Вторник , 7-Апрель 2020
Башкы бет / Аналитика / Саймаитинин саясаттагы шектүү алакалары

Саймаитинин саясаттагы шектүү алакалары


Cүрөттө: Айэркен Саймаити, Эркин Сопоков, Алтынбек Сулайманов, Төрөбай Зулпукаров, Дүйшөн Төрөкулов. Сайттардан алынып, даярдалган коллаж.
Cүрөттө: Айэркен Саймаити, Эркин Сопоков, Алтынбек Сулайманов, Төрөбай Зулпукаров, Дүйшөн Төрөкулов. Сайттардан алынып, даярдалган коллаж.

Айэркен Саймаитинин чырдуу ысымы мурдагы консул Эркин Сопоков менен эле байланышта эмес. Мурда пара менен кармалып, кылмыш иши козголгонуна карабастан жазасыз калган анын уулу Азамат Мамасалиевди парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров өзүнө жардамчы кылып алганы да социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Ошондой эле Айэркен Саймаити менен «Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун бирге түшкөн сүрөттөрү Интернетке жарыяланды. Ушундан улам анын «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов сыяктуу Кыргызстандагы үлкөн саясатчылар менен болгон күмөндүү байланыштары боюнча маселени иликтөөнү күн тартибине чыгарды. Саясатчылар мындай чырдуу ысым менен байланыштары тууралуу шектенүүнү четке кагып, өз жүйөлөрүн келтиришти.

Саймаитинин сапары: соцтармактан табылган байланыштар

Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан көптөн бери издөөдө жүрүп, жакында Түркияда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити Кыргызстанда Самятов Эркин Салимович деген ысым менен жалган паспорт алганы ачыкка чыкты. Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто ал 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылганын маалымдаган. Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн мейманкананын астында табылган «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугуна таандык болуп чыккан. Тышкы иштер министрлиги сөз болуп жаткан жолтандабас бул окуядан соң кызматтан алынган башкы консул Эркин Сопоковго караштуу экенин ырастаган.

Ал эми жарандык активисттер мурдагы башкы консул Эркин Сопоков менен кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин тыгыз байланыштарын социалдык тармактар аркылуу аныктап чыкканы белгилүү болду. Башкы консул Эркин Сопоковдун «Фейсбуктагы» «досторунун» арасынан алгач Эркин Семет деген аккаунт байкалып, анын «Инстаграмдагы» semeterkin аккаунттунда мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун, Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчунун жана Айэркен Саймаитинин сүрөттөрү табылган. Сүрөт 2019-жылдын 18-февралында жарыяланган, ошол эле күнү Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчу «Твиттерге» башкы консул Эркин Сопоков жана анын ишкер достору менен жолукканы тууралуу жазуу калтырган. Бул арада жакында түзүлгөн мекеме аралык тергөө тобу мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун ишин иликтеш үчүн Стамбулга учуп кетти.

Ал эми алгач Эркин Сопоков менен Айэркен Саймаитинин тыгыз байланыштарын тапкан мурдагы депутат Ширин Айтматова төмөндөгүдөй суроолорду койду:

Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

«Стамбулга жөнөгөн жумушчу топ чындыктын изин жашырууга эмес, коомчулукка анын жигин ачууга барды деп үмүт кылабыз. Биз төмөнкү суроолорго жооп талап кылабыз! 1-суроо: Айеркен Саймаити өлтүрүлөр алдында ким менен отурган? 2-суроо: мурдагы башкы консул Эркин Сопоков ал учурда кайда болгон? 3-суроо: Айеркен Саймаитинин «Фейсбуктагы» баракчасындагы досторунун арасынан айрым депутаттардын, алардын балдарынын, коомдук ишмерлердин, спортчулардын сүрөттөрүн таптык. Алар өлтүрүлгөн Саймаити менен кандай байланышта болгонуна түшүндүрмө талап кылабыз жана ал жагдай тергөөгө жардам бере алабы? 4-суроо: бир жылдан бери издөөдө жүргөн Айеркен Саймаити 2018-жылдын март айында Бишкекте жасалма номурлуу машине менен видео жарыялап жатат, анда эмнеге кармалган эмес?»

«Үлкөндөрдүн үчилтиги»

Буга чейин Ички иштер министрлиги 2017-жылы Айэркен Саймаитини ири өлчөмдөгү акчага байланыштуу «Алдамчылык» беренеси боюнча айыптап, жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөөгө берген. Буга кыргызстандык ишкерлердин биринин арызы себеп болгон. Бирок мурдагы депутат Ширин Айтматова белгилегендей, Кыргызстандын укук коргоо органдары аны издөөгө анчейин деле ынтызар болбогону Айэркен Саймаитини колдоп келген Кыргызстандагы саясий элитанын арасында анын ири байланыштары болушу мүмкүн деген ойго түртөт. Бул арада Стамбулда Айэркен Саймаитиге дипломатиялык номур тагылган жолтандабасын берип турган мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров менен байланышы тууралуу маселе чыкты. Анткени 2017-жылы март айында пара менен кармалып, УКМКдан кызматтан айдалган Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев көп өтпөй эле кандайча жазадан кутулуп, Жогорку Кеңешке депутат Төрөбай Зулпукаровго жардамчы болуп жумушка орношкону ачыкка чыкты. Кийин КСДП фракциясынын катчылыгында юрист-консультант болуп иштеп жүргөн Азамат Мамасалиев атасына байланыштуу соңку чырдан улам жакында эле кызматынан кеткени белгилүү болду. Бирок Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев кантип кызматка алынганын анын атасы менен болгон байланышы аркылуу эмес, анын маркум таятасы экс-депутат Эгемберди Эрматовдун ысымы менен байланыштырды:

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

Биз аны кызматтан кетирген жокпуз. Ал өзү атасынын окуясынан кийин эле өз ыктыяры менен арызын жазып, кызматынан кетиптир. Жеке каалоосуна байланыштуу кеткендиктен биз ага бир нерсе деп айта албайбыз. Мындайча айтканда, ал кезинде УКМКдан да, анан жакында биздин катчылыктан да өз арызынын негизинде кызматынан кеткен. Эркин Сопоковду мен тааныйм. Ал маркум депутат, кесиптешибиз Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Ал эми Айэркен Саймаити дегенди мен өмүрүмдө көргөн эмесмин. Анын Кыргызстанда ишкердик менен алектенип жүргөнү тууралуу кийин маалымат каражаттарына чыккандан кийин гана билдик. Себеби ал киши тууралуу маалымат каражаттарында өтө көп сөздөр айтыла баштады. Ошондон улам биз да башка жарандар катары эле анын атын маалымат каражаттары аркылуу билип калдык. Ал эми Эркин Сопоков тууралуу эми Эгемберди Эрматовдун көзү өткөндөн кийин аны «тааныбайм» деп койсом туура эмес болуп калат. Бул жигитчиликке жатпайт. Ошондуктан аны менен тааныштыгым болгон деп айта алам.

Ошол эле учурда Айеркен Саймаитинин окуясына байланыштуу Стамбулдагы башкы консулдуктан алынган Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев УКМКда иштеп жүрүп, 2017-жылы март айынын башында пара менен колго түшкөнү тууралуу видео тасманын Интернетке чыкканы, кийин анын кылмыш иши кандайча жабылганы жана андан соң анын парламентке кантип кызматка алынганы тууралуу суроолор жоопсуз калууда. Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук кызматы 2017-жылы 10-мартта акча талап кылуу фактысын иликтеп жатып, Азамат Мамасалиев аттуу жаранды акча менен кармаган. Автоунаасын тинтүү учурунда кармалган жаран атайын кызматтын офицери экени анын кызматтык күбөлүгү аркылуу белгилүү болгон эле.

Белгилей кетсек, жакында президенттин жарлыгына ылайык Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан алынган. Эркин Сопоков Стамбулдагы башкы консулдук кызматта туруп, издөөдөгү ишкер Айеркен Саймаити менен тыгыз байланышта болгону, анын минип жүргөн «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаасында консулдукка караштуу дипломатиялык номер тагылып жүргөнү буга себеп болгон. Эркин Сопоковдун Стамбулдагы башка күмөндүү ишмердигин иликтеш үчүн Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ Түркияга кеткен.

Сопоковдун «секириги»: айдоочулуктан консулдукка чейин

Белгилүү акын, экс-депутат Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы деп айтылган Эркин Сопоков Икрамжан Илмияновго чейин «Кыргызавтомаш» ишканасында Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу болуп иштегени белгилүү. Андан соң ал ички иштер органдарында иштеп келип, 2010-жылдан соң Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлыгына чейин жеткен. Андан кийин Эркин Сопоков президенттин иш башкармалыгында жетекчилик кызматтарда жүрүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2017-жылы апрель айында Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу болуп дайындалган. Ошол кездеги айрым эркин басылмалар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бир шоопурун Стамбулдагы башкы консулдукка коюп, чоң кызматка дайындаганы тууралуу жазып чыгышкан.

Саясий талдоочу Максат Чакиев Айеркен Саймаитинин өлүмү кыргыз саясий элитасынын эл аралык шылуундар менен болгон күмөндүү байланыштарынын бетин ачып койду деп эсептеп, муну тергөө тыкыр иликтеши керек деген оюн ортого салды:

Мунун бардыгын тергөө органдары иликтеп, алардын бири-бири менен канчалык чырмалышканын, канчалык алар биригип алып, жанагындай кылмыштуу иштерге барышканын аныктап чыгышы зарыл. Ал эми бул жерде сүрөттөр сүйлөйт дегендей, сүрөттөрдө алардын чогуу отуруп, чай ичип жатышканы көрүнүп турат. Мүмкүн алар жөн эле тааныш катары дагы качандыр бир кезде бирге сүрөткө түшкөн болсо керек. Бирок кандай болгон күндө да биздин саясий элита болуп саналган, мамлекетибизде чечим кабыл алуу укугуна ээ болгон инсандар ушундай жерлерден көрүнүп калып жатканы албетте, алардын саясий беделине шек келтирет. Алардын адамдык абийирине күмөн жаратат. Анткени бизге негизи ошол эле Саймаитиге окшогон эл аралык деңгээлдеги шылуундар келип, кандайдыр бир күмөндүү ишкердик менен алектенген учурлар болуп жатат. Албетте, бизде кайтыш болгон киши тууралуу жаман сөз айтпайт. Бирок ал адамдын ысымы көптөгөн ошондой жакшы эмес иштерге байланышып калбадыбы. Анан ошондой шылуундардын чуулгандуу иштерине биздин саясий элитанын айрым өкүлдөрүнүн, парламент депутаттарынын аралашып калып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ушунун бардыгы эми тергөөдө жаап-жашырылбай, терең иликтениши зарыл.

Ошол эле кезде Айеркен Саймаитинин өлүмү, анын менен байланышы бар кыргызстандыктар тууралуу Интернеттеги социалдык тармактарда ар кандай такталбаган маалыматтар улам чыгып жатат. «Фейсбукта» «Bespredel» деп жаңыдан ачылган баракчада «парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен Айеркен Саймаити отурат» деген сүрөт жарыяланды. Анда депутат Төрөкуловго, ишкер Саймаитиге окшош адамдар бир нече киши менен чогуу тамактанып отурганын көрүүгө болот. Анда депутат Дүйшөн Төрөкулов уйгур улутундагы Кытай жараны Айеркен Саймаити менен бир кезде чогуу иштегени, алар мыйзамсыз жолдор аркылуу сыртка акча ташып чыгаруу менен алектенгени тууралуу такталбаган маалыматтар жазылган. Ошондой эле анда Айеркен Саймаитиге кол салуу болгонго чейин «Манас» аба майданынын жанынан акча ташып баратып, өлтүрүлгөн таксист дагы «Айеркендин адамы болгон» деп көрсөтүлгөн.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_investigation_politics/30283929.html?fbclid=IwAR2UEFU_qhNOYvkcm7T8RwN20VHa14X8pHfoh7yJt0itz_W0edqkgvYezac

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс