Суббота , 27-Февраль 2021
Башкы бет / Аналитика / Женгиз Камил Фырат: “Түркия Сириядагы террорчулар менен аёосуз күрөшөт”

Женгиз Камил Фырат: “Түркия Сириядагы террорчулар менен аёосуз күрөшөт”

Түркия Республикасынын Сириянын аймагында “Тынчтык булагы” деп аталган операцияны баштагандыгына эки жума болуп калды. Бирок бул аскердик иш чаранын жүрүшү, максаты тууралуу кээ бир чет элдик ММКлар, айрыкча АКШ менен Батыш өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары дүйнө коомчулугуна тескери маалымат беришүүдө. Ушул жагдайдан улам Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камил Фырат мырза Кыргызстандагы жергиликтүү жана эл аралык пресса өкүлдөрүнө кеңири маалымат жыйынын өткөрдү.

Түркиянын аскердик операциясын АКШ да, Россия да колдойт

“Өзүңүздөргө маалым болгондой, 9-октябрдан тартып Түркия Республикасынын армиясы тарабынан Сириянын түндүк аймагында “Тынчтык булагы” аттуу аскердик операция жүрүүдө. Тилекке каршы айрым чет элдик маалымат каражаттары биздин өлкөнүн жетекчилиги тарабынан Сирия элинин бейпилдиги менен тынч жашоосун көздөгөн бул аракетин түшүнбөй жатышат же атайлап бурмалап, дүйнө элине көрсөтүү аракетин жасашууда”,- деп баштады сөзүн элчи мырза.

“Кечээ, 22-октябрда Сочиде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Анын жыйынтыгында эки тарап Сирия боюнча 10 пункттан турган “Россия Федерациясы менен Түркия Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга” кол коюлду. Бул Россиянын Түркиянын Сириядагы аскердик операциясын колдой тургандыгын билдирет”,- деди.

Аталган документте төмөндөгүлөр белгиленген:

  1. Эки тарап тең Сириянын саясый биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн таанууну, ошондой эле Түркиянын улуттук коопсуздугун камсыздоону тастыктайт.
  2. Алар террорчулуктун баардык формалары жана көрүнүштөрү менен күрөшүүгө чечкиндүүлүгүн белгилейт жана сириялык аймакта сепаратисттик умтулууларга каршы турат.
  3. Бул контексте Тель-Абьяд жана Рась Аль Айн райондорундагы 32 км.ге чейинки ичкеридеги жүргүзүлүп жаткан “Тынчтык булагы” операциянын статус-квосу сакталат.
  4. Эки тарап тең Адан келишиминин маанилүүлүгүн тастыктайт, Россия Федерациясы Адан келишиминин азыркы шарттарда ишке ашырылуусуна көмөк көрсөтөт.
  5. 2019-жылдын 23-октябрында саат 12:00дөн тартып сирия-түрк чек арасынын сириялык тарабынын “Тынчтык булагы” операциясы жүрүп жаткан аймактан тышкары бөлүгүнө россиялык аскердик полиция менен сириялык чек ара кызматынын бөлүктөрү киргизилет. Алар күрт оппозициялык күчтөрүнүн аскерлерин жана куралдарын сирия-түрк чек арасынан 30 км. аралыкка чыгарууга көмөк көрсөтөт. Бул аскердик иш чара 2019-жылдын 23-октябрынын саат 12:00 убактысынан баштап эсептегенде 150 сааттын ичинде аяктоосу зарыл. Бул учурдан тартып Камышлы шаарынан башка “Тынчтык булагы” операциясы жүрүп жаткан аймактын батыш жана чыгыш чек арасынан 10 км. ичкериде россия-түркиялык биргелешкен күзөтү башталат.
  6. Күрт оппозициялык күчтөрүнүн баардык аскерлери жана куралдары Мэнбиж жана Таль Рифаттан чыгарылат.
  7. Эки тарап тең террордук элементтердин тынч жашаган элге кошулуп кетүүсүн ооздуктоо үчүн зарыл чараларды көрөт.
  8. Качкындардын коопсуз жана ыктыярдуу кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн биргелешкен аракеттер көрүлөт.
  9. Бул Меморандумдун ишке ашуусун биргелешкен мониторинг жана ишеним механизмин түзгөн координациялоо түзүлөт.
  10. Эки тарап тең “Астана механизми” алкагында сириялык чыр-чатакты саясый жол менен чечүүнүн үстүнөн иштөөнү улантат жана Конституциялык комитеттин ишмердүүлүгүн колдойт.

Жогоруда белгиленгендей, “Тынчтык булагы” операциясы тууралуу терс маалымат тараткандар Түркия мамлекетинин бул аскердик иш чараны эл аралык коомчулук жана Сирияда тынчтыкты орнотуу процессине катышкан өлкөлөр менен макулдашпай жүргүзгөндүгүн бетке кармашууда.

Элчи мырза андай дооматтарга жооп катары мындан алты күн мурда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарада АКШнын вице-президенти Майк Пенс жана Мамлекеттик катчысы Майк Помпеону кабыл алып, Түркия жана АКШнын ортосунда 13 пункттан турган биргелешкен билдирүү кабыл алынган.

Бирок Түркияга оюу түз эмес айрым мамлекеттер сирия-түрк чек арасында террорчулардын уюгун түзүүнү көздөшүүдө. Тилекке каршы алардын мындай кара мүртөз планы ишке ашпай тургандыгын дагы бир ирет белгиледи, элчи.

Түркия Сириядагы качкындардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындан мурда да, 2017 жана 2018-жылдары PYD / YPG террордук топторуна каршы аскердик операцияларды өткөргөн. Анда 360 миң сириялык качкындар өз өлкөсүнө кайтып барышып, коопсуз жашоосун улантышкан.

Түркия сириялык качкындарды багууга $40 млрд. сарптады

Бүгүнкү күндө Түркиянын аймагында 3,6 млн. сириялык качкындар баш калкалашууда. Алар убактылуу баш калкалоодон тышкары тамак-аш менен камсыз болуп, балдар мектептерде билим алышууда. Мындан тышкары Сириянын өзүндөгү үч млн.го жакын качкындардын жашоо-турмушу Түркия тараптан чечилүүдө. Жалпысынан жети миллионго жакын сириялык качкындарды багууга Түркия өкмөтү алты жылдын ичинде $40 млрд.га жакын каражат жумшалды. Ал эми Батыш өлкөлөрү убада кылган сумманы бербей, болгону $3 млрд. гана берген.

“Демек, Сириянын калкы 21 млн. болсо, Түркия анын 3/1ин багып жатат”,- деди элчи.

Ошол эле учурда дагы бир нече миллиондогон сириялыктар өз өлкөсүн таштап, чет жактарга, айрыкча Батыш өлкөлөрүнө чыгып кетүү аракетин көргөн. Аларды Түркия гана кармап калууда. Бул аралыкта АКШ тарабынан 30 оор жүк ташуучу машиналар менен Сириянын аймагындагы террорчуларга курал-жарак жеткирилген. “Алар ушул 30 машина куралдын ордуна азык-түлүк берсе болбойт беле?”,- деди элчи. Тилекке каршы Батыштын маалымат каражаттары Түркиянын бул аракеттери тууралуу бир ооз да айтып коюуга жарашкан жок.

Сириянын түндүгү террорчулардан толук тазаланат

Түркия өзүнүн Сирия менен болгон чек арасындагы 30 км. аралыктагы PYD / YPG террорчуларын толук тазалоо менен гана чектелип калбастан, ал аймакка сириялык качкындардын кайтып баруусуна жана жашоосу үчүн баардык шарттарды түзүп берет.

Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, Түркиянын атайын кызматтарынын аракети менен Сириядан Батыш өлкөлөрүнө өтүү аракетин көргөн 7621 террорчу жана 9,5 миң жоочу экендиги шектелгендер артка кайтарылган.

PYD / YPG террорчулары 1984-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Түркияда 40 миң адамды өлтүргөн.

“2015-жылы АКШ армиясынын инструкторлору Түркиянын аймагына кирип алышып, күрт террорчуларына согушууну ыкмаларын үйрөтүшкөн. Өзүңүздөр элестетип көрүңүздөрчү, эгер Кыргызстандын аймагына башка мамлекеттин аскери кирип алып, террорчуларды кантип согушуу керектигине  үйрөтүп жаткандыгын жана ага мамлекет кандай чара көрмөк?”,- деди Женгиз Камил Фырат.

Өздөрүн “Сириянын демократиялык күчтөрү” деп атап алган террорчулардын катарында колуна курал кармаган жаш балдар да бар экендигин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш да айткан.

 Сириядагы түрмөдөн 800 террорчу бошотулган

 Элчи мырза андан ары документалдуу фотолор менен “Тынчтык булагы” операциясы башталар алдында Сириянын түрк жоокерлери кирген аймактагы түрмөдөн 800 террорчу бошотулгандыгын көрсөттү.

Бул кимдин колунан келиши мүмкүн? Албетте, аларды колдоп, курал-жарак менен камсыз кылган жана азыр Түркия, бүтүндөй Жакынкы Чыгыш аймагында согуш отун андан ары тутантууну көздөгөн өлкөлөр.

Түркия эч качан химиялык курал колдонбойт

 “Тынчтык булагы” операциясына көө жаап, дүйнө коомчулугуна терс жагынан көрсөткүсү келген тараптар түркиялык армия фосфор бомбасын колдонгондугу тууралуу калпты айтуудан да кайра тартышкан жок.

“Түркияга көө жапкысы келгендер 2012-жылы Ливиянын жетекчиси Каддафини жок кылууда колдонгон фосфордук бомбанын сүрөтүн көргөзүп, дүйнөлүк коомчулуктун башын айлантып жатышат. Түркия хмиялык куралдарды колдонбоо тууралуу баардык документтерди ратификациялаган. Бүгүнкү Түркия Осмон империясы эмес. Ошондуктан биздин өлкөнү мындай жаманатты кылуу аракети суу кечпейт”,- деди элчи.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Түркия бийлигинин Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүү тууралуу өтүнүчүнө 16 ай боюу жооп бербей, 2019-жылдын 14-январында гана жооп кайтарган. Бирок бул аралыкта аталган аймактагы террорчуларга жүздөгөн машиналарга жүктөлгөн курал-жарактар жеткирилип турган.

Ошол эле учурда “Тынчтык булагы” операциясы БУУнун №51 Конвенциясына ылайык ишке ашырылгандыгы эл аралык нормага да жооп берерин далилдеп турат.

“Биз Сирияда толук тынчтык орношун жана аймактык  бүтүндүгүн каалайбыз. Ошол эле учурда чет өлкөлөр тарабынан жабдылган террордук уюмдардын чек арабызда пайда болуусун каалабайбыз жана аларды толук жок кылабыз!”,- деп сөзүн жыйынтыктады элчи.

Адилет Жапаров.

 

 

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс