Суббота , 27-Февраль 2021
Башкы бет / Досье / Популизмдин дагы чеги бар

Популизмдин дагы чеги бар

Ош шаарынын бул долбоору накта популисттик аракет. Ош мэрин эл мактап атат. Рахматын айтып жатат. Ыраазы болуп атышат. Баары болбосо да элдин көпчүлүгүнүн баасы жакшы. Демек Ош мэри азыр популисттик долбоорлорго муктаж эмес.

Анда Ош шаарынын беш дарбазасына 5 стела курууга эмне зарылчылык болду? Бул кимдин идеясы? Ошол беш стеланын ордуна 1 бала бакча курсак болбойбу? Менин бир да балам бала бакчага баткан жок мисалы. Шаарда мендейлер канча? Расмий маалымат боюнча шаардагы балдардын 60%ы бала бакчага барбайт. Менин баамымда 90% бала бала бакчага батпай жүрөт.

Болбосо ошол 5 стеланын ордуна 5 тротуар курулса кандай болмок? Андан көрө 5 тротуарды кайтарып, ачып, чекчейтип куруп койбойлуб? Ош шаарында баштан аягына чейин толук тротурары бар бир да көчө жок мен билгенден. Ошону билесиңерби? Бир да тротуар толук бир көчөнү аягына чейин коштобойт. Шаар деп көкүрөк каксак алдыбызда киши туралбайт. Толук тротуары бар бир көчө жок отуруп, стеланы эмне кылабыз?

Ансыз деле Ош шаарынын үч тарабында үч гилтейген эстелик турат го. Ошол бизге жетпей жатабы?

Же беш стела курулса, Ош жаандан коркпой калабы? Ошто таза суу токтоосуз чыгып калабы? Оштун бөйрөгүндө турган Учарга, Жапалакка, Озгурга, Он адырга, Дачага таза суу али жете элек. Президент үч жылдан бери аймактарды өнүктүрүү жылы дейт. Стела курса эле аймактар өнүгүп кетпейт. «Шаарга беш стела курулуптур, эми барбасам уят го» -деп, таза суу Учарга өзү барбайт. Он-Адырга өзү барбайт. Дачага, Жапалакка, Озгурга суу өзү жетпейт.

5 стела курулса, Ош коопсуз шаардын талаптарына жооп берип калбайт. Ош шаарында коопсуз шаардын талабына жооп берген бир да көчө жок билсеңер. Жол белгилерге анализ жасала элек. Үч линиянын бири да бош эмес. Эки четине машиналар «ёлочка» болуп коюлат. Ошондо ортодо толук бир линия таза калбайт. Анан бүт машиналар бир сызыкты минип алып жүрөт. Бир дагы өлкөдө мындай эреже иштебейт. Зарыл жерде жок жол белгиси зарыл эмес жерде турган учурлар ондоп саналат. Этең камералар иштеп, коопсуз шаар күчүнө киргенде баарыбыз айыппул төлөп ит болобуз. Айыппулдан башыбыз чыкпай калат. Тиги депутат Зулпукаровдун агасы, Оштун МАИсинин башчысы Шайырбек мырза менен Ош шаарынын башчысы Таалайбек мырза ошону ойлоп атышабы?

5 стела курулса, автотыгын азайып калбайт да. Ошол 5 стела курганча көр ичеги көчөлөрдү ачсаңар боло? Эмнени күтүп, эмнени ойлонуп атасыңар? Эмнеге буйдалып атасыңар? Деги айткылачы ошону. Оштун айланма жолу не болду? «Т» дан түз кирген жол качан башталат?

5 стела курулса, таштандылар батыраак чыгарылып калбайт. Ош тазалыктын машинеси жетишпей жатат дешет. Ошко тралейбустардын каттамын көбөйтсө болот эле. аз болсо да аба тазарат эле. Ал жагы эмне болуп атат?

5 стела курулса Оштун экологиясы оңолуп калабы? Жалил бактарды кыйып, үй куруп салган эле. Башка жерлерге бак тикпейлиби эми?

Ушул маселелерди ошол «беш стела» чечип койсо кана эле. Эмне маселе чечилет? Стела кимдин курсагын тойгозот?

Азыр мен Чехияда жүрүп, Прагадан адеп чыгып-кирип атам, Прага деген бир стелены байкабадым. Шаарга киргениң да чыкканың да байкалбайт. Шаар эмес, Чехиянын чегинен Германияга киргениң деле билинбейт экен өтө назар салбасаң.

Бизде ушул бөлүнгөн ит адатыбыз бар экен. Шаардан чыксаң тилтейип Кара-Суу району деп жазылып турат. Андан 300 метр өтсөң Ноокат деп жазылып турат. Ноокаттын ашуусунда Кош келипсиз Ноокатка, Кучагы толгон ооматка деп дагы бир жазуу турат. Кара-Суу жакка карап айдасаң ал жакта дагы ошол ит оору. Кара-Суунун ичинде баратсаң да Кара-Сууга куш кел деген жазууларды ар жерден көрөсуң. Ал жөн эле жазуу болсо мейли эле. Тим эле Германияны бир кара-Суу же Ноокат өзү жеңип келгендей гилтейген жазууларды жасашат. Же анын көркү болсо кана?

Кыскасы бул демилгени мен кабыл алалбайм.

Ydyrys Isakov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс