Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Досье / В. ПУТИН ЖАРАНЫ ҮЧҮН КҮЙӨТ. КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ТУЛТУЙАТ…

В. ПУТИН ЖАРАНЫ ҮЧҮН КҮЙӨТ. КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ТУЛТУЙАТ…

Россиянын президенти Владимир Путин чиновниктер айдоочулардан баңгизаттары боюнча алына турган анализдин баасын көтөрүп жиберген үчүн ачууланып, кайра эсептеп чыгууну тапшырды. «АНАЛИЗ АЛУУ ҮЧҮН 5 МИҢ РУБЛЬ алынса, эл кантет, айдоочулар кантет» деп Путин аябай чебелектеген.

«Россияда минималдык айлык 11.280 рубль болсо, андай айлык алган кишилердин саны 3 млн. 200 миң болсо, мына ушул кишилер анализ тапшырууга барса, жарым айлыгын берип коюш керек экен да. Бул эмне деген акмакчылык» деп күйүккөн…

Кыргызстанда минималдык айлык 1750 сом. Кыргыз бийлиги жол эрежеси боюнча эң төмөнкү айып пулдун өлчөмүн 3000 миң сом кылып койгон солк этпестен…

Минималдык айлык алгандар кантет, 3-5 миң сом пенсия алгандар кантет, 6-7 миң сом маяна алган мугалим, дарыгерлер кантет, деп жаздан бери айтып келатабыз. Натыйжа жок.

Болгону айрым жол эрежесин бузуу боюнча айып пул 1 мин сомго түшүрүлөт деген кабар чыккан…

Бирок президент да, өкмөт башчы да карапайымдын кызыкчылыгын талашып, бир ооз соз айтууга жараган жок. Бул нерсе алардын капарына да келбесе керек…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс