Понедельник , 6-Апрель 2020
Башкы бет / Аналитика / Саид Харрази: “Тегеран-Бишкек”авиакаттамынын кайра жанданышы, соода-экономикалык,туристтик кызматташтыкты өнүктүрөрүнө ишенем”

Саид Харрази: “Тегеран-Бишкек”авиакаттамынын кайра жанданышы, соода-экономикалык,туристтик кызматташтыкты өнүктүрөрүнө ишенем”

Категория: Аналитика — Published: 03/02 — 20:22

3-февралда Иран Исалм Республикасы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгында жаңы барак ачылды десек болот. Себеби бул күнү 12 жылдык тыныгуудан кийин эки өлкөнүн ортосундагы Тегеран – Дүйшөмбү – Бишкек – Тегеран авиа каттамы алгачкы ирет жүргүнчүлөрдү тейледи.

Биринчи ирет самолеттун бортунда Тегерандан Бишкекке сегиз жүргүнчү учуп келди. Аларды аэропорттон Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрази, ирандык «VareshAirlines» авиакомпаниясынын өкүлдөрү  Мухаммади жана Мухиди мырзалар, КРнын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жана башка адамдар тосуп алышты.

Иран элчисинин айтуусунда, Тегеран менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамынын ачылышы КРнын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги жана ирандык «VareshAirlines» авиакомпаниясынын өкүлдөрүнүн талбай эмгектенүүсүнүн натыйжасы болду. «Келечекте жүргүнчүлөр менен туристтердин саны көбөйүп, бул эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгына оң таасирин тийгизет деп ишенебиз», — деди Харрази.

Ал эми Курманбек Акышевдин билдирүүсү боюнча, бул авиакаттамды калыбына келтирүү процесси өтө узакка созулду жана жөнөкөй болбоду. Себеби тараптарга баардык техникалык, юридикалык жана жана башка жагдайларды макулдашууга туура келди. “Бир нече раунддук сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал үч айга созулду. Мындан тышкары тажик тарап менен да бир катар маселелерди макулдашууга туура келди”,- деди ал.

“Бул түз каттам алгач биздин жана ирандык жарандарга убакыт менен каражатын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Эгер мурда Кыргызстандан Иранга самолет менен баруу үчүн БАЭ же Түркия аркылуу учуш керек болсо жана бул бир суткага жакын убакытты талап кылса, мындан ары үч саат гана убакыт талап кылынат. Азыр дагы бир – Мешхед-Бишкек-Мешхед аба каттамын ачуу пландаштырылууда жана ал май айында ишке ашырылмакчы”,- деди Акышев.

Бүгүнкү алгачкы аба каттамына байланыштуу жүргүнчүлөр салтанаттуу тосулуп алынып, ар бирине кичинекей белектер тапшырылды.

Мындан мурда, 1-февралда Бишкектеги “Орион” мейманканасында Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы авиа каттамынын кайра жанданышына байланыштуу расмий иш чара болгон. Анда билет баасы алгач бир тарапка $250 жана эки тарапка  $500 болору айтылган. Кийинчерээк билет баасы арзандатылары да кошумчаланган.

Башкача айтканда, Тегерандан учкан самолет алгач Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына түз учуп, андан соң Бишкекке багыт алат (Тегеран-Дүйшөмбү-Бишкек). Ал эми Бишкектен Тегеранга түз учат. Жүргүнчүлөр 5 кг. кол жүгүн жана багажда 20, эгер андан ашык болсо, 30 кг.га чейин жүгүн бекер ташый алышат.

Аталган мейманканадагы расмий ачылышта Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Элчиси Саид Харрази мырза өзүнүн дипломатиялык миссиясы ушундай жагымдуу жаңылык менен башталгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолгон: “Урматтуу бүгүнкү кеченин катышуучулары, мен баардыгыңыздарды алтындай убактыңыздарды бөлүп, биздин иш чарага катышып жаткандыгыңыздар үчүн рахмат айткым келет. Бул күндөрү Иранда Ислам революциясынын жеңиш күнү белгиленүүдө. Ушундай салтанаттуу окуянын алдында Иран менен Кыргызстандын ортосунда баардыгыбыз көптөн күткөн аба каттамынын 12 жылдык тыныгуудан кийин кайра жанданып жатышы эки эсе кубанычтуу окуя деп эсептеймин. Ошондой эле менин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиямдын бул окуя менен башталып жатышы жеке мага да кубаныч тартуулоодо. Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан Иран үчүн өтө маанилүү өнөктөштөр болуп саналат. Себеби биздин бири-бирибизге өтө чоң пайдалуу мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Андыктан биз бул жагдайды туура пайдаланышыбыз керек. Тилекке каршы Иран менен Кыргызстандын чек арасы жок. Ошондуктан транспорт, болгондо да аба каттамы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан тышкары бул тармак туризм менен соода-сатыкты өнүктүрүүгө да жардам берет деп үмүттөнөбүз. Биз бул каттамды кайра жандандыруу үчүн узак убакыт талбай иштедик. Ооба, Иран менен Кыргызстандын ортосунда виза аркылуу катташуу жобосу бар. Ал эми биз виза берүүнүн жол-жоболорун жеңилдеттик. Эми жарандарыбыз 3-4 күндүн ичинде электрондук кат аркылуу виза ала алышат. Мындан башка да тоскоолдуктарды азайтуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Мен учурдан пайдаланып бүгүнкү кечеге катышып отурган Мухидин мырзага жана кыргыз тарапка ыракмат айтып кетем. Себеби баардык жумушту алар аткарышып, үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Мен бүгүн КРнын тышкы иштер министринин кабыл алуусунда болдум. Министр Чыңгыз Айдарбеков мырза да бул аба каттамынын жанданышын колдоого алды”,- деди элчи мырза.

Андан ары сөз сүйлөгөн КРнын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев буларга токтолду:  Урматтуу элчи мырза, кеченин катышуучулары, он жылдан ашык мезгилден кийин эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамынын кайра жанданып жатышы өтө чоң окуя болуп саналат. Ооба, бул аралыкта Кыргызстан менен Ирандын ортосунда жүк ташыган гана учактар каттап турду. Ал эми жүргүнчүлөр учагын кайра жандандыруу үчүн биз бир нече ирет жолугушуп, көптөгөн жагдайларды макулдаштык. Мисалы, 2019-жылы декабрь айында Тегеранда өкмөттөр аралык комиссиянын жүрүшүндө көптөгөн маселелер чечилди. Тилекке каршы, каттамдын ишке ашуусунан шек санагандар да болду. Эми баардык ошол кыйынчылыктар артта калды.

Мындан ары ирандыктар менен башка багыттарда да иштешмекчибиз. Элчи мырза белгилегендей, бул каттамдын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы туризм жана соода-сатыктын өнүгүүсүнө салым кошмокчу. Кыргызстан тараптан да жергиликтүү авиакомпания каттамдарды аткармакчы. Сөзүмдүн аягында Элчи мырзаны жана бүткүл иран элин Ислам революциясынын жеңишинин 41 жылдыгы менен куттуктаймын”,- деди ал.

Кийинки сөз кезеги тийген Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Данил Ибраев Тегеран-Бишкек түз аба каттамы бир гана эки өлкөнүн соода-экономикалык, туризм тармагына эмес, бүтүндөй ЕАЭБ менен Ирандын карым-катнашына салым кошорун белгиледи: “Бүгүнкү дасторкондо отурган коноктор эки өлкөнүн узак жана талыкпаган сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасынын күбөсү болушууда. Биз ар кандай тоскоолдуктарды жана бюрократияны жоюу үчүн Тегеранда да болдук. Өз кезегинде бул Иран үчүн Евразия аймагына кирүү болуп саналат. Эми мындан ары иран товарлары бүтүндөй Евразия рыногунда сатылмакчы”,- деди ал.

Ал эми «VareshAirlines» авиакомпаниясынын өкүлү Мухаммади мырзанын айтуусунда да бул үч тараптуу жана талыкпаган эмгектин үзүрү болуп саналат: “Мен эң оболу ар кандай жакшы иштин артында түмөн түйшүк турарын белгилеп өткүм келет. Ал эми ошол эмгек ишке ашканда, баардык кыйынчылыктар унутулуп, артта калат. Биз үч тарап үч мамлекетке тең бирдей пайдалуу болгон жумушту жасап жаткандыгыбыздан шек санабаймын”,- деди ал.

Аталган ирандык авиакомпаниянын дагы бир өкүлү Мухиди мырза өз сөзүндө буларга токтолду: “Мен бул тармакта 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келатам. Чындыгында биз узак убакыт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үч күндө 45 беттик документке кол койдук. Биз мындан мурда, алты ай илгери Ирандын Тажикстандагы жаңы элчиси дайындаларга тушташ Тегеран-Дүйшөмбү аба каттамын жүргүзгөн элек. Андан бери бул эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү үч эсеге жогорулады. Бүгүнкү иш чара да Ирандын Кыргызстандагы жаңы элчиси Саид Харрази мырзанын дипломатиялык миссиясынын башталышына туш келүүдө. Андыктан Иран менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү да ушундай көлөмдө өсүшкө ээ болоруна ишенем.

Себеби биз жүргүнчүлөрдү ташуудан тышкары бизнес чөйрөсүндө да иштешүү үчүн келдик. Ал эми аба каттамын ачуу ошол максатыбызды ишке ашыруунун өбөлгөсү болуп саналат. Азыр Бишкектен Мешхедке түз аба каттамын ачуунун үстүндө да иштешип жатабыз. Албетте, өз кезегинде Ирандан Кыргызстанга инвесторлорду тартууга да убада берем”,- деди ал.

Эмилбек Момунов.

http://www.ca-irnews.com/kg/analytics-kg/81438-%D1%81%D0%B0%D0%B8%D0%B4-%D1%85%D0%B0%D1%80%D1%80%D0%B0%D0%B7

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс