Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / Кыргызстанда бийлик комлекстүү проблема…

Кыргызстанда бийлик комлекстүү проблема…

Анткени ал бир гана парламенттен турбайт. Ал Сот бийлигинен, Аткаруу бийлигинен жана Мыйзам чыгаруу бийлигинен турат. Төртүнчү бийлик катары маалымат каражаттары бар.

Учурда Жогорку Кеңешке шайлоо маселеси талкууланып жатат. Партиялык тизменин негизинде элдин талапкерге түз добуш берүүсүнө жетишүү жана босогону төмөндөтүү коомчулук тарабынан көтөрүлүүдө. Ушуну чечсек максатка жетебиз дегендей күтүү, ой,ынаным күчтүү…Бирок андай эмес. Анткени жогоруда айтылгандай, бийлик бир парламенттен турбайт…

Кыргызстанда эки баштуу аткаруу бийлиги бар. Анын бир башы президент, экинчи башы өкмөт башчы. Президенттин финансы-экономикалык иштерге кийлигишүүсүнө конституция жол бербейт. Бирок ал баарына аралашат, кийлигишет. Кадр саясатын чечет. Бирок сурап келгенде эч нерсеге жооп бербейт.

Өкмөт башчыда укук бар. Бирок мүмкүнчүлүк жок. Ал президенттин эрки менен премьерликке келген. Ошондуктан президентке кылчактап отурат. Чындап сурап келгенде же талап койгондо акыр аягында баарына президент жооп берет деп, четке чыга берет…

Аткаруу бийлигинде мына ушундай эффективсиз, жоопкерсиз эки баштуу нерсе турат. Ошондуктан, биринчи кезекте аткаруу бийлиги бир баштуу болуш керек. Аткаруу бийлигинин башында АКШдагыдай президент же Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөй, Япониядай премьер-министр туруш керек.Ошондо жоопкерчилик, натыйжа болот. Эл дагы кимден сурап алышты билет.

Сот бийлиги Кыргызстанда президентке жана анын аппаратына баш ийет. Ошондуктан сот адилеттүүлүгү жөнүндө сөз кылууга болбойт. Сот бийлигин президенттен көз карандысыздыкка жеткирүү, алардын толук эгемендүүлүгүн камсыздоо эң башкы маселелерден…

Үчүнчү маселе, өлкө жарандарына Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана парламентке шайлануу укугун калыбына келтирүү керек. Азыр ким депутат болушун эл эмес, партия лидери аныктайт. Бул элдин шайлоо укугун узурпациялоо…

Бийлик маселесин мына ушундай комплекстүү карап, чечмейин азыркы ашмалтай саясат улана берет. Андай ашмалтай бийликтен, системадан, саясаттан өлкө карызы өсүп, жаштар эмгек миграциясына кетип, коррупция, жоопкерсиздик өкүм сүрүп, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарда деградация улана берет…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс