Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / ОРОЗО МОЛДО ТУУРАЛУУ УККАНСЫЗБЫ?

ОРОЗО МОЛДО ТУУРАЛУУ УККАНСЫЗБЫ?

Өз аты Молдо Мурзакан Умаров (1906-1988)
Азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы айтылуу Исфайрам (Иса-Марям) дарыясынын жээгинин күн батыш тарабында Кара-Жыгач айылында эл арасында : «Орозо Молдо» -деген ысым менен атагы алыска кеткен, Кудайга кулчулук кылган бир пенде жашап өткөн.
Жаштайынан илимге ынтызар болгон Мурзакан чоң-атабыз эр жетип, чогуу өскөн достору менен биргеликте айыл аксакалдарынын,ата-энелеринин ак баталарын алып,ашуу ашып, илим издеп Тажикстандын Жерге-Тал районуна барышат.Ал жерде шарият илимдерин 5 жыл окуп, устазынын батасын алып туулган жерине кайтат. Мекенине келип алган илимин жайылтуу максатында бала окутуп, дин кызматтын кылат.Арадан көп убакыт өтпөй, тынч жашап жаткан совет элине фашисттик Германия кол салат.Көптөгөн эр азаматтардын катарында душманга каршы колго курал кармап, мекенди коргоо үчүн жоого аттанат. Улуу Ата-Мекендик согушта жүргөн мезгилинде да намазын үзбөй окуп, Кураанын хатым кылып жүрөт жана «аман-эсен эл-журтума барсам, өмүрүм өткөнчө жыл айланта орозо кармаймын» -деп Жаратканга убада берет.(Назр маселеси).Тилеги кабыл болуп, алты саны аман мекенине кайтат. Өз убадасында туруп,өмүрүнүн акыркы көз ирмемдеринде да:»Күндүздүн күнү аманатты тапшырсам, оозума суу тамызбагыла,орозо оозум менен ахырет сапарына аттанайын»- деген экен…
Дамыллабыздын сөзүн жерге таштабай, жакын туугандары,эриндерине суу тийгизбей күндүздүн күнү орозо оозу менен, ыйман келмеси менен жалган дүйнөдөн чыныгы дүйногө узатышыптыр…
Бул — » Жогорку даражадагы эрктүүлүк, жоопкерчилик,Кудайга болгон чыныгы сүйүү мусулман баласына таандык асыл сапат»- деп айтсак жаңылышпайбыз.Өз напсисине ээлик кылуу, тактап айтканда напсинин каалоосуна каршы туруу олуялык макаамга (даража) жеткирет эмеспи…
Мындай адамдар бирөөнүн акысын жебейт,аманатты аманат -деп билет, жадагалса мамлекеттик деңгээлдеги кызматкер болсо да өз эли-журтуна кыянаттык кылбайт.
«Убадага бек болуу»-ыймандын талаптарынан болгон себептүү, сиз менен биз бири-бирибиздин алдыбыздагы мамилелерибизде(кызматтык,алды-берди,соода-сатык ж.б.) канчалык деңгээлде сөзүбүзгө бек болуп сөзбүздүн үстүнөн чыга алып жатабыз же керт башыбыздын кызыкчылыгын алдыга койуп турабызбы,ойлонойлучу?…
Чоң -атабыз Молдо Мурзакан 82 жыл өмүрүнүн 44 жылын жыл бою орозо кармоо менен өткөрүп бир да жолу оорубаптыр,дары-дармек ичпептир,укол да албаптыр. Албетте, «орозо кармоо ден соолукка пайдалуу»- экендигини Кудайдын каалоосу менен амал жүзүндө (иш жүзүндө) даават кылганын эми түшүнүп жатпайбызбы…
Азыркы өнүккөн медицина,япон профессорлору «Ачка болуу менен дарылоо»-деп адам организминдеги зыяндуу заттарды сүрүп тазалашууда…
Дагы айта кетчү сөз,дамылабыз орозо кармагандыгыны башкаларга милдет кылбастан эл катары колхоз-совхоздо гырманчы болуп,чапар айдап(арпа -буудай жанчып), дан сапырып жайдын ыссык узун күндөрүнү өткөрүптүр,мал багып кыш чилденин суук күндөрүнү өткөрүптүр…
Ал эми биз бүгүнкү күндө фарз болгон Рамазан айынын орозосуна күн санап, араң чыдайбыз…
Даммылабыз өмүрлүк жубайы Малика эжебиз менен биргеликте 4 уул,3 кызды жогорку билимдүү кылып тарбиялап өстүрүштү. Ата-энеден татыктуу ыйман тарбиясын алган балдар, айылдык мечитти 2007-жылы заманбап кылып кайра баштан куруп беришти.
Орозо Молдо даммылабыздын урматына Кара-Жыгач айылынын эли 1997-жылы айылдык мечиттибиздин атыны «Ороз Молдо Мурзакан»атындагы мечит деп аташты.
Бүгүнкү күндө мечиттибиз мамлекеттик каттоодон өткөн жума мечиттеринин катарында, элибизге Ислам,ыйман-ибаадат сабактарыны берип кызмат кылып келүүдө.
Аллахым, устаз Орозо Молдо Мурзакан даммылабыздын кабырыны нурга бөлөп,Өзүң убада кылган Раяан бейишиңден насип кылгын!

Макаланы даярдаган : Баткен казыятынын маалымат кызматы

«Орозо Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибеков.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс