Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / 18-декабрда болуп өткөн митинг боюнча кыскача иликтөөм.

18-декабрда болуп өткөн митинг боюнча кыскача иликтөөм.

Эмесе мындай.
Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка ылайык, бүгүнкү митингде провакация кылып үзгүлтүккө учуратуу аракетин кылышкан жоон топ калпакчан жигиттер кырк чоронун жигиттери эмей эле Раим Матраимовтун Оштон алып келген спортчу балдары болуп чыкты.

Далилдер:
Биринчи сүрөттөгү жигитти спортчулар арасында Бабаш деп коюшат.Чын аты Бадамурат Жолдошев Өзбекстанда төрөлгөн этникалык кыргыз.Бала кезинде Ошко көчүп келип жашап калган.Өспүрүм куракта ИИМ министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковтун иниси Улукбек Өмүрзаковтун «Мухамед Умар» спорт клубунда ойноп жүргөн, анын колунда чоңойгон. Кийинчерээк акча көп төлөнгөндүктөн Раим Матраимовтун Оштогу «Эрем» спорттук клубуна өтүп кетет. Бабаш азыр спорттун эрежесиз мушташ түрү боюнча далай мелдештерде жеңип келген Кылычбек Саркарбаевтин оң колу. Саркарбаев 2019-жылдын 23-сентябрында Кара-Суунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулунун бел тушуна тапанча менен атып «таанымал» болгон.
https://kaktus.media/…/398238_pravaia_ryka_raima_milliona_s…
Кылычбек Саркарбаев учурда Ош мэриясынын алдындагы спорт комитетин көп жылдан бери жетектейт.
Ишенимдүү булактардын айтымында 17-декабрь күнү Оштон самолет менен 50-60 чакты спортчу балдар Бишкекке учуп келишкен.Бүгүнкү митинг учурунда Россия кинотеатры жактан колдоруна кызыл желектерди көтөрүп, баштарына ак калпак кийип келген жигиттер дал ошол кечээ Оштон учкан Раим Матраимовтун «Эрем» спорт клубунда машыккан балдар.Алардын көздөрүн ала качып бети-башын жаап жүргөнүн мен өзүмдүн түз эфиримде көрсөттүм. Кырк чоронун жетекчиси Замир Көчөрбаев бул балдардын ким экениин билбей турганын жана кырк чоролор булардын арасында жок экенин түз эфирде бир нече жолу айтты.Бирок,кырк чоро митингге чыга турган болсо алдын ала айтылып чогуу келмек деген ой туулат. Анда неге Оштон атайын самолет менен алынып келинген балдардын арасында кырк чоронун жетекчиси Замир Көчөрбаев жүрөт? Бул да түшүнүксүз бойдон калды?
https://www.facebook.com/altysha.lv/videos/2628516480559868/
Ишенимдүү булактардын айтымында 25-ноябрда өткөн биринчи митингде да дал ушинтип Раим Матраимовтун спортчу балдары Оштон алынып келинген экен.25-ноябрда алар жөнөкөй элдин арасында эле турушкан. Жогору жактан(Раим окшойт) буйрук болбогон соң туруп-туруп эл менен кошо тарап кетишкен.Ошондогу митингдеги булардын максаты эл арасында провакация кылып, элди толкутуп, уруш чыгаруу болгон. 18-декабрдагы митинг учурунда калпакчан спортчулар Манас атанын монументинин алдына барып жөн эле турушту.Мен түз эфирде көрсөткөндөй бир аксакал киши(анын балдары да «Эрем» спорт клубунда машыгат экен)Раим Матраимовту колдоорун билдирип сөз сүйлөп жатты.
https://www.facebook.com/altysha.lv/videos/2628516480559868/
18-декабрга өткөн митингге кырк чоронун атын булгап келгендерди уюштурган Раим Матраимов бийлик менен алдын ала сүйлөшүп уюштурдубу же жокпу чоң суроо боюнча калат. Ушул маселе боюнча пикирлериңиздерди күтөм.Бөлүшүп коюңуз, эл билсин. Рахмат!

Altysha Lv
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс