Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / АМЕРИКА ЭЛИНЕ РАХМАТ!

АМЕРИКА ЭЛИНЕ РАХМАТ!

Бешинчи канал «Азаттыкка» жолтоо болбой Атамбаевдин шектуу уйгурларга тиешеси бар же жоктугун озу иликтебейби эр болсо? деген талап — «Азаттыктын» чону Венера Жуматаевага Атамбаев квартира белек кылышы мумкунбу..жокпу, ушул каншаарды «Азаттык» озу эле иликтесин дегендей эле кеп. Эгер Бешинчи канал бажыдагы былыктарга Атамбаевдин тиешеси бардыгын тактап, иликтеп чыккан кундо деле «..окмот каржылаган телеканал камакта жаткан бечара Атамбаевди каралап атат» деген ишенбоочулук созсуз болот. Андай иликтоону бейтарап «Азаттык» жасап, Атамбаевге келгенде ага жан тартып боор оорубай, тиешеси, далили болсо Жээнбековду да, шек шыбырты болсо Отунбаева баш болгон убактылуу окмотчулорду да ачык айтышы керек. Бир нерсени тушунуп койгулачы, жакшылар! «Азаттыкты» буттан чалган эч ким жок, «Азаттыктын» статусу эркин статус, бул эркиндик америка элинин чонтогунон толонгон эркин статус, Кыргызстандын президентине, окмотуно, парламентине, партияларга, ар кыл байларга байланбаган статус. Илгери Ктрден Малеваяначыл Бешинчи каналга отуп, Бешинчиден атамбаевчил Апрел твга откон Канат Каниметов инимди ал жакка алып барып койсо деле ошол бейтарап, эркин статуска таянып, Атамбаевинен да, Жээнбековунан да коркпой бут тараптан маек алып, калыс корсото бере турган статус бар «Азаттыкта». Ал статус «Азаттыктагы» тигил же бул жетекчинин, тигил же бул журналисттин кыйындыгынан же кыйын эместигинен коз каранды эмес. Америка эли тологон салыктын эсебинен айлык алган «азаттыкчылар» Кыргызстандагы эч бир олигархка, саясатчыга коз каранды болбой, кылчактабай, Атамбаев сотко берип койгон кундон бери жумшарып, ошо кишиге келгенде тили курмолуп калбай, КОРРУПЦИЯ деген сазга аралашкан тараптардын бут баарын (!) Раими болобу, Раимди калкалап келген мурунку кийинки президенттер болобу, бирин калтырбай дагы каза тушсун, дагы чукуй тушсун деген ниет. Депутаттык комиссия иликтесе.. «ааа алар президентке баш иет да» деген кеп чыгат; финполиция же укмк иликтесе аларга деле ошондой шек кетет; Бешинчи канал Атамбаевди казып баштаса «жерде жыгылган байкуш кишини тепкилеген шумшук канал» деп айтылаары турган иш. Ошон учун элдин ишенимине, умутуно делооруп «аа биз озубуз эле ары жактан кыйын турбайбызбы» дебей, америка эли белек кылган эркиндиктин жоопкерчилигин сезип бийликтеги азыркыларга же экс..чилерге тартпай калыс болгула деген кулак кагыш болуп жатат. Ал маанини мен эмес, озунордо эле иштеп кеткен Нарын Айып, Шайырбек Эркин, Эльнура Алканова, жана байма бай силерге обьективдуу сын айткан Азаттыкта иштеп кеткен Бермет Букашева, Aidanbek Akmatov, Эсенбай Нурушев, системаны демократиялык нукка туп тамырынан бурмайын онолбойбуз,- деп сайрап келаткан Өмүрбек Абдырахман (Өмүрбек Абдыракман) , Лондондогу демократияны коруп, жашап, иштеп келген экс элчи Кубан Мамбеталиев, азыр Америкадагы демократиялык эркин абадан дем алып жургон Adilet O. Aitikeev какшап айтып келет. Анан кол бошосо, бажыканада Кытайдан бери откон жуктордун айырмасы кандай чон экенин, ал ууру корунуш «революция кылдык урааааа!» деген жылдардан бери карай оголе осконуно бир конул буруп карап койсонор,.. рахмат. Америка бийлигине эмес, «кыргыздар аша-пашасына, ака-укасина, таяке жээнине, эже синдисине, эч кимисине тартпаган калыс, бейтарап, эркин система тузуп алып жыргал заманга жетсин» деп акча толоп келаткан карапайым америка элине, салык толоочулоруно рахмат!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс