Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Аналитика / Фактың кана?…

Фактың кана?…

«Демократиянын аралчасында жашайбыз!»- деп мактанганды билген соң, кокус ал өлкөнүн президенти, премьери, министри же депутаты айтор бир жамаатты башкарган чоңу болсоң артыңан “уурдады, жеди, түз баспады, кыйшык күлдү..” деген сыяктуу сөз ээрчий турганын, сага ачууланган, нааразы болгон, наалыган, сүйлөгөнүңдү, баскан-турганыңды, жасаган ишиңди «туура же туура эмес» сындагандар, аянтка чогулуп «кетсин!!!» деген нааразылыктар көп болоорун эске алууң керек болот.
Биздеги демократиялык критикаларга, сындоолорго териккен, чычалаган чоңдорубуз — Америка, Европа тараптагы митингдерде, демонстрацияларда президенттер, өкмөт башчылар, өлкө лидерлери кандай какшыкка, шылдыңга алынаарын бир көрүп келишсе «ошо кантип болсун!?» деп муштум түйүшмөк же катуу чычалап адатынча сотко сүйрөп очойгон айып-пулдарды доолашмак… Бирок, ал жактын лидерлери антишпейт, сын канчалык ачуу, курч, заардуу болбосун чыдашат, айыбын сезишсе коом астында кечирим сурашат, өтө уяттуулары кызматынан кетишет. Борбор азия аймагындагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстандагы бийликке каршы протесттер албетте өзгөчөлөнүп турат, бирок сынга, критикага чыдоо маданияты бизде «кемигинде да, керкисинде да бар» денгээлинде кылдырап жай өнүгүп келет. Мен Американын Вашингтон калаасында болгонумда ошо кездеги президент Обама олтурган ак үйдүн астында бир эле учурда менин көз алдымда бир нече пикет, акция болуп өттү: Обама согушту колдоп, качкындарды боздотту!деп плакат кармап бир мусулман абышка жүрдү. Ак үй астында алачык тигип ошерде жашап алган бир кемпир Израилдеги жөөттөрдүн саясатын АКШ колдоп жатканына нааразы экенин айтып күндө беш маал кыйкырат экен. Дагы бир жоон топ аялдар плакат кармап «Жарандар жанында курал алып жүрүүсүнө каршыбыз! Анткени ачуусун кармана албай бир бирин аткылап өлүп атышат!» деп талап кылып кыйкырып жүрүштү. Аларга жылмая көз салып тегерек четте эки-үч полиция турду, тиги пикетчилерди дыргаяктата сүйрөп аптобуска салып кетишкен жок.

Кечээ Бишкектеги ак үйдүн капталында өткөн протест тууралуу эмне айтууга болот? Митингге чогулгандар тууралуу ким эмне сөз айтпасын, ал жердеги тилек, ниет туура: өлкөнү эч ким тонобосун, эл акысын эч ким уурдабасын!,- бул эң туура талаптар. Мени тынчсыздандырганы башка маселе…. Фактың кана?-деп атышпайбы президентибиз баш болуп.. Тиги,.. Кыргызстандагы бүт коррупциянын атасындай, башатындай, желмогузундай туюлган Раим миллионду коомчулук ар тарабынан кысып, сүрүп, айласын кетирип отуруп каматтырды дейли. Анан кашайып, «мен тарых музейдеги миллиондорду жегеним жок, фактың кана?», «мен тэцтен акча өөнөгөнүм жок, фактың кана?», «мен Максимдин жерин Атамбаевге дакүмүнтташтырып сатканым жок, фактың кана?», «мен Калыс Ордодогу салынган мектептен акча жегеним жок, фактың кана?», «мен Батукаевди качырганым жок фактың кана?», “мен Кой-Таштагы үйүмө жулунуп кирген аскерди атып өлтүргөнүм жок, фактың кана?” деп факты талап кылып, айыбын моюнуна албай камакта олтурушкан экс-атка минерлердей болуп, Раим-байке да “күнөөм жок, фактың кана?” деп көшөрүп,.. эң акырында тарых музейди да эч ким уурдаган эмес, ТЭЦти да эч ким шылыган эмес, Батукаевди да эч ким качырган эмес, Макстын жерин эч ким экс-президентке пулдаган эмес, Калыс-Ордодогу мектептен эч ким акча сугунган жок, Раим бажыканадан миллиондорду уурдаган жок болуп чыга келеби???

Ылайым эле, “коррупция жоголсун!” деп аянтка протестке чыккан кишилер, аягына чейин ушундай демократиялык дух менен алгалай беришсин. Непадам бир тарабы “менин лидерим музейди уурдаган жок, ТЭЦти жеген жок, Батукаевди качырган жок, ал периштедей таза лидер!” деп жулунса, берки тарабы “силердин лидерге караганда биздики таза, ал марадерчулук кылган эмес, Маевскиден пара сураган эмес, ага жалаа жабышкан, эн тазасы биздин лидер!” деп, анан дагы бир тарабы чурулдап “эн эле татынакай лидер биздики, ал эч кимден аргымак белек алган эмес, махаллада “тизелебейли!” деп улуттар аралык кастыкты козгогон сөз айткан эмес, Нуракенин шестеркасы болгусу келген деген сөз болбогон кеп” деп ызылдап өз ара тытышып, жаңы муун, жаштар мууну деп чуркап жүргөн активисттердин баары шайлоолор башталып кетсе ич ара бырчылдашып “силердикине караганда, биздин лидер укмуш!” деп, баягы коррупция менен күрөшкүсү келген баштапкы багытынан тайып кетишпесе эле болду. Эгер бир муштум болуп биригип, өз лидерлери ууру болсо «ууру!» деп жээрип, алар менен күрөшүп, мына ошол сыноодон татыктуу өтө алышса, алдыда коррупция менен күрөштүн чыныгы сыноолору турат: мамлекеттик кызматтарда эле көп жыл иштеп мейманкаларды, көп кабаттуу имараттарды салган байкалбас-миллионерлер бар; эч бир ишкердик кылбай туруп эле контрабандалык оокаттан миллиондордун каймагын камтыган күркүлдөр бар; үйлөрдүн курулушуна уруксаат мөөрүн басып бергени үчүн эле баланча миллиондорду жен ичинен алган, жол салымыш болуп жоон-жоон акчаларды уурдоонун жолун тапкан шылуундар бар, ун бизнесинде, дары-дармек бизнесинде, арак-шарап бизнесинде кыныр жолдорду кыл жип менен бууп, мамлекеттик салыктардын көбүнөн кыйгап өтүп, миллиондорду өөнөгөн билинбес бийлерибиз бар, кашайып алардын көбү өзүңөрдүн эле байкеңер, тайкеңер же өз урууңардын кыйыны, элиңерге, жериңерге көпүрө, жол салып берген аптаритети болуп чыга келет. “Бу байлар көп жыл мамлекеттик кызматта иштесе, эч бир ишкердик кылбаса,..демек уурдашат да, тиги үйдү кайсы акчага салды, тиги чон машинени кантип сатып алды?” деген логиканы иштетип баарын камап салсаң аларың да тиги камакта отурган “периштелердей” болуп “..фактың кана, далилдеп туруп камабайсыңбы?” деп бакырып чыгышат.

Ылайым эле бул сыноодон да татыктуу өтүп, ошо эл байлыгын жеген уурулар — байкеңер, тайкеңер, тууганыңар, жакыныбыз, айлык берип турган лидериңер экенине карабай “камалсын!” деп митингге чыгып бир муштум боло алсаңар, алдыда “өлкөлөр аралык коррупцияга карай күрөш” – деген этап турат. Мындайча айтканда, өз пайдалары үчүн бажыдагы көп “былыктарга” көз жумуп келген жана ал жолдорду азыр да улантып жаткан Орусиянын, Түркиянын, Кытайдын бажы тармагындагы эл аралык жашыруун-махинацияларын, ага аралашып келаткан майда-чүйдө Малабаевдердин, Кулматовдордун, Матраимовдордун, Бельяниновдордун сырларын калкалап келатышкан өлкө бийликтеринин былыктарын эл аралык масштабда казууга даяр болуубуз керек. Духубуз андан да күчтөнүп кетсе, Ооганстанда жыл сайын жүздөгөн тонналаган апийим өндүрүлүп, ал Борбор азия мамлекеттери аркылуу, Орусияга, андан ары Европага тарап жатканына маани берип, ушул кирешелүү коррупциялык тармакка Америка, Европа, Орусия, Борбор азиянын бийликтеринин алы эмне үчүн жетпей жатты экен,.. атайылап эле алы жетпей жаткансышабы же алы жетпесе да баатырларча күрөшүп аткандай түр көрсөтүп атышкан жокпу?-деп коррупцияга каршы күрөштү дүйнөлүк масштабда жүргүзүүбүз керек болуп калат. Анүчүн, өлкөбүздүн лидеринен да, тигил же бул партиянын лидеринен да, а түгүл дүйнө лидерлеринен да коркпогон эрктүү сын, тайманбас критиканы бекем кармануубуз зарыл.

Америка эң демократиялуу өлкө,- дегенибиз менен, американын эли деле Трамптын саясатына ыраазы болбой, күрөң аюу өңдөнгөн Орусияга тоңкоюп, ыштанын шыпырып берди деп катуу какшыктап жактырбай келишет, а түгүл импичмент жарыялап ийсекпи деп шымаланышууда. Демек, алар ошентип атышкан соң, улам президент болгон сайын драконго айланып кете беришкен Акаев, Бакиев, Атамбаевдин кадимки эле пенде экенин эске алып, Жээнбекову болобу, эртең ал кетсе, анын ордуна келчү периште-президент болобу, сындоону, критикалоону токтотпойлу, токтотсок эле көөп кетиши ыктымал,-деген каалоону айткым келет.

Рахмат силерге, ою ак, ниети түз пикетчи-митингчи, достор, санаалаштар!

Ernis Kyiaz
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс