп чыгарган.

Ошондой эле Иран дарыгерлери рак оорусуна,   грипп, сасык тумоого каршы, уруксуздукту дарылоочу жаңы дарыларды ойлоп чыгарып, турмушта пайдалануу боюнча дүйнөлүк фармакологдор менен ат салышууда. Мисалы, Тебриз университетинин дары-дармек жасоочу факультетинин доценти Судабе Даварандын нанотехнология багытындагы жаңы ойлоп табуулары дүйнөлүк дарыгерлердин чоң кызыгуусуна ээ болгон. 2008-жылы АКШдагы Кембридж университети ага «дүйнөдөгү илимпоз аялдардын мыктысы» деген наам ыйгарып, университеттин биографиялык борбору анын илимий макалаларын ХХI кылымдагы мыкты илимпоздорунун тизмесине кошкон.  Анын 35 илимий макаласы дүйнөнүн эң даражалуу деген журналдарына басылган. Ал Ирандагы «Рази» атындагы медицина илимдеринин барктуу сыйлыгына татыктуу болгон[8]. Судабе Даваран бүгүнкү күндө эки илимий ачылыштын үстүндө эмгектенүүдө. Биринчиси рак оорусунан айыктыруучу жогорку технологиялык жол менен дарылоонун ыкмасын изилдөөлөрдү, экинчиси, «Акылдуу» инсулинди ойлоп табуу багытында изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

2014-жылы Калифорния штатындагы Стенфорд университетинин профессору, 37 жаштагы иран улутундагы Марьям Мирзахани эл аралык Филдса сыйлыгынын ээси болгон. Ирандык илимпоз аял дүйнөлүк деңгээлдеги сыйлыкты «геометрия» илиминдеги жаңы ачылыштарды  үчүн алган[9]. Буга чейин да бул тармактарды терең изилдеген окумуштуу катары көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон[10]. Ошентип, Ирандык илимпоз аялдар дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошууда чоң ийгиликтерди жаратууда.

Бүгүнкү күндө Иранда 4 миңден ашык дары-дармектин түрү чыгарылып, өздөрүнүн элдеринин 95 пайыз муктаждыгын камсыз кылуу менен бирге жылына 70 млн. долларлык дары-дармектерди чет өлкөлөргө экспортко жөнөтөт[11].

Ирандын илимпоздорунун дүйнөлүк абройлуу илимий журналдарда жарык көргөн мазмундуу илимий макалалары менен патенттеринин саны жыл санап өсүүдө. «Ислам өлкөлөрүнүн илимий макалаларына шилтеме келтирүү деңгээлин изилдөөчү» борбордун маалыматында дүйнөлүк абройлуу журналдарга чыккан макалалардын саны боюнча 1998-жылы Ирандык илимпоздор дүйнө боюнча 52чи орунда болсо, 2012-жылы 19чу орунга көтөрүлгөн. Айрыкча, 2010–2012-жылдары Ирандын окумуштууларынын макалалары 57 мусулман өлкөлөрүндө жарыкка чыккан илимий эмгектердин жалпы санынын 23 пайызын түзгөн[12].

Илимий журналдарда жарык көргөн эмгектерди илимпоздор окуп, өздөрүнүн эмгектеринде пайдаланса, ал илимпоздун изилдөөсүн жактаган же сындаган шилтемелер көп болсо,   илимпоздун даражасы өтө жогору деп эсептелет. Өзгөчө илимий монографияларга, илимий конференцияларда жасалган баяндамаларга, жаңы илимий ачылыштардын жыйынтыктарына (патенттер), илимий макалаларга дүйнөлүк деңгээлде баалоо борбору атайын иликтөө жүргүзөт. Ирандын илимпоздору медицина, техника, физика, химия, биология тармактары боюнча дүйнөлүк илимпоздор менен ат салышууга жөндөмдүү абалга жеткен.

Иран Ислам Республикасы орногондон кийин илимий-техникалык өнүгүүгө абдан зор көңүл бурулган. Ирандын илимпоздору өздөрүнүн илимий ачылыштары менен дүйнөлүк илимге чоң салым кошууда. Дүйнөнүн белгилүү илимпоздору Ирандык окумуштуулардын жаңы илимий ачылыштарын колдоого алып, турмушта кеңири пайдаланууга шарт түзүп берүүдө. Мисалы, Ирандагы физика илиминин атасы деген атка ээ болгон профессор, доктор Сейед Махмуд Хесаби[13] физика тармагында көптөгөн ачылыштарды жасаган. Ал төрт тилде (француз, англис, немец, араб тилдеринде) эркин сүйлөгөн жана жазган. Тегеран университетинде атомдук реакторду изилдөөчү илимий борбор ачкан, Ирандагы биринчи метеорологиялык станцияны, обсерваторияны ишке киргизген. Ирандагы атомдон энергия алуу уюмун негиздеген. Ал бүткүл дүйнөлүк атомду изилдөө комитетинин мүчөсү, доктор С. М. Хесаби билимдеги жетишкендиктери үчүн Франция мамлекетинин «Де-Лежион д’Онор» (Ардактуу легион) орденине татыктуу болгон[14].

Ал физика илиминде бөлүкчөлөрдүн чексиздиги(теория бесконечности частиц) деген теорияны аныктап, профессор Эйнштейнден    көптөгөн кеп-кеңештерди алган.

Маданий багытта ислам дининдеги баалуулуктардын негизинде жаштарды адеп-ахлакка, ыйман-ынсапка тарбиялоону уюштуруу күч алган. Алар алгачкы жылдары эле Ислам революциясынын жеңиштерин даңазалаган документалдуу фильмдерди тартышкан. Мисалы, Х. Тагавинин «Эркиндик үчүн», Р. Шовейринин «Биз жеңген революция», А. Вихаринин «Чыныгы документ» аттуу фильмдери көрүүчүлөрдү революциянын жеңиштерин коргоого шыктандырып турган.

1950-жылы 12чи Эл аралык кинофестивалга режиссёр Санаи «Жашасын революция!» деген көркөм фильми менен катышкан[15].

Кино тартуу чеберчилиги менен кинорежиссёрлор Мажид Мажидин[16] жана Аббас Кияростам[17] жана Мохсен Махмалбаф дүйнөлүк деңгээлдеги кинорежиссёрлору менен тең тайлашып эл аралык сыйлыктарга татыктуу болушкан.

Акыркы мезгилде Ирандын таланттуу кинорежиссёрлору Б. Габади, М. Фаримзаде, Ш. Лорестани, М. Караматини, Х. Масуми аял – кинорежиссёр Рехшан Бани Этемад, жаш кинорежиссёрлор С. Агаханинин, Ф. Мусавинин кинолору коомдогу болуп жаткан чындыкты туура чагылдырып, кээ бир мекемелердеги ислам дининин баалуулуктарынын негизинде жаштарды ыймандуулукка тарбиялоого багытталган иштерин жүргүзүшкөн.

1980-жылдан баштап революциячыл театрлардын Фестивалы өткөрүлө баштаган. Ирандын театрларында коюлган оюндар Ислам революциясынын жеңиштерин даңазалаган «Америкага өлүм» (автор Н. Алланух), «Империализмге каршы кербен» (автор Р. Садеги), «Кандуу кагылышуу» (автор А. Барахчи), «Бетме-бет» (автор М. Устода) аттуу драмалар көрүүчүлөрдүн революциялык көз карашын калыптандырууга жардам берген[18].

Байыркы Персиянын сүрөтчүлүк өнөрүн улаган таланттуу калемгердин катарына Махмуд Фаршчиянды кошууга болот. Анын миниатюралары Европа, Азия жана Американын белгилүү музейлерине коюлуп, бир нече жолу эл аралык сыйлыктарга татыган. Сүрөтчүнүн көркөм чыгармаларында персиялык миниатюралардын улуттук салттуу көркөм ыкмасы билгичтик менен колдонулган. Анын эң мыкты деп эсептелген сүрөттөрү 2008-жылы топтолуп, өзүнчө альбом катары жарык көргөн.

“Ислам Революциясынын жеңиш күнүнө” карата “Иран кинотасмалары” күндөрү

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү Иран Ислам Революциясынын жеңиш күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы жана Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университети менен биргеликте 2020-жылдын 11-14-февраль күндөрү “Иран кинотасмалары күндөрүн” өткөрөт. Анда Хомаюн Асадияндын “Алтын жана жез”, Реза Миркариминин “Жөн гана”, жана Негар Азербайжанинин “Нарцисс мезгили” көркөмтасмалары 11-12-февралда А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кинозалында, ал эми Наргес Абьярдын “Дем алуу”, Хомаюн Асадияндын “Алтын жана жез” жана Негар Азербайжанинин “Нарцисс мезгили” көркөмтасмалары 14-февралда Ош мамлекеттик университетинин чоң залында жалпы бир тууган кыргыз эли жана кино сүйүүчүлөр үчүн тартууланмакчы.  Иран кинотасмалары – жөнөкөй, бирок өзүнө абдан терең тарыхты, маанини камтыган тасмалар, алар ааламга башка көз караш менен карап, күнүмдүк турмуштагы эң жөнөкөй нерселерди баалай билүүгө, мээримдүү, жөнөкөй жана карапайым болууга чакырат. Иран кинотасмалары – бул кооздукка, мээримге, чынчылдыкка, ак ниеттүүлүк менен пакизалыкка чакырган тасмалар.

Андыктан, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин маданий өкүлчүлүгү  Бишкек жана Ош шаарларында жашаган бардык тургундарды, кино сүйүүчүлөрдү жогоруда аталган көркөм тасмаларды келип көрүүүнүздөрдү чакырат.

                [1] Бул статистикалык маалымат БУУ менен Эл аралык Валюталык Фонддун эсептөөсүнөн алынды. Караңыз. Интернет сайт. www.ved.gov.ru/expotcountries/ir/aboutir/ecoir.

                [2]Аталган эмгекте интернет сайтта.

                [3]Понкратенко И. Көрсөтүлгөн интернет сайтта.

                [4] рhh: //iran.ru, 25-декабря 2014. №1262555.

                [5] рhh: //iran.ru, 25-декабря 2014. №1262552.

                [6]Иран Ислам Республикасынын Конституциясын түзүү. – АльХода.: 2011. 36 б.

                [7]Мамедова Н. М. 30 лет исламского правления в ИРИ – основные итоги. В кн.: Тридцать лет исламской революции в Иране. Сборник статьей российских и иранских ученых. – М.: Пробел. 2009.с.102.

                [8]Амердинова М. М. Идеи Имама Хомейни о значении женщины и место женщин в развитии мировой науки. // Вестник КГУ им. И. Арабаева. 2014. с.43

                [9] Эл аралык Филдса сыйлыгы 1936-жылдан баштап математика илиминдеги жаңы ачылыш жасаган илимпозго ыйгарылып келет. Ар бир төрт жылда Эл аралык математиктердин Кеңеши тарабынан жактырылган илимий эмгекке Эл аралык конгрессте алтын медаль, 14 миң АКШ доллары менен салтанаттуу тапшырылат.

                [10]Иранка – первая в мире женщина – обладательница премии Филдса.«Шелковый путь», «Жибек Жолу». Бишкек, 2014. № 6. с. 28.

                [11]Хедаяти А. Р. Исламский Иран на пути развития. В кн.: Тридцать лет исламской революции в Иране. 2009.  С.116.

                [12] // Жибек жолу. №6. с. 10–17.

                [13] Хесаби С. М. 1902-жылы Тегеранда төрөлгөн. 7 жашында Бейрутта франциялыктардын колледжинде, кийин америкалыктардын мектебинде окуп, билим алган. Үйдө атасынан фарси, араб тилдерин үйрөнүп, Ыйык Куранды жатка билген. 17жашында адабият факультетин, кийин курулуш инженери деген диплом алган. 1924-жылы Францияда Жогорку электротехникалык окуу жайды бүтүрүп, доктор деген наамга татыктуу болгон.

                [14]// «Жибек Жолу» (Шелковый путь). Культурно-литературный альманах. Культурное представительство при посольстве ИРИ в Кыргызстане. №6. (достижение иранской науки). с. 4–7.

                [15]Авдеева Л. Е. Влияние духовного наследия Имама Хомейни и идеалов исламской революции на культурную жизнь современного Ирана (1979–2009). В кн.: Тридцать лет исламской революции в Иране. – М.: 2009. с. 288.

                [16] Маджидин М. 1998-жылы Оскар номинациясына ээ болгон.

                [17] Кияростам А.1997-жылы «Алга» фильми Канн Эл аралык кинофестивалда «Алтын Пальма» сыйлыгын  жеңип алган.

                [18]Авдеева Л. Е. Аталган эмгекте. с. 292–293.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс