УКМКа өз сейфинен өзү 200 миң $ уурдатып отурат, көчөдөгү баннерлерде баңгизат сатуу ачык рекламаланат, депутаттар контрабандисттер менен кучакташып сүрөткө түшүп чалчактайт, ишкер-коммерсанттар миллиондоп тонолуп, өлтүрүлүп жатат… Бийлик дың дебейт.
А саясий куугунтукту күчөтүп, АШАдан ашып баратат. АША чалма салган Садыр Жапаров бошотулбайт. Текебаев соттун, Бабанов кылмыш иштин кылтагында.
Эми Адахан Мадумаровго асылып, жаманатты кылуунун жаңы кампаниясын баштап жаткан учуру…