• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Реформабы же проформабы?

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2019
Ошентип, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү райондук гезиттерди биротоло жоюп, деги эле өкмөттүк гезит (кагаз) журналистикасынын өз алдынчалыгын алып салып, аны жергиликтүү телевидениенин алдында аракет кылуучу бир бөлүмүнө айландыруу аракетин көрүп жатат. Кыскасы, мурда өз алдынча чыгып келаткан областтык гезиттер эми өз алдынча юридикалык жак болбой эле областтык телердиокомпаниялардын бир бөлүмү болуп калышат. Дүйнөдө жок мындай нерсе биздикилердин башына кайдан келип калганы түшүнүксүз. Кала берсе, бул багыт маңызынан алып караганда азыркы өлкө президентинин жүргүзүп жаткан саясатына дегеле коошпой, каршы да келип турат. 

Райондук гезиттер эмне үчүн керек эле? 

Өткөн 20-кылымдын башында жүз берген Октябрь революциясынан кийин большевиктер жер-жерлерде массалык басма сөздү өнүктүрүүнү колго алышкан. Анын доктринасы пролетарлардын башчысы Владимир Лениндин 1905-жылы жазган “Эмнеден баштоо керек?” деген макаласында даана көрсөтүлгөн болчу. Анда коммунисттик идеяларды эки этаптан ишке ашырууну жалпыроссиялык саясий гезит чыгаруудан баштоо керектигин белгиленген. Чын эле жалпы эл массанын аң-сезимин керектүү нукка буруп, алдыга койгон фундаменталдуу максаттарды жүзөгө ашырууда маалымат таркатуу чөйрөсүнүн ролу эбегейсиз экенин ошол кезде эле жакшы билишкен.

Ошого ылайык, акчасы жок, өзү кирзи өтүккө зар совет мамлекети бардык аймактарда жумушчу-кабарчылар кыймылын, райондук-шаардык басма сөздү кеңири жайылтып, аз гана убакыттын ичинде өз идеяларын калктын аң-сезимине сиңире алган. Совет бийлиги 70 жыл жашаган болсо, ушул идея, ушул багыт колдон түшпөдү. Бир гана мисал, Сузак райондук “Пахтачы” гезити өткөн кылымдын 70-80-жылдары аптасына 3 жолудан чыгып, ар бир нускасы 9дан 12 миңге чейин жетип турчу. Калкка маалымат таркатуу иши тынымсыз жана өтө жоопкерчиликтүү жүрүп турган.

Ар бир райондук гезиттин редакциялык имараттары, унаа каражаттары, башка да техникалык ресурстары, өзүнө жараша басмаканалары болгон. Ошол материалдык-техникалык баалуу ресурстар бийликтер тарабынан каржыланып, ошол эле кезде гезит нускасы жана жарыялар аркылуу гезиттер да каражат таап турушкан. Бул, албетте, совет бийлигинин учурундагы абал эле, ал эми Кыргызстан эгемендик алып, БУУга туусун сайгандан кийин пайда болгон “реформаторлор” райондук гезиттерди талкалоо багытын башташкан. Кантип?

Эгемендик жылдарындагы апендичилик

Эгемен жылдарында чү дегенде эле экономикалык каатчылык башталды. Жергиликтүү бийликтер кыйынчылыкта калган экономиканы райондук гезиттерди жоюу же көчөгө айдап чыгуу менен сактап калууну ойлошот. Албетте, бул барып турган апендичилик эле, себеби экономиканы райондук гезиттер кыйратып жаткан эмес болчу, аны жергиликтүү бийликтердин башында тургандардын жетекчилик деңгээли кыйратып аткан.

Жалал-Абад областында райондук гезиттерди жоюу, анын ордуна бир нече райондорго аймактык гезиттерди чыгаруу демилгеси колго алынып, чакчелекей саясат башталган. Натыйжада, бир жакшы иштеп жаткан райондук гезиттер жоюлду, алардын материалдык-техникалык ресурстары оңду-солду сатылып же башка тараптарга өткөрүлүп, жок кылынды. Канча жылдар бою түзүлгөн материалдык-техникалык база заматта тыйпыл болду. Элге басма сөздүн жетиши, демек, бийликтердин жүргүзгөн саясатынын элге сиңиши, бийликтер менен калктын ортосундагы жандуу идеологиялык байланыш, диалог кыйрады. Журналисттер жумушсуз калышты, бир даары областтык, республикалык массалык маалымат каражаттарына ооп кетишсе, калганы өз профилин алмаштырууга мажбур болду. Ошонун кесепетинен Жалал-Абад областындагы эң чоң район эсептелген Сузакта жана ага кошуна Базар-Коргон районунда ушул кезге чейин райондук гезит болбоду.

Жергиликтүү бийликтердин апендичилиги менен, алысты көрө албаган “реформаторлугу” менен област аймагында райондук басма сөз чөйрөсүнө катуу сокку урулган.

Деген менен, айрым бир аймактарда, айталы Ала-Бука жана Токтогул районунда ошол апендичиликтин эпкини азыраак тийип, ууру-кескилерден Кудай сактап, райондук гезиттердин имараттары сакталып калган эле. Эми алардын түбүнө азыркы жүрүп жаткан “реформа” жетип, биротоло жок боло турган болду.

Жаңы “реформаторлор” эмне дейт?

Азыркы өкмөттөгүлөр же өкмөткө масилет салып, акыл айтып тургандар да ошол токсонунчу жылдардагы апендичиликти улантып жатышат.  Алардын ою боюнча Кыргызстандын экономикасына дал ошол райондук жана областтык гезиттер балта чаап жатыптыр. Дал ошол жергиликтүү басма сөз каражаттары мамлекеттик бюджеттин кендирин кесип, агылып келип жаткан инвестицияны бууп, мамлекеттик социалдык программалардын аткарылышына аябай тоскоолдук кылып жаткан экен. Анан калса, ушул тармактын реформаланбай жатышы мамлекеттик өнүгүүгө абдан эле кедергисин тийгизип, тезинен колго албаса болбой калган экен да. Мындай керемет ойлор адамзат тарыхында жашап өткөн, артына саламаттуу из калтырган бир дагы даанышмандын оюн келмек эмес, бирок биздикилердин оюна келет, ал турган кеп.

Ошентип, өкмөт жергиликтүү басма сөзгө каршы кылыч көтөрдү, үч жылдан бери Маданият министрлиги райондук гезиттердин үшүн алып, жоёбуз, жок кылабыз менен жашап келди. Оптимизация деген мамлекеттик саясатын соройтуп көтөрүп чыгып, элге, мамлекетке, бюджетке, жалпы экономикага эч бир зыян келтирбей оокат кылып келаткан жергиликтүү басма сөз тармагында кыскартууларды жүргүзүү аракетин жасады. Дегеним, райондук жана областтык гезиттерди чыгарууга мамлекеттик бюджеттен атайын каржы бөлүнбөйт. Ал каражаттар гезиттин нускасын сатуудан, гезит бетине жарыяланган жарыя-рекламанын эсебинен түшкөн каражаттар эсептелет. Башкача айтканда, гезиттерге жазылуудан түшкөн, краудфандинг ыкмасы менен табылган каражаттар. Бул нерсе мурдатан болуп келген, гезиттер өз чыгымдарын өздөрү таап келишкен, өз жандарын багып эле келишкен, мамлекеттин чөнтөгүнө кол салышкан эмес.

Илгери, ырас, областтык гезиттер областтардын бюджетинен каржыланып келчү. Кийин бюджеттик реформа жүрүп, эки баскычтуу бюджеттик системасы түзүлгөн соң, областтык гезттер өзүн-өзү каржылоого өтүшкөн. Анча-мынча гана кыйынчылыкта калган редакцияларды бюджеттик колдоого алышканы болбосо, гезиттер өз жанын өзү багып келди. Райондук гезиттер да ошондой.

Андан кийин эле акыркы алты-жети жылда жаңы “реформаторлор” чыгып, жергиликтүү басма сөздү, областтык телевидениелерди да Маданият министрлигине кошуп салышты. Областтык гезиттердин өздөрү тапкан каржысын да бюджетке алышты, бул бери эле болгондо мамлекеттик баскынчылыкка окшоп калды. Чынында жергиликтүү басма сөздү Маданият министрлигинин керней-сурнай чалган короосуна, маданият тармагына киргизүүсү ойго келбеген иш. Идеологиялык маанилүү тармакты артисттердин (кечирип коюңуздар) колуна берип, кошумча бир департамент түзө коюу – бул реформа экен.

Бул, биринчиден, илгертен саясий курал болуп келген идеологиялык маанилүү каражат – ММКларды маданият тармагына киргизип, аны шылдыңдагандык, маанисин төмөндөткөндүк, девальвациялоо болуп калды. Экинчиден, бюджет өзү жыртык болсо, жамаачыга кездеме таппай турсак, анда көп миллиондуу чыгым менен кошумча департаментти кайсы арыбызга түзүп алдык дейм да. Акча кимге кетип атат? Жергиликтүү басма сөзгөбү же департаменткеби? Ойлонуш керек.

Дал ошол министрлик, дал ошол департамент райондук гезиттерге, областтык гезиттерге маяна төлөөнү киргизип, мамлекеттик бюджеттин чыгымын өздөрү түзүшпөдү беле? Мурда ал гезиттер өз маянасын өзү таап иштеп жатпады беле? Эми баарын түзүп, иреттештирип алып, эми кайра жериликтүү басма сөздү соройто чабуу идеясын эмнеге көтөрүп чыгышты? Же азыноолук калып калган материалдык базасын алуу, ошондон кимдир-бирөө пайда көрүү идеясы эмес беле?

Эң оңой жолу – райондук-областтык гезиттерди чарбалык эсепке өткөрүп, өз алдынча каржылоо менен иштей берүүгө мүкүнчүлүк берүү керек болчу. Жаңы кырдаалга байланыштуу гезиттер өз өнөктөрүн таап, өзүн-өзү каржылоо менен жашап, иштей беришмек эле. Өкмөт да буга баш катырып, бюджетти кыскартуу, жергиликтүү журналисттердин ырыскысын кыюу менен алек болбойт эле. Жакшы ойлонулбаган, жакшы анализделбеген, кесипкөй мамиле жасалбаган иш ушундай болот. Эми бүт Кыргызстандагы аймактык басма сөз кыйынчылыкта, башаламандыкта калды. Көптөгөн жергиликтүү журналисттер жумушсуз калат. Жаштары баякы эле Россияга жол тартышат, жашы өйдөлөп калгандары кайда барат? Ар бир жарандын тагдырын жеңилдетем, аларга камкордук көрөм, аларды социалдык жана башка жактардан коргойм деген өкмөттүн, мамлекеттин кылганы ушубу?

Ырас, өткөндө парламенттин профилдик комитети бул багытты жактырбай, өкмөттүн чыгарган токтомун четке каккан экен. Калыбы депутаттар арасында бул тармакты жакшыраак түшүнгөн, логикасы жайында кишилер бар окшойт. Бирок, профилдик комитет жактырбаган багыт, аракет азыр кайра эле күч алып жатканы кызык. Же жең учунан макулдашылганбы?

Дагы бир кызык жери, юридикалык жактар кантип жоюлуп жатканында. Ар кандай юридикалык жактын жоюлушу мыйзамдарда так көрсөтүлгөн. Адегенде юридикалык жакты жою тууралуу чечим кабыл алынып, коомго жарыяланат, жоюу боюнча комиссия түзүлөт. Бардык өнөктөр, мамлекет менен аласа-береселер бүткөрүлгөн соң гана ишкана жоюлуп, анын мүлкү жана мөөрү алынат. Министрлик андай процедура жасаган жок, райондук жана областтык гезиттердин мүлкү, мөөрү жөн гана буйрук менен тартылып алынууда. Эч кандай мыйзам, тартип жок. Ушундай “реформаторлор” тармакты, өлкөнү өнүктүрө алар бекен?…

Кагаз журналистикасын түшүнгөн киши бар бекен? 

Гезит чыгаруу – оңой иш эмес. Эч болбогондо катасы жок таза жазууну, сабаттуулукту, логикалык туура ойлонууну талап кылат. Гезит чыгаруу технологиясы бул өзүнчө илим, тармак, чөйрө. Мыкты гезитчи журналист мыкты телевидение кызматкери боло алат, бирок телевидение кызматкеринен мыкты гезитчи журналист чыгышы өтө күмөн. Бул эки тармакты тең өздөштүргөн журналисттер азыраак. Жаза билүү – бул айрыкча бүгүнкү күндөгү маанилүү зарылдык. Тилекке каршы, муну өкмөт да, министрлик да түшүнбөй жатат. Эгер түшүнсө, областтык гезиттерди юридикалык жак катары жоюп, аны областтык телевидениенин карамагына өткөрбөйт эле, райондук гезиттерди ойрондобойт эле. Бар нерсени жок кылбайт эле. Бул өтө эле сабатсыздык, төмөнкү деңгээл.

Эгер ушундай эле гезиттерге чыгымды азайтыш керек болсо, аларды өз алдынча каржылоого өткөрүп салса болбойбу? Болот. Райондук гезитерди да ошентсе болбойт беле? Болот. Бирок, өлкө боюнча областтарга медиа-борборлорду түзүп, маалымат саясатын жакшыртуу, күчөтүү жагын көздөп жатышыптыр. Кагаз журналистикасынын деңгээлин түшүрүү, жоюу аркылуу да жакшыртса, күчөтсө болот бекен? Таң каларлык. Анан калса, жүргүзүп жаткан “реформасы” да жер-жерлерде маалымат саясатын күчөтүүгө мүмкүндүк бербейт. Анткени, бизде мындай тажрыйба жок. Адегенде бир областтын мисалында пилоттук долбоорду ишке ашырып, жыйынтыгын көрүп, анан жасашса, анда мейли эле. “Реформаторлор” алдыда эмне келип чыгаарын билбей туруп эле өсүп турган мөмөлүү бакты кыйып, чакчелекей салып жатышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга кагаз журналистикасы өтө маанилүү. Бардык жерде катасыз сабатуу жазуу маселеси айтылып жатат. Ал эле эмес бардык деңгээлдеги телевидениеде титрлер, башка да жазуулар, сүйлөгөн сөздөр ката жазылып, айтылып жатат. Ошол аркылуу тилдик каталар коомго таркатылып, сиңирилип жатат. Кыргыз тили, мамлекеттик тил бузулуп, ойрон болуп баратат. Муну көрүп туруп айтпай коюуга болбойт.

Ал эми ката жазып, сүйлөп калганыбыздын баары гезит журналистикасын колго албаганыбыздан, ага маани бербегенибизден келип чыкты. Албетте, дүйнөлүк тенденция бар, технология алга кетип, интернет деген балакет чыгып, баарын будуң-чаң кылганын билебиз. Бирок, ошол технологиясы өсүп, колу Марс планетасына жеткен өлкөлөрдө кагаз журналистикасы артка кеткен жок, баякы калыбында миллиондоп нускалар менен чыгып жатат. АКШнын президенти Трамп негизинен “Нью-Йоркс таймс” сыяктуу өңчөй гезиттерден запкы жеп, араздашып келатат. Бул талашсыз факты. Кеп интернетте эмес, өзүбүздө, өзүбүздүн деңгээли төмөн “реформаторлордо”, министрлерде, кесипкөй ой жүгүртө албаган департаменттерде.

Ошол 20-кылымда райондук гезиттер сабаттуулукту жоюу жагынан тарыхый үлкөн вазийпаларды аткарышкан. Алар катасыз жазууну, туура ойлонууну жайылтышкан. Жакшы тарбияны, идеяны, нарк-насилдерди таркатышкан. Азыркы электрондук маалымат таркатуу каражаттарынан, интернет каражаттарынан коомчулук ошондой жакшы нерселерди издейби? Көрөбү? Жок, алар шоуларды, көңүл ачуучу нерселерди гана көрөт. Демек, кагаз журналистикасынын ролу жана орду кайрадан реставрацияланып, ал колго алынууга тийиш. Кайра жаралуу доору зарыл болуп турат.

Жергиликтүү журналисттерди короосуна кийирип алгандан бери Маданият министрлиги кагаз журналистикасын өнүктүрүү, аны заманбап ыкмалар менен өкмөттүн, мамлекеттин жана калктын пайдасына иштетүү жагынан кылган аракеттерин, өткөргөн маанилүү окууларын, конференцияларын, заманбап иштиктүү кадамдарын көрбөдүк. Райондук гезиттердин иштешин заманбапташтыруу, аларга усулдук жана кесиптик жардам көрсөтүү, кесиптик билимдерин өстүрүү жана кадрларды даярдоо жагынан жакшы иштерин көрбөдүк. Чет жактагы алдыңкы тажрыйбаларды район-шаарларга жайылтуу, тажрыйбаларды алмашуу, кагаз журналистикасы менен интернет-гезиттердин ортосунан чыккан интегралдык жакшы чечимдерди, башталыштарды үйрөтүү жагынан бир дагы кадамын көрбөдүк. Бирок, райондук гезиттерди жок кылуу жагынан аракеттери укмуш болду.

Дагы кызык жери, жоюлуп, областтык телевидениеге кошулган гезит жамаатында болгону 6 кызматкер иштеп, анда гезит редактору, саясий баяндамачы, техникалык редактор, атайын кабарчы, көркөм редактор, компьютердик оператор болот. Гезит бардык райондордун турмушун чагылдыруу керек. Ал эми Жалал-Абадда кыргыз жана өзбек тилинде чыккан эки гезит бар болсо, жамааттагы алты кызматкердин канчоосу өзбек тилинде чыгаруучу болот? Эгер жарымы болсо, анда кызматкерлер апта сайын гезит чыгарууга мүмкүнчүлүгү болобу? Жетише алышабы? Журналисттердин башы маң, эмне кылышарын, эмне болорун, кандай болорун так билишпейт. Министрликтен мурда башка нерсе айтылып келсе, акыр аягында башка иштер болуп жатканын айтып даттанышууда. Айрым райондордо өз алдынча гезит чыгарыша турганын айтып, министрликтин багытына макул эместиктерин билдиришүүдө. Бир сөз менен айтканда, башаламан абал.

Мамлекеттик саясат, реформа деген мындай болбойт. Ар кандай реформага даярдык керек, кадрларды даярдоо, иштөө форматын даярдоо керек болот. Бирок, андай нерсе болгон жок. Бул реформа эмес, проформа. Бар кылуу эмес, жок кылуу. Муну тезинен токтотуу керек.

Мамлекеттик маалымат саясаты кандай?

Ар бир мамлекет өз коопсуздугун ойлойт, ал түшүнүктүү. Демек, маалымат коопсуздугу да маанилүү. Демек, ошого жараша саясат жүргүзөт, ресурстарды башкарат. Демек, күчтүү маалымат саясаты болушу абзел, аны жүзөгө ашырууга зарыл каражаттарды салууга да мажбур. Ошого жараша медиа ресурстарын, алардын инфраструктурасын түзүшү шарт.. Өкмөт башчынын орун басары Кыргызстанда өз алдынча медиа корпорация түзүлөрүн жар салды, аны маалымат булактары таркатты. Бул корпорация дегени дал ушул биз сөз кылып жаткан маселеге тийиштүү экенин туюп турабыз.

Бизде КТРК деген корпорация бар, ал корпорация катары кайсы медиа-тармактарды жана ресурстарды камтып турат? Кайсы медиа топторду өзүнө бириктирип турат? Менимче, ал өз алдынча эле корпорация болуп турат сыяктуу. Эгер областтык телерадиокомпанияларды анын тутумуна бириктирип, корпорация атаса, анда жакшы болмок. Областтык телересурстар юридикалык жак катары ага кошула алышмак. Өзүнчө ири структура болмок жана үлкөн таасири бар медиа-инфраструктурага ээ болот эле. Өп-чап иштеп аткан, кесиптик деңгээли жагынан алдыга жыла албай аткан областтык телерадиокомпаниялардын кесиптик өсүшүнө жакшы болмок. Бирок, бул борбордогу реформаторлордун же “реформаторлордун” иши.

Же башкача жасаса, мисалы, борбордук мамлекеттик медиа-ресурстарды өзүнчө калтырып, аймактык бардык мамлекеттик мадиа-ресурстарды бир медиа-холдингге бириктерсе болмок. Бул холдингге областтык телерадиокомпаниялар, областтык жана райондук гезиттер юридикалык жак катары кошулмак. Алар ири кесиптик медиа ресурс катары таасири өсүп, өнүгүп кетмек. Теле жана кагаз журналистикасы канаатташ иштеп отурмак. Өзүн-өзү каржылоо жагына оңой чечсе болот эле, кантсе да азыр фандрейзинг системасы барган сайын өнүгүп, кулач жайып баратпайбы? Бул медиа сектор мамлекеттик жана жеке менчик сектор менен активдүү иштеше алмак жана каржы булактарын көбөйтмөк.

Райондук, областтык деңгээлде медиа тармагында иштеп көрбөгөн, ал деңгээлдеги медиа каражаттарынын күнгөй-тескейин жон териси менен сезбеген, калк арасында жүрүп, калктын маалыматтык муктаждыгын жакшы өздөштүрбөгөн чиновниктер реформа жасайм деп, бүтүндөй тармакты, чөйрөнү ойрон кылып коюушу турган кеп. Азыр жүрүп жаткан “реформа” да ушундай болуп кала тургандай.

Эң кызыгы, КР Президенти эки жылдан бери аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап, негизги иш багытын ушу нукка буруп келет. Ал эми өкмөт жана министрлик жергиликтүү гезиттерди жоюу жана алардын өз алдынчалыгын жокко чыгаруу аркылуу президенттик саясатты колдоп жатышабы? Бул ачык эле саботаж эмеспи? Үч жыл убакытты текке кетирип, эми 2020-жылы шайлоолор алдындагы мындай башаламандык кимге керек эле?

Дагы бир аргумент. Министрликтин айрым бир дааватчылары гезиттер өз күнүн жашап бүтүштү деген пикир айтканы эсибизде. Эгер андай болсо, борбордогу өкмөттүк гезиттерди дароо жоюш керек го. Бактыга жараша, гезиттер өз күнүн жашап бүтүшө элек. Буга чейин эле гезиттер өз күнүн жашап бүтүштү дегендер болгон, алардын өздөрү өз күнүн жашап бүтүшүп, гезиттер дагы эле жашап келатышат. Райондук гезиттердин окурмандары бар, алар гезитке жазылышат, гезитти күтүшөт, аны окушат. Күн сайын редакцияга келип, макаласын, башка да материалдарын сунуш кылгандар аз эмес. Район аймагындагы көптөгөн ишканалардын, субъекттердин иши калкка дал ошол райондук гезиттер аркылуу тарап жатат. Калктын калың катмарына сиңген гезиттер – ошол райондук гезиттер.

Анан дагы. Ноокен райондук “Ноокен жаңырыгы” гезитинин редактору Бурайма Раимкулова көп жылдардан бери иштеди. Эң кыйын каатчылык жылдарында айлап, жылдап да эмгек акы албастан гезит чыгарды, себеби жазылуудан түшкөн акча маяна алууга жетишсиз эле. Гезит элге, бийликтерге керек болчу, аны үзгүлтүккө учуратпады. Журналист катары өз милдетин так аткарып, журналистикага берилгендигин көрсөттү. Ошол райондук гезит жана андагы журналисттер президенттин, өкмөттүн саясатын элге жеткирип келишти. Эми алардын кереги жок болуп калдыбы? Ошол ресурстарды кыя чаап, жок кылуу президентке же өкмөткө пайда алып келеби? Логикага жатпайт.

Ооба, бул тармакта реформа керек. Ал реформаны эмнеден баштоо керек? Биринчи кезекте медиа чөйрөнү Маданият министрлигинен чыгаруу менен башташ керек. Бул таптакыр акылга сыйбаган нерседен тезирээк арылганыбыз дурус. Айылдык китепкананын маселесин чече албаган министрлик өтө маанилүү тармак – медиа тармагын өнүктүрөт бекен? Күлкү келерлик нерсе.

Андан кийин гана структуралык реформаларды баштай берсе болот. Алар кандай болорлугун жогоруда айтып кеттик.

Биз мамлекетти тармактарды кыскартуу, аларды бюджеттик кысымга алуу, өлкөнү бар кылып турган тармактарды четинен кертип-кескилөө менен эмес, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу менен гана өнүктүрүүбүз керек. Колубуздагы балтаны жерге коюп, кетмен-күрөк менен иш кылалы.

Жалил Сапаров, “Контент-медиа” коомдук фондусунун директору.

Жалал-Абад шаары.     

Булак: https://kyrgyztoday.org/news

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс