Мы понимаем Вашу искреннюю озабоченность сложившейся непростой ситуацией вокруг ДТП, в которую попал один из наших соотечественников.
Сейчас некоторые журналисты и политики, к сожалению, пытаются заработать на этом себе очки. В том числе, и такие как Малахов. Но мы должны в этой очень сложной ситуации вести себя цивилизованно и не идти на поводу, как Вы правильно подчеркиваете, у отдельных шовинистов. Попытки раздуть конфликт на этой почве будут продолжаться, но мы не можем позволить, чтобы отдельные недобросовестные политики, втянули нас в скандал. Искусственный ажиотаж вокруг этого ДТП может негативно повлиять на судьбу нашего соотечественника, находящегося сегодня под следствием.
Посольство внимательно отслеживает данную ситуацию и работает в тесном контакте с правоохранительными органами. Для нас на первом месте стоит судьба нашего соотечественника, а не позиция отдельно взятого телеведущего. Я, как впрочем и все сотрудники посольства, не можем позволить себе заниматься популизмом и играть судьбами наших граждан!
Мы с Вами в свое время испытали на себе воздействие судебной и правоохранительной системы. Не понаслышке знаем, к чему может привести давление на отдельно взятого человека государственной машиной. Я, как дипломат и политик, как Чрезвычайный и Полномочный Посол всегда буду ставить во главу угла права человека. И отстаивать права наших соотечественников на всех уровнях, и во всех случаях. В данном конкретном случае нельзя забывать еще и о таком принципе: не навреди!
Спасибо Вам и всем нашим активным гражданам, которые действительно искренне озабочены судьбой нашего соотечественника.
Элчи А.Джекшенкуловдун К.Ташиевдин Малаховдун телеберүүсү тууралуу кайрылуусуна берген жообу
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Биздин мекендешибиз катышкан жол кырсыгынын айланасында түзүлүп жаткан кырдаал боюнча тынчсызданууңузду чын дилимден түшүнүп турам.
Азыр айрым журналисттер жана саясатчылар, Малаховго окшоп, тилекке каршы, ушул кырдаалдан да өзүнө упай топтоп алууну көздөп жатышат. Бирок биз бул татаал кырдаалдан цивилизациялык жол менен, Сиз айткандай айрым шовинисттердин айткандарына моюн сунбастан, мыйзамдуу түрдө чыгышыбыз керек.
Бул окуянын негизинде чыр-чатакты андан ары күчөтүү аракеттери улана бериши мүмкүн, бирок биз айрым саясатчылардын жасалма жол менен уюшулган талашына киришүүгө жол бербешибиз керек. Жол кырсыктын айланасында атайын ажиотаж түзүү, тергөөдө отурган мкендешибиздин тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Элчилик бул кырдаалды, жол кырсык боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү тыкыр көзөмөлгө алган жана укук коргоо органдары менен тыгыз иштешүүдө. Биз үчүн биринчи орунда мекендешибиздин укугун коргоо, анын тагдыры турат. Мен жана Элчиликтин кызматкерлери популизм менен алектенип, мекендештерибиздин тагдыры менен ойноого жол бербейбиз.
Биз Сиз менен сот жана укук коргоо органдарынын таасирин бир топ эле көрдүк. Мамлекеттик машина тарабынан менен жеке адамга карата басым жасоо эмнеге алып келээрин жакшы билебиз. Мен дипломат жана саясатчы катары, жана Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи катары адам укугун коргоону эң алдыңкы орунга коем. Биздин мекендешибиз кайда болбосун, кайсы кырдаалда болбосун анын укугун коргойм. Бул кырдаалда дагы бир нерсени унутпашыбыз керек: зыян келтирип албоо!
Сизге жана мекендешибиздин тагдыры үчүн, элибиздин намысы деп күйгөн жалпы биздин бардык активдүү жарандарыбызга терең ыраазычылык билдирем.