Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Бүгүнкү митингде 700 милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

Бүгүнкү митингде 700 милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

25/11/2019

Бүгүн, 25-ноябрда Ак үйдүн алдына Улан Үсөйүн аттуу активист “Реакция” аталышындагы митинг өткөрмөкчү. Өткөн эс алуу күндөрү социалдык тармактарда элди митингге чыгууга катуу үндөштү.

Анткен менен Биринчи май райондук соту 2019-жылдын 1-декабрына чейин Ак үйдүн алдына митинг өткөрүүгө тыю салган токтомун чыгарган. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, тыю салынган митингге чыккандарга үч миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, эгерде соттун чечимине карабай, митинг өтө турган болсо, коомдук коопсуздукту камсыздоого 700 милиция кызматкери тартылат.

https://racurs.kg/?p=11312&fbclid=IwAR3bBM57ghhQ0M2G

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс