Воскресенье , 31-Май 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Бабанов келиш үчүн кетти!

Бабанов келиш үчүн кетти!

Көзүн алайтып кетти, коркту, багынып берди, көтү бок, палан-түкүн деп шыбап атышат. Эч кимисине жооп бербей, чычалабай, оор сөздөрдүн баарын көтөрүп, кетип калды. Бабанов күчтүү, такшалган жигит экен. Эң ириде ал өзү адам кылган чимкирик-какырыктардын саткынчылыгына маани бербей, даттанып, жаман катындарча көрүнгөн жерде долуланган жок. Бул накта саясатчынын сулуу, кулк мүнөзү. 600 миң адамдын добушун алып, жеңилүүнү моюндап, албууттанган тарапкерлерин жайгарып, анан, өлкөдөн чыгып кетүү зор эрдик. Муну кыкең башына иш түшкөндө түшүнөт. Саясий даңгыр жол деле биздин Бишкектин жолдорундай чуңкур, түз, баткак болот. Коммунисттердин атасы Ленин айткандай, «эки кадам артка — бир кадам алдыга»! Азыр Бабанов эки кадам артка кетти. Бул аралыкта жакшылап эс алат, катташалбаган тууган туушкандарына убакыт бөлөт, кыргыздын батасы, той топуру көп, аларга барат. Карапайым калктын жашоо дэңгээлин эми жон териси менен сезет. Окуганга, үй бүлөсү менен көбүрөөк убакыт өткөзгөнгө аракет кылат. Бир саясатчы үчүн мындан өткөн маанай барбы? Келээрки президенттик шайлоого дагы төр жыл бар. Төрт жылдан кийин Бабанов 52 жашка чыгат. Баралына келген, акылы толгон жаш бул. Аманчылык болсо, саясаттын нугу дагы миң жолу өзгөрөт.

Manas Osmon.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс