Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Досье / ОЙ ТООБО

ОЙ ТООБО

Эл жыкжыйма, секичеде карандай эле эркектер, арасында сороюп мен жалгыз.Оң ыптамда отурган буудай ирең жигит, улам обдулуп, сүйлөсөм дегенде эки көзү төрт.Баары сүйлөп бүткөндө, кеп мага тийди.»Чапа-пача, гыды-пыды деп убактыңарды албайм.Бийликтин төрө дооруна 4 эркек келип, жашооңор керемет болуп кетпеди.Мобу башында калпагы бар алты эркек айтып отурса, асмандагы ай менен күн гана калган жок, калганынын баарын колуңа карматып койду, а мен жетинчиси экенмин, жетинин бири кыдыр дейт.Эгер эл башына келип калсам мен эмне кылам?»

Биринчиси: Резиденция дегенди жоюп, өзүмдүн куркулдайдай болгон уямда жашайм! Мен уурдабасам, мага топураган жан сакчылардын да кереги жок.Мамлекеттин эсебинен эч ким багылбайт.
Экинчиси: Жогорку Кеңештин саны кыскартылып, 45 адамга мандат берилет да, бардык привилегиялар алынып, айлыгы10 миң сом менен чектелет.Кызматтык машине, үй берилбейт;Азыр кимдерге шарт түзүлүүдө? Только чиновниктерге.Биздин коомдо ким жакшы жашайт?Президент, премьер, министр, депутат, сот, прокурор, бажычы, салыкчылар.Уурулардан кантип арылуунун жолу бар? Колу таза адамдар гана бийликке келгенде жашоо оңолот.Анүчүн, Бишкекти эле алалы.Уурулардын уюгу болуп эсептелген Орто-Сай, Чон- Арык, Түштүк магистралында салынган олигархтардын 3 кабат кансарайларын конфискация кылып, бала бакча, мектеп, майыптар үчүн интернат, багуусу-кароосу жок улгайгандар үчүн мекемеге айлантып, уурулардын баарын абакка айдайм.
Үчүнчүсү: Кумтөр менен Жерүй алтын кени боюнча, канадалык менен орустар алган бул кендерди кайра карап чыгып, канадалыктарды эл аралык сотко берип, уурдалган алтындарды ордуна коюп, кыргыздар бул кенди иштетүүгө өзүнүн кадрдык потенциалы бар, өзүбүз иштетебиз.Канча президент иштесе, канчасы канчалык деңгээлде уурдаса баарын кустурам, анүчүн мага эл жардам берет, Курултай институн жандандырып, ага порядочный адамдардын катары менен толтуруп, булар менин кулагым жана көзүм болот.
Төртүнчүсү: Аткаруу, закон чыгаруу, сот бийлигине эч кандай привилегия каралбайт.Биз кылкылдаган кытай эмеспиз, бир жарым млрдга чукулдап калган, 6 млн элдин жаркын жашоосун оңдоо үчүн, бачым реформа, анан таза адамдар гана керек.Тентип кеткен бир млнго чукул мигранттарды апкелип, куса болгон бала-чакасынын маңдайында болсун.Айыл чарбасын өнүктүрүш үчүн батышынан чыгышынан келген 1 пайыз менен алынган кредитти элге 2 процент менен берүү жагын колго алыш керек! Айыл чарбасынан алынган продукцияны, кайра иштетүү жагын колго алсак, жумуш орундарын шаардыктарга да түзсөк болот.Жердин 95 пайызы тоолуу, мал жаюуга ыңгайлуу.Биздин эт азыктарына бүт мамлекеттер кызыкдар.
Бешинчиси: Мамлекетин 4 млрддык карызын төлөп коюу үчүн чоң акылдын кереги жок.28 жылдан бери бийликтин айлампасында тегеренип жүргөн 2 миңге жакын адам бар, анүчүн мыкты сот, тергөөчү, прокурор кыз-уландар келсе, булар кыңк этпей төлөп берет.Азыр ар бир мекеме-ишканада, салыкты аз төлөш үчүн кош бухгалтерияны жүргүзгөн тапандар бар, ошолорго аёосуз күрөш башталат.
Алтынчысы: Пенсия, пособие, жумушка жарамсыз болгондорго төлөнүүчү акыларды көтөрүү башкы приоритетке айланат.
Жетинчиси:Айыл өкмөтүн, акимди, губернаторду эл шайлайт.Жер-жерлерде көйгөйдү ачык айткан адамдар, саясатчылар куугунтукталбайт…
Айтып бүтүп, эл тарапты карасам, баары эле.»Чын эле эркектерди шайладык майнап чыкпады, эми бир ишенип туруп ушул аялды шайлап коёлу!» дегенде чырылдап телефондун будильниги иштеп кетсе ойгонуп кетсем өнүмдө эмес, туй ата түшүм экен…

Жамиля Насирова.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс