Четверг , 17-Июнь 2021
Башкы бет / Дүйнө / Иран Ислам Республикасынын илимий иштер тармагы дүйнөдөгү эң мыкты 15 мамлекеттин катарына кирди

Иран Ислам Республикасынын илимий иштер тармагы дүйнөдөгү эң мыкты 15 мамлекеттин катарына кирди

Ислам илимий дүйнөсү(ISC) борборунун статистикалык жыйынтыгынын негизинде Иран Ислам Республикасы алгачкы жолу илимий иштерди чыгаруу боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 15 мамлекеттин катарына кирди. Ислам илимий дүйнөсү  (ISC) борборунун статистика бөлүмүнүн адиси Мухаммад Жавад Дехганинин берген маалыматы боюнча Иран Ислам Республикасынын Жогорку окуу жайлары менен университеттеринин даанышмандары, мугалимдери жана илимий изилдөөчүлөрү мурункудай эле улуу жол башчынын көңүлү университеттердеги илимий-изилдөөгө көбүрөөк көңүл бурулганын айтат.  Алар илимдин өнүгүүсүнө  өтө чоң маани беришет.

Ал мамлекеттин негизги илимий изилдөө чечимин илим изилдөө жана технология, саламаттыкты сактоо жана  медицина жана башка министрликтер  кабыл алып өлкөдөгү эң негизги көңүл бурулган тармак болуп эсептелеэрин айтты.Ал мамлекеттин университеттеринде эмгектенген профессорлор, мугалимдер жана илимий комитеттердин мүчөлөрү менен жолугуп алардын илим тармагында болгон жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн, биз илимдеги жетишкендиктерди колдонуп эл тим болбостон, илимий жаңы ачылыштарды да көбүрөөк жасап, буга болгон күч аракеттерди көптөн көп жумшоо керек экени жөнүндө баяндады. Ал эми кийинки маалымат мамлекеттеги даанышмандардын илимий ачылыштарды жасоого болгон көңүл буруусу жанаИран Ислам Республикасынын илимий ачылыштардагы кадыр-баркы, беделдери берилген.

Илимдин вебсайтынын (WOS)акыркы берген анализи боюнча, 2018-жылдын биринчи алты айында Иран Ислам Республикасынын илимпоздору илимий изилдөөлөрдү жана ачылыштарды жасоодо абдан мыкты натыйжаларды алышкан.

Ал эми илимий маалымат академиясынын ISI акыркы статистикасына ылайык Иран Ислам Республикасы Ислам дүйнөсүндө илимий иштерди жасоо боюнча биринчи орунда туруп, ислам дүйнөсүндө жасалган илимий иштер менен ачылыштардын 22% көбү Иран Ислам Республикасына таандык болгон.

Андан тышкары Иран Ислам Республикасы алгачкы жолу Илимий маалыматтар академиясына 25 500 илимий иш жөнөтүп, дүйнөдөгү мыкты илимий иштерди жасаган эң алдыңкы 15 мамлкеттин катарына кире алды.

2018-жылдын биринчи жарымындагы  Ислам мамлекеттериндеги мыкты илимий ачлыштарды жаратуу салымдары

Илимдин вебсайтынын (WOS) статистикасына ылайык 2018-жылдын биринчи жарымында Ислам мамлекеттеринде Иран 22.3%, Турция 16.2%,  Сауд арабия 8.4%, Малазия 7.8%, Египет 7.5%, Пакистан 7.4%, Индонезия4.6%, Тунис 2.7%, Нигерия2.3%, Алжир 2.2% эң мыкты делген илимий иштерди, ачылыштарды жасашкан.

Жогоруда берилген көрсөткүчкө ылайык Иран Ислам Республикасы 22.3% менен 53 Ислам мамлекеттеринин арасынан илимге эң көп салым кошкон мамлекет катары таанылган.

2018-жылдын биринчи 6 айында  дүйнөдөгү эң мыкты илимий жетишкендиктерге ээ болгон 20 мамлекет

2018-жылдын биринчи алты айында Илимдин вебсайтынын (WOS) статистикасына ылайык дүйнө жүзү боюнча эң мыкты илимий жетишкендиктерге ээ болгон 20 мамлекет тердин арасында Иран Ислам Республикасы алгачкы жолу 25500 илимий изилдөө иштерин каттоодон өткөрүп, 15 мыкты өлкөнүн катарына кирди. Ал эми Ирандан кийинки орундарды Россия, Швейцария, Швеция, Турция жана Польша 16ынчы орундан 20нчы орунга чейин ээ болушту. Америка Кошмо Штаты, Кытай, Англия, Германия жана Индия да тартиби менен 322020, 216893, 83322, 74219 жана 54764 илимий иш каттап WOS илиммдин вебсайтында тартиби менен 1ден 5 ке чейинки алдыңкы орундарга ээ боло алышкан.

  2018-жылы биринчи алты айдагы  Иран Ислам Республикасынын алдыңкы илимий иштер чыгарылган тармактары

 

2018-жылы инженерия, химия жана материал таануу илими тармактарындагы окумуштуу изилдөөчүлөр илимий иштер менен ачылыштарды жасоод эң көп салым кошушкан. Жогоруда берилген көрсөткүч Иран Ислам Республикасынын эң мыкты даанышмандары, илимий изилдөөчүлөрү берилген. Жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөгү он тармак Ислам Республикасынын эң мыкты тармактары, анткени булар илимий изилдөө, илимий ачылыштарда эң мыкты жана абдан көп салым кошушуп, эң мыкты сыйлыктарга ээ болушкан. Ал жетишкендиктер инженерия илиминде 21.064%, химия илиминде 14.261%, материал таануу илиминде 9.451%, физика илиминде  9.063%, компьютердик технология илиминде 5.056%, математика илиминде 5.049%, илимий технологиялар жана башкалар 4.524%, экология жана жаратылышка көз салуу илими 4.081%, фармацевтика илимдери 3.787%, отун энергетикалык тармак 3.603% жетишкендиктерге ээ болушкан.

Инженерия, химия,материал илими, физика илимдери биригип  53.8% жетишкендиктерге ээ болушкан, башкача айтканда  2018-жылдын алгачкы алты айында  жогоруда аталган тармактарда эмгектенген илимпоз, даанышмандар мамлекеттеги илимий изилдөөлөр менен илимий ачылыштарыдн барынан 50% ашык илимий изилдөө иштерин, илимий ачылыштарды жасашкан.

Ал эми Иран Ислам Республикасында илимий иштерди жана ачылыштарды жасоо жумалыгын өткөрүү салтка айланган.

Илимий изилдөө жумалыгынын тарыхы жана максаты 

Иран жылнамасы менен 1379-жылы (2000-жылы) Илим, технология жана илимий изилдөө минстрлигинин  илимий изилдөө маданиятын өркүндөтүү максатында, жылдын азар айынын акыркы (төртүнчү) жумасын башкы коомдук маданий совет тарабынан“Илимий изилдөө жумалыгы”  деп жарыяланган. Андыктан аталган жумалык жыл сайын күз айындаИлим, технология жана илимий изилдөө минстрлиги тарабынан университеттер, уюмдар, фонддор, институттар, борборлор илимий изилдөө жана технология тармагында иш алып барган мекемелер менен биргеликте  ар кандай программаларды өткөрүп, мыкты жетишкендиктер үчүн сыйлыктарды ыйгарып келет. Ал эми жумалыктын максаттары: илимий изилдөө борборлорунун илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, эң мыкты илимпоздорду, илимий иштерди жана ачылыштарды аныктоо, илимий изилдөөчүлөр арасында кызматташууну чыңдоо жана башкалар.

2019-жылы Маданият жана ислам байланыштары уюмунун “Илимий изилдөө жумалыгына” карата өткөзгөн иш-чарасы

2019-жылы Илимий изилдөө жумалыгы Маданият жана ислам багыты министри Сейид Аббас Салехи, Маданият жана ислам байланыштары уюмунун жетекчиси Абузар Ибрахими Торкамандын катышуусу менен болуп өттү. Анда Маданият жана ислам байланыштары уюмундамаданият жана эл аралык  бөлүмдөрдө эмгектенген адистер, изилдөөчүлөр катышышып, бир нече тармакта мыктылардын мыктысы аныкталды.

  1. Китеп тармагы

Сейин Хасан Сахаттын “Улуттук брендинг: коомдук жана расмий дипломатиянын улуттук кызыкчылыкта таасирдүү жана нтыйжалуу өз ара аракеттенүүсү” аттуу китеби үчүн “мыкты эмгек” сыйлыгына татыктуу болду.

  1. Котормочулук боюнча

Тахер Жаханпарвардын “Коомдук дипломатияга алтернативдик мамиле”  аттуу макаласы “мыкты котормо” сыйлыгына татыктуу болду.

  1. Макала жазуу

Мухаммад Масуд Садегинин “Бүгүнкү күндөгү Иранфобия жана шиийефобия жаңылыштыктары жана андагы маданий иш аракеттер” макаласы “эң мыкты макала”  деп таанылды.

  1. Идея жана изилдөө проектилери

Мариям Рамадан айым тарабынан сунушталган “Иранда жашаган чет элдик студенттердин арасындагы Ислам жана Иран маданиятынжана цивилизациясын жайылтуу” идеясы“эң мыкты идея” деп таанылса, Мухаммад Реза Жафари тарабынан сунушталган “Альхода маданий көркөм коомун экономикалык пайда жана киреше бере тургандай жаңы структураны менен ыкмаларды колдонуу” идеясы жана Бехруз Аббасзаденин “Тэд аркылуу дипломатия” идеялары “мыкты” деп таанылып алкыш каты жолдонду.

  1. Маданий өкүл катары мөөнөтү бүтүп, жыйынтыктоо доклады

Хосейин Шахбектин Иран Ислам Республикасынын Ирактагы маданий өкүлүнүн мөнөтү бүткөндөгү жыйынтыктоо доклады эң мыкты доклад” катары таанылды.

Маданият тармагында изилдөө жана мониторинг алып барууда активдүү иш алып барган эң алдыңкы маданий өкүлчүлүктөр

1бөлүм: Азия жана Тынч океан аймактарындагы Иран Ислам Республикасынын Маданий өкүлчүлүктөрү

1 орун – “Аймактагы маданий чөйрөгө көз чаптыруу” боюнча Иран Ислам Республкасынын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгү

2 орун –“Активдүү изилдөө иштери” боюнча Иран Ислам Республкасынын Токиодогумаданий өкүлчүлүгү

2 бөлүм: Африка жана Араб өлкөлөрү аймактарындагы маданий өкүлчүлүктөр

1 орун — “Аймактагы маданий чөйрөгө көз чаптыруу” боюнча Иран Ислам Республкасынын Багдаддагымаданий өкүлчүлүгү

2 орун — “Активдүү изилдөө иштери” боюнча Иран Ислам Республкасынын Дамасктагымаданий өкүлчүлүгү

3 бөлүм: Европа жана Америка аймактарындагы маданий өкүлчүлүктөр

1 орун — “Аймактагы маданий чөйрөгө көз чаптыруу” боюнча Иран Ислам Республкасынын Берлиндегимаданий өкүлчүлүгү

2 орун — “Активдүү изилдөө иштери” боюнча Иран Ислам Республкасынын Париждегимаданий өкүлчүлүгү

Ошентип 1398-жылы 2 дей күнү (23-декабрь 2019-ж.) Илимий изилдөө жумалыгында арналган иш чаралар өтүп жогоруда эң мыкты деп таанылган уюмдарга, маданий өкүлчүлүкөргө сыйлык тапшыруу аземи болду.

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс