Суббота , 27-Февраль 2021
Башкы бет / Аналитика / ПАРТТИЗМЕ, 9% БОСОГО… ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДӨ КАНДАЙ?

ПАРТТИЗМЕ, 9% БОСОГО… ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДӨ КАНДАЙ?

Кыргызстан 2007-жылдан бери Жогорку Кеңешти партиялык тизме менен шайлап келатат. 2020-жылы төртүнчү ирет мына ушундай тартип менен шайлоо болуу алдында турат.

2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин кабыл алынган Конституция парттизме менен шайлоону бекемдеди. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков аны күчөтүп, босогону 9% көтөрдү. Муну менен парламентке келүү татаалданып, аны өз тарапкерлери менен узурпациялап алууга шарт түзүлду.

Мындай реформанын максаты парламенттин ролун күчөтүп, соңунда парламенттик башкаруу системасына өтүү болчу. Тилекке каршы максаттар орундалбады, үмүттөр талкаланды. Элдин, коомчулуктун партиялык тизмеге, коррупцияга, жоопкерсиздикке нааразылыгы аябай күчөдү.

Партиялык тизме менен шайлоо эмнеге алып келди:

Биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттарын 100% партиялык тизме менен шайлоо партиялык коррупциянын гүлдөшүнө алып келди. Партия лидерлери тизмедеги алдыңкы орундарды 100 миң доллардан 500 миң долларга чейин сатып калышты. Ошону менен Жогорку Кеңеш келбей жатып коррупциялашты.

Элдин берген түз добушу эмес, партия лидеринен мандатты сатып алган же лидердин жеке симпатиясы менен келген депутаттар ошол лидерден көз каранды болуп, элдин өкүлү болуудан калды. Шайлоочулары менен байланышы жок, демек элде таянычы жок депутаттар бийликтен, партия лидеринен жалтактап, алардын көзү менен айланып калды. Натыйжада партиялык тизме менен келген Жогорку Кеңеш алсыз, саясий эрки жок, көрөңгөсү бөксө, жоопкерсиз, эл менен байланышы жок органга айланды.

Мындай Жогорку Кеңеш учурунда жоопкерсиздик, кадимки коррупция менен катар саясий коррупция өтө күчөдү. Муну Кумтөрдө токтобогон талап-тоноочулук, Бишкек ЖЭБи баш болгон ири долбоорлордо 100 миллиондогон долларларды уурдоолор далилдеп турат. Жогорку Кеңештин алсыздыгы сот бийлигин узурпациялоого, аны жеке кызыкчылыкта, саясий оппоненттерди куугунтуктоодо пайдаланууга жол ачты.

Эң башкысы, партиялык тизме элдин өз депутатын өзү түз шайлоо укугунан ажыратты. Ким депутат болушун эл эмес, акча же партия лидерлери чечип калды.

2010-жылкы Конституциянын автору аталган Өмүрбек Текебаев быйыл 14-февралда жарыяланган интервьюсунда партиялык тизме менен шайлоону жактап жатып, эгерде азыркы учурда бир мандаттуу округдардан шайлоо болсо, анда байлар, базаркомдор добуштарды сатып алып, ошолор гана парламентке келе турган болуп калат дейт. Административдик ресурс абдан күчтүү колдонула баштайт деп эскертет.

Добуштарды сатып алуу көтө кеңири тараган Кыргызстанда андай болушу мүмкүн. Бирок элге өз тагдырын өзү чечип, жогорку бийликке өз өкүлүн өзү шайлап алуусуна жол берилиш керек. Анткени калк эмес, “акылдуу” партия лидерлери “шайлап алган” парламент кандай сапатта болорун, ал кандай кесепеттерге алып келерин парттизме менен үч жолу шайланган Жогорку Кеңеш көрсөттү.

ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДӨ ПАРЛАМЕНТ КАНТИП ШАЙЛАНАТ?

Өнүккөн өлкөлөрдүн биринде да калкка 100% партия лидерлери тарабынан талапкерлер тизмеси таңууланбайт. Аны Япония, АКШ, Британия, Франция, Түштүк Корея, Литва жана Германиянын парламенти кандай жол менен шайланары так көрсөтүп турат:

1. Япония. Бул өлкөдө кош палаталуу парламент иштейт. Алар аралаш шайлоо системасы менен шайланат. Маселен, Кыргызстандын мурдагы Мыйзам чыгаруу палатасы сыяктуу Япониянын Эл өкүлдөрү палатасынын 480 депутатынын 300 бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Калганы пропорционалдык система менен шайланат. Анда да бүт өлкө 11 регионго бөлүнүп, калктын санына жараша депутаттык мандат бөлүнөт. Япон парламентинин Жогорку палатасы да аралаш система менен шайланат.

2. Түштүк Кореянын 300 депутатынын 246сы бир мандаттуу округдардан, калган 54 партиялык тизме менен шайланат. Эл шайлаган депутаттар гана президенттин коррупциялык ишине бөгөт коюп, керек болсо аны абакка отургузуп коерун көпчүлүгү эл тарабынан бир мандаттуу округдардан шайланган Түштүк Корея парламенти далилдеп отурат. Президент Пак Кын Хенун камалышы анын күбөсү.

3. Британия, АКШ, Канада, Францияны алсак.
Демократиянын бешиги аталган бул өлкөлөрдө да парламентке депутаттар жалаң гана бир мандаттуу округдардан шайланат. Талапкер көрсөтүүгө партия да, жеке инсан да укуктуу. Бул эки өлкөнүн бири-Британия таза парламенттик башкарууда турса,Францияда президенттик бийлик үстөмдүк кылат.

4. Парламенттик системада гүлдөп жаткан Европанын экономикалык жактан эң кубаттуу өлкөсү Германия парламенти- Бундестагга аралаш система менен шайлоо жүрөт. Бундестагдагы 612 депутаттын жарымы бир мандаттуу округдардан, калган жарым бөлүгү жер-жерлердеги партиялык тизме менен шайланат. Бундестагга өтүү үчүн 5% добуш алуу жетиштүү. Эки бюллетенди колуна алган Германия жараны партиялык тизмеге жана жеке талапкерге добуш берет. Мына ушул эки түрдүү шайлоонун ичинен партиялык тизме менен шайлоо маанилүү деп эсептелет. Анткени партиялык тизмеси көп добуш алган партия өкмөт түзүү укугуна ээ болот. Чыныгы парламенттик системада жашап жаткан Германия мына ошентип бир ок менен эки коен аткан. Бир жагынан эл өз депутатын өзү шайлап алса, ошол эле учурда партиялык тимезге да добуш берип, өкмөттү түзүүнү кайсы партияга ишенип тапшырарын да чечет.

5. Кошмо Штаттарда Конгресске партиялык тизме менен шайлоону элестетүү мүмкүн эмес. Конгрессмендер шайлоо округдарынан эл тарабынан түз шайланат. Партиялар сүрөөнчү, колдоочу болуп катышат. Мына ошол эл шайлаган Конгресс аткаруу бийлиги толугу менен колунда турган Президентке жок дей алат. Мына ошентип бийлик балансы түзүлгөн. Толук көз карандысыз сот системасы ал балансты ого бетер бекемдеген.

6. Литванын Сейминде 139 мандат бар. Анын 70 партиялык тизме менен, калган 69 бир мандаттуу округдардан шайланат. Украина, Россия да парламентинин жарымын бир мандаттуу округдардан шайлап, партиялар монополиясын алсыратууда.

7. Баары тамшанган жана мисал туткан Сингапурда да парламент бир мандаттуу округдардан шайланат. Алар Британиянын парламенттик системасын көчүрүп алышкан.

Кыргызстанга таңууланган 100% партиялык тизме элдин шайлоо укугун бузган, кемтик система экенин көрүнүп турат. Кыргызстан таза парламенттик системага өткөн кезде да элдин өз депутатын өзү шайлоо укугун калыбына келтирүү зарыл экени көрүнүп турат. Эң жогорку бийлик органы болгон Жогорку Кеңешти партия лидерлери эмес, эл өзү түзүүгө тийиш. Шайлоодо эл анча-мынча жаңылып, азгырыкка алдырышы мүмкүн.Бирок бүтүндөй калкты такай алдоо мүмкүн эмес.

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс