Четверг , 25-Февраль 2021
Башкы бет / Досье / Түркиянын элчилигинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Түркиянын элчилигинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

27-сентябрда Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин имаратында белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрү Жылкычы Жакыпов менен Талант Огобаевдин “Интерьерге сейил” аталыштагы көргөзмөсү болду. Ага аталган элчиликтин кызматкерлери, Кыргызстандагы түркиялыктар менен чет өлкөлүк дипломатиялык мекемелердин жана кыргызстандык маданият, искусство ишмерлери катышышты. Бул иш чара Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат менен жубайы Василики Фыраттын демилгеси менен уюштурулду. Элчиликтин жыйындар залына белгилүү сүрөтчүлөр Жылкычы Жакыпов менен Талант Огобаевдин кыл калемине таандык сүрөттөр коюлуп, коноктордун назарына тартууланды.

Иш чаранын ачылышында алгач сөз сүйлөгөн Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат өз өлкөсү жана элчилик бир тууган кыргыз өлкөсүнүн маданият, искусство тармагын колдоо жана боордош эки элдин достугун чыңдоо максатында бир топ долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгын белгиледи. “Биз Кыргызстанда көптөгөн маданий долбоорлорду ишке ашырып келүүдөбүз. Бүгүнкү сүрөт көргөзмөсү ошол иштерибиздин бир бөлүгү болуп саналат. Мурда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын үчүнчү кабатында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн кыл калеминен жаралган көргөзмөнү уюштурганбыз. Маданият дүйнө жүзүндөгү ар кайсы расадагы жана тилдерде сүйлөгөн элдерди бириктирип, ынтымагын бекемдейт. Бүгүн Сиздер белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрү Жылкычы Жакыпов менен Талант Огобаевдин кыл калеминен жаралган сүрөттөрдүн көргөзмөсүнө күбө болуудасыздар. Алар мурда Түркияда жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында өз эмгектерин тартуулап келишти”.

Андан соң эки сүрөтчүнүн өмүр баяны менен эмгектерин чагылдырган кыскачы видео тасма тартууланды. Мындан кийин сөз сүйлөгөн Жылкычы Жакыпов буларга токтолду: “Биз көп жылдык жана көз нурун талдырып жараткан эмгектерибизди Түркияда, Түндүк Кипрде жана өз мекенибиз Кыргызстанда сүрөт сүйүүчүлөрүнө тартуулаган камкордугу үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырзага жана анын жубайы Василики Фырат айымга терең ыраазыбыз. Мындан ары биздин эмгектерибиз түрк дүйнөсүнө да тартуулана баштады”.

Ал эми Талант Огобаев болсо: “Биз Жылкычы Жакыпов экөөбүз бир курактабыз жана чогуу окуп, ушул учурга чейин биргелешип иштешип келатабыз. Биздин эмгектерибиз буга чейин Россиядагы белгилүү Третьяков музейинин сүрөт көргөзмөсүнө коюлган. Эми Түркия аркылуу башка да чет мамлекеттерге тааныла баштадык. Ушундай шарт жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергендиги үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчисине жана анын жубайына мен да ырахмат айткым келет”,- деди.

Көргөзмө элчиликтин пландаган маданий иш чараларынын алкагында үч күнгө уланмакчы. Анын максаты – кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин Түркияга жана Кыргызстанга таанытуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланышын арттыруу болуп саналат.
Жылкычы Жакыпов 1988-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү. Республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын негизги эмгектери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм музейинде, Москвадагы Третьяковский галареясында, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү жана чет өлкөлөрдөгү музейлерде сакталып турат.

Талант Огобаев таланттуу, коомдук турмушка активдүү аралашкан сүрөтчү катары таанымал. Анын эмгектери да Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм музейинде, Третьяковский галареясында, чет өлкөлөрдүн музейинде сакталган. СССРдин Күмүш медалынын ээси.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс