Среда , 3-Июнь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / А.Масалиевдин олуялыгы…

А.Масалиевдин олуялыгы…

Урматтуу достор, «Жалгыз дос» китебинин кезектеги үзүндүсүн жарыялаймын. Толук жарыялаганга уруксат бербейт экен ФБ…

Төмөндө баяндала турган окуялар тизмеги, өмүрүнүн эң акыркы күнүндөгү, 31-июлдагы акыркы жасаган иштери Абсамат Масалиевдин билип-билбестен туруп, акыркы сапарга даярдануусундай туюлат. Жараткан өзү сүйгөн пендесине мына ушундай өмүрдү жана акыркы сапарды буюругандай…
Абсамат Масалиев мени менен бирге Куршабка барып, чай ичип, конуп жүргөн учурларда атам менен таанышып, абдан жакын болуп кетишти. Экөө бир жылда төрөлгөн болуп чыкты. Менин атам 1933-жыл 1-апрелде, Абсамат Масалиев 1933-жыл 10-апрелде жарык дүйнөгө келген. Ошондуктан Абсамат Масалиев атамды менден тогуз күнгө улуу экенсиз деп, дайыма аксакалдык орунга, төргө отургузат эле.
Мына ушундан үлгү алып, мен Мамасадык деген классташымды дайым төргө өткөрүп жүрөм. Ал менден тогуз саат эрте туулган.
Алышта Абсамат Масалиевдин бир тууган иниси Абсатар аксакал жашайт. Абсамат Масалиевдин көзү өтүп кеткенден кийин экөөбүз аябай жакшы мамиледе жүрдүк. Бишкекте, Ысык-Көлдө кандайдыр бир иш-чара өткөрүп калсам, маселен, Исхак Раззаковдун, Жусуп Абдырахмановдун эстелигин ачканда, ошол кишини аксакал катары чакырып алчумун. Ал киши менен жети-сегиз аксакал кошо келчү. Учаны ошол кишиге тартып, сый көрсөтүп жүрдүм. Ал киши өзү абдан жакшы молдо эле. Кадамжайдын каеринде жыйын өткөрбөйүн келип, алдыңкы катарларда отурат эле.
Бул жерде таң калыштуусу эмнеде болуп жатат?
Абсамат Масалиев өткөндөн кийин Алышка барып, Абсатар ава менен учурашып отурдук. Ошондо Абсатар аксакал агасы, маркум Абсамат Масалиевдин Алышка акыркы ирет келгенде мурда жасабаган иштерди жасаганын айтып берди.
“Абсамат Масалиев өтөр алдында айылга келип, мурда жасабаган ишти жасады. Аксакал байбичеси менен айылына келип, алыс-жакын туугандарын, кошуналарын чакырып, кой союп чай берди. Адатта Абсамат Масалиев дасторконго отурганда келин-кесектер айыбыгып отурчу эмес. Ал күнү Абсамат Масалиев баарын кыйнап-кыстап, тегиз отургузуп, ар жак бер жактан сөз козгоп отуруп, баарынан кечирим сурагандай, коштошкондой болду. “Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тарар алдында депутаттарга тыйын берет. Мына ошол тыйын-тыпырдын эсебинен силерге чай берип коеюн дедим”- деп кошуна, туугандарга айтып отурду. Кайран авам ошондо эли-журту менен коштошуп жаткан экен”,-деп Абсатар аксакал эскерди.
Бул да Абсамат Масалиевидин өзгөчө бир көрөгөчтүгү деп эсептеймин. Абсамат Масалиев экөөбүздүн Жогорку Кеңештеги акыркы жолугушуубузда да мына ошондой бир өзгөчө учур болгон эле. А л тууралуу кийинчерээк атам Кимсанбай эскерип отуруп, “Абсамат Масалиев өзүнүн түздүгү, тазалыгы менен Жараткан сүйгөн пенде болуп, олуялык деңгээлге жетип калган экен”,-деген эле.
Мына ошол Жогорку Кеңештеги акыркы жолугушуубузда Абсамат Масалиев “аксакал кандай жүрөт”,- деп атам Кимсанбайды сурап калды.
“Жакшы”,- деп жооп бердим.
“Аксакалда өзгөрүү пайда болуптур”,-деди Абсамат Масалиев. Аксакал деп менин атам Кимсанбайды айтып жатат.
“Кандай өзгөрүү болуптур?”,- дедим…
Ош-Куршаб жолунун боюнда таштак жердин ташын терип, суу менен агып келген ылайды төшөп, жер кылып, бак тиккен элем. Мына ошол бакка атам кичине эки бөлмөдөн турган үй куруп, бакты мал-жандан кооруп жүрчү. Эрте-кеч калганда ошол жерде жатып калчу.
Абсамат Масалиев мага жооп бере мындай деди: “мен ошол жолдон канча өтпөйүн эшикте эч качан кулпу болгон эмес эле. Кечээ Кадамжай тараптан келатып карасам эшикте кичинекей кулпу пайда болуп калыптыр. Аа, аксакалда кичинекей байлык пайда боло баштаптыр. Жакшы. Өзгөрүү бар экен”,- деп калдым деди күлө. Сөзүн улап, “ошол жерде акскалды 40 мүнөттөй күттүм. Күн ысык. Байбичем машинеде отурат. Ал дагы кыйналып кетти. Анан жөнөп келе бердик”…
Элестетсеңиз, июльдагы күндүн ысыктыгын. “Мына ошондой ысыкта 40 мүнөт күтүп турдуңузбу?”, -десем, “турдум, бир жакка чыккан го, келип калар дедим. Анан түш мезгил болгондуктан намазга чыкса керек, келип калар деп күтүп турдум”,- деди Абсамат Масалиев.
“Күндүн ушунчалык ысыгында анча күтүштүн кандай кажети бар эле”,- десем, “жо-жок күтүшүм керек эле. Аксакалдан мени каттоодон! (учеттон) чыгарып коюңуз деп сурайын дедим эле”,- деди Масалиев.
“Мен таңдана кандай каттоо”,- десем, “ал кишинин өзүнүн каттоосу бар”, — деди. Анан сөз татаалдашып, тереңдеп кетпесин дедиби, “мен сиздин облусуңузга келдим, эми чыгып баратам деп айтып кетейин дедим эле”,-деп сөздү буруп, жөнөкөйлөтүп койду Абсамат Масалиев.
Мен ошол учурда ал сөзгө анча маани бербептирмин.
Кийин атама айтсам, абдан таң калып, “муну карабайсыңбы, Кудайдын ар бир куттуу күнүндө ошол жерден чыкпай жүрүп, ошол күнү намаздан кийин бирөө небереси сыркоолоп калган экен, дем салып бериңиз дегенден дем салдым. Анан чай ичип кетиңиз деп калышкандан бир куюм чай ичип отуруп калдым эле. Карабайсыңбы, Кудайдын куттуу күнү ошол жердемин дагы, ошол күнү бир кичине нерсе себеп болуп, кармалып калган экенмин.
Аттаганат ай! “Каттоодон чыгарып койсун дейин дедим эле”,- деген сөзүн карасаң?! Бул киши бир олуя сыяктуу болуп калган экен. Өзүнүн түздүгү менен, тазалыгы менен ошондой деңгээлге жетип калган экен. Бул киши Жараткандын эң жакшы көргөн инсандарынын катарында”,- деп атам аябай бийик баа берген эле.

31-июлдагы кош жоготууу

Мен үчүн 31-июль эки жоготуу менен дайыма эсимде болот.
Жогорку Кеңештин депутаты кезимде Мааданбек Мамытов деген жардамчым бар эле. Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү деген айылынан эле. Белгилүү публицист, юрист Бекибай Мамытовдун уулу экен. Мен Мааданбек Бекибай Мамытовдун уулу экенин башта билбептирмин. Кийин билдим. Маадан өзү да мага айтпай жүрүптүр. Мен да кайдансың, ата-энең ким деп сурабапмын.
Мына ушул жигит, жардамчым үйүмө келип, “теңтуштар жубайларыбыз менен Ысык-Көлгө эс алууга баратабыз. Барып келгенге уруксат бериңиз”,- деп суранып калды.
Үйгө чоң балдарымдай эле кирип келчү. Курсагы ач болсо ашканага кирип, казанда эмне болсо алып жеп кете берчү. Ар дайым маанайы жарык, жаркылдаган керемет жигит эле.
Ошондо “барбай эле койбойсуңбу”- десем, “жоок, барбасам болбойт”, -деп сыртка кылчактайт. Көрсө сыртта автунаада келинчеги отуруптур. Баары бир уруксат берет деп, толук камданып келиптир…
Уруксат бербей койсом капа болчудай. Анан “аман-эсен барып кел, келгениңден кийин округдарга барып, бир ай иштеп келебиз”,- дедим. “Макул агай”- деп кудуңдаган бойдон кетти…
А 31-июль эрте менен жол кырсыгы болуп, оор абалда ооруканга түштү деген кабар телефон аркылуу айтылды. Дароо Чолпон Ата шаардык ооруканасына жетип бардым. Барсам эс-учун билбей жатыптыр. Мына ошол абалда эки-үч күн жатып, ичээр суусу түгөнгөн экен, арман күн кете берди…
Бул дагы мен үчүн аябай чоң жоготуу болду. 2003-жылдын 31-июлунда Мааданбек кырсыкка учураса, бир жылдан кийин ошол күнү Абсамат Масалиев мезгилсиз дүйнөдөн өтүп кетти.
Мааданбек каза болуп калганда Абсамат Масалиев бата кылганы үйүнө барды. Кайгырып ыйлап, “сиз атасы болосузбу”-деп Бекибай Мамытовго кайрат айтты. Абсамат Масалиев Мааданбек, анын ата-энеси Нарындан экенин мына ошол жерде билди.
Абсамат Масалиев өзү Мааданбекти абдан жакшы көрчү. Ушул кезге чейин ал Мааданбек Мадумаровдун туугандарынан болсо керек деп жүрүптүр. Анткени мүнөзү да, баскан тургандары да окшош деп.
Биз Абсамат Масалиев менен округдарда жумалап, айлап бирге жүрүп калчубуз. Мына ошондой жумуш сапарларда жардамчыларыбыз да бирге болуп калчу. Андай учурларда Абсамат Масалиев кешиги болсо “Мааданбек!”- деп менин жардамчыма узатчу. Мына ушул эки инсан дээрлик бир күндө кетип жатат…
Ошон үчүн ал күн эсимден кетпейт.

Масалиев менен Мадумаров “сөрү талашканда”…

Абсамат Масалиевичтин кайсы ишмердүүлүгүн албагын-мыйзам чыгаруу жагынан болобу, адамгерчилик жагынан болобу, аксакалдык жагынан болобу, акылмандык жагынан болобу-бардык жагынан үлгү боло турган киши эле.
Округдарга чыкканда көбүнчө менин кызматтык автоунаамда жүрчүбүз. Ошондуктан “күйүүчү майдан сизге карыз болуп калдым. Менин лимитимден алып туруңуз”,- деп чын-тамашага салып айтып калчу. Ошол сапарларда автоунаанын арткы отургучунда экөөбүз отуруп, айдоочу үчөөбүз жүрчүбүз. Мына ошол жумуш сапарларда аябай көп нерселер айтылчу.
Бишкектен Кадамжайдын Алыш айылындагы атасынын үйүнө барып калса, менин Өзгөндө жүргөнүмдү билип калса дароо чакырып калчу. Бир жолу Алышка бирге барып калдык. Алыштагы үйүндө кенен, сонун бир алма багы бар эле. Алма бакта, суунун жээгинде отурдук. Кечки тамакты жедик. Анан эми уктап эс алайлы десек эле бирөө келет. Улам бирөө келет. Айылда ушундай да “аксакал келиптир” дегенди угуп калышса келе беришет.
Адамдар эмнеге мындай кеч келип жатат десек, көрсө чөп чабык мезгил экен. Тоодон түшүп келгендер биринин артынан бири келип учурашып кетип жатышты. Ошентип атып түнкү саат бир болуп кетти окшойт. Келгендердин аягы да тыйылды. Анан эми эс алайлы деп калдык.
Абсамат Масалиевдин короосунда кичинекей сөрү бар экен. Мен “Абсамат Масалиевич, ушул жер мага абдан жагып турат. Мага мына ушул сөрүгө эле төшөк салып беришсе”, -деп калдым.
Абсамат Масалиев мага карап “жо-жо-жок, сиз коноксуз. Сиз төркү үйгө кирип жатасыз. Мен сыртта жатам. Мен ушул жердин баласымын”,- деп жооп берди күлүп.
Мен да тамашалаша “жоок, сиз үйгө кирип жатыңыз, мен сыртта эле жатайын”,-дедим.
“Конок экениңизди шылтоолоп, салкында бир эс алып жатайын десем, ага да болбодуңуз”,- деп тамашалай күлүп, ошол жерде болгон бир окуянын тарыхына кирип кетти. Ал окуя Абсамат Масалиев беш-алты жаш кезинде болгон экен.

Абсамат Масалиевдин балалык кезинен бир үзүм

Сөрүгө мага төшөк салдырып, өзү четине келип отурду. Кеткиси келбей атканы байкалат. Саат түнкү экиден өтүп баратат. Сөрүнүн четине отуруп кебин баштап калды:
— Мына бу эки өрүктү көрдүңүзбү. Мына ушул эки өрүк атам эккен өрүктөр. Мен бала кезден бери өсүп турушат. Кичинекей кезимде ары-бери көтөрүп которуп кое турган кичинекей сөрүбүз бар болчу. Анан ушундай жай мезгил эле. Мен ошол өрүктөрдүн түбүндө жатканды жакшы көрчүмүн. Атам чөп чапканы тоого кеткен. Ошол сөрүдө өзүмдү чоң жигит сезип жатканмын. Апам ичкериде кичинекей инимди алып жатат. Күн ысык болгондуктан жука эле бирдемкени жамынып алчубуз. Бир убакта уктап атсам ичим тызз деп ачышып калды. Колум менен ичимдеги нерсени катуу силкип, сүрүп жиберсем топ этип жерге бир нерсе түштү.
“Апаа” деп бакырып ыйлап атам. Ыйлаганымды угуп апам чуркап чыгып, чырактын жарыгын мага каратып, “эмне болду, эмне болду”- деп калды. Билбеймин мына бу жерим деп ичимди көрсөтүп, ыйлап атам. Көрсөтчү деп калды. Карап көрүп, каракурт чагыптыр деди да кокуйлаган бойдон чуркап кетти.
Жакыныраак жерде аяш атам турчу. Ал аябай кадыр-барктуу молдо болчу. Менин атам дагы молдо эле. Экөө абдан жакын дос болчу. Ошол аяш атама чуркап барып, ойготуп чакырып келиптир.
Аяш атам “ой-ой, аты жаман каракурт чаккан окшойт, коркпо балам, коркпо”,- деп, мындай басып барып даарат алып келди окшойт. Даарат алып келип эле дем салып кирди. Аябай күч менен окуп “мына-мына тизеге жетип калды. Тизеге келди, тизеге келди”,-деп жатты. Кайсы жериңе келди десе ошол жерим ооруйт.
Анан бир аз эс алайын деди. Тынымсыз күч менен окуп жаткандыктан оозу да кургап кетти окшойт. Кичине чай ичип, кайра окуй баштады. “Мына-мына кызыл ашыкка келди”,- деп бутумду укалап коет. Анан “мына-мына баш бармакка келди”,- деп атып ууну чыгарып жиберди.
“Мына ошондо медицина эмес, дубанын күчү менен ууну чыгарып жибергенге аябай таңданган элем”, -деди таңдана Абсамат Масалиев.
Сиз мен “сөрүдө жатам десеңиз, балалык кездеги мына ошол окуя эсиме келип кетти”, -деп баянын аяктады аксакал.
Анда мен кайрадан “мени коркутуп үйгө киргизип жиберейин деп жатасызбы”,- деп тамашаладым.
Экөөбүздүн ортобуз туура 32 жаш экен. Бирок ал билинчү эмес. Мен мисалы үчүн өзүмдүн теңтушарым менен көп жакшы сүйлөшө албаймын. Ал эми Абсамат Масалиев экөөбүздүн ортобузда эч бир аралык жок болчу. Ар кандай багытта тамашалашып, сүйлөшүп кете берчү элек.
Анан ошентип мен сөрүдө жатып калдым. Бирок түнү ал киши да, мен да жакшы уктай албай койдук. Менин дурус уктай албаганымды кыраакы киши эрте менен эле байкап калды.
Үйүнө барганда дайым желбегей жамынган эскирээк желеги бар эле. Ал атасынан калган желек бекен, билбеймин. Мына ошол желекти желбегей жамынып алганда ансыз да сүрдүү киши андан беш бетер сүрдүү болуп калчу. Ал кишинин жүзүндө нур бар эле.
Эрте менен мына ошол желекти желбегей жамынып, сүрдүү болуп чыгып келаткан экен үйдөн. Мен тура калып салам берейин десем, туруп жууна элекмин. Анан ооз эки “Ассалом алейкум” дедим. “Оо алейкум ассалом” деп жылмая күлүп жооп берди. Бирок төшөктүн четине келбеди, отура калбады. Мына маданияттуулуктун туу чокусу!
Мына ошол сөрүнүн чет жагына барып, кыр жакты карап “түшүнөм, түшүнөм” деп сүйлөй баштады. Эмнени түшүнөт? Билбеймин. “Мен дагы сиздей эле болуп уктай албадым. Билесизби мен неден уктай албадым?”- деп суроо сала карады.
Үйдүн жанында кичинекей ашкана бар экен. Мына ошонун эшиги ачып, жапкан сайын кыйчылдайт… Биз эрте менен туруп, чай ичип алып кетебиз дегенди угуп калган келиндер түнү менен тынышкан жок. Бирөө боорсок бышырып жатса, экинчиси дагы бирдеме жасап жатат. Айтор, эрте мененки чайга даярдык көрүп, ашканага бири кирсе, бири чыгат. Же эшикти ачып эле коюшпайт. Кыйчылдатып чыкканы ачат, киргени жабат.
Анан мен айтып калдым “Абсамат Масалиевич, мен эшиктин кыйчылдаганы эмес, чычкан жөргөлөп өтсө да уктай албаймын”,- дедим. “Мен да ошондоймун”,- деди ал киши.
“Мына бу эшикти, кичине би-ир карап коюш керек экен. Айтыш керек муну”,- деп сөзүн улады. Эшик чындыгында эле аябай кыйчылдайт экен. Ошонун айынан экөөбүз тең уктай албадык.
Анан туруп, жуунуп, чайга отурдук. Баса турган жолубуз алыс, жолдо уктап эс алып алабыз деп жолго чыктык. Машинага чыккандан кийин кайдан уктайсың, ортодо тамаша сөздөр айтылып, эскерүүлөр башталчу. Москвада окуп жүргөндөгү окуялары, Исхак Раззаковду тосуп алганы, атасынын Өзгөндөгү медреседе сабак бергендеги окуялары айтылып түгөнбөйт эле. Айтканда да аябай кызыктуу кылып айтчу.

Абсаматтын атасы Өзгөндөн жубай тапканда…

Абсамат Масалиев бир жолу мына ошол атасынын Өзгөндө медреседе сабак берип жүрүп, кантип үйлөнүп калганы тууралуу айтып берип калды. Масали аксакал Өзгөндө медреседе сабак берчү экен. Ошондо Алыштан Өзгөнгө ат менен барып келчү экен. Бул эми жыйырманчы жылдары басмачылар чыгып, каракчылык аябай күчөп аткан мезгил. Мына ошол сабак берип жүргөн күндөрдүн биринде Масали Өзгөндөн кечирээк Алышка, үйүнө жөнөмөк болуп калат.
“Кеч болуп калды. Эрте менен эле жөнөбөйсүңбү”,- деген сөздөргө карабастан аттана берет. Анан Куршабтын тушуна келгенде караңгы кирип, каракчылар чыгат. Масали аксакал атынын башын тоону карай буруп, чаап качат. Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт. Анан бир жерде үлүңдөгөн жарыкты көрөт. Ошону көздөй бастырып барып боз үйгө туш келет.
Барып үн катса бир аксакал чыгат. Анан өзүнүн чоо-жайын, медреседе сабак берерин айтат. Үй ээси Масалини аттан түшүрүп, атын байлап, өзүн үйгө киргизет. Чай берип, тамак берип экөө сүйлөшүп отуруп, Масали үйдүн ээсине аябай жагып калат. Сабаттуулугу, кичи пейил элпектиги купулуна толот. Көпкө чейин сүйлөшүп отурушат. Алыштан Өзгөнгө ат менен ар бир үч айда келип кетерин айтат. Ошентип Масали боз үйдө түнөп калат. Анан эрте менен туруп, чайга отурганда аксакал Масалиге кайрылып, “сен жигит мага аябай жагып калдың. Жакшы жигит көрүнөсүң. Сабаттуу экенсиң. Молдо экенсиң. Менин жападан жалгыз кызым бар. Ошол кызымды сага никелеп берейин. Ала кет”, -дейт.
Масалиге аксакал да жагып калат. Анын үстүнө караңгы түндө үйүндө түнөтүп, чоң жакшылык кылды деп, күйөө бала болууга макул болот. Ошентип Масали үйлөнүп, аксакал кызын никелеп берип, узатат…
Кийин 2000-чи жылдардын башында Абсамат Масалиев менен бирге ошол энесинин айылына барганбыз. Алдаярдын тоосуна жакын жерде Төөчү деген жер бар. Түз-Белдин үстүндө Супа деген жер бар. Мына ошол жерге барып, тага журтунан бирөө жарымды табаар бекенбиз деп сураштырдык.
Мына ошол Алдаярдын түбүндө Калдарбек деген аксакал бар, ошондон сурагыла дешти. Ал кишинин үйүн таап барсак, ал жылкыларын кароо үчүн жогорулап кеткен экен.
Калдарбек аксакалды тоодон чакырып келишти. Аябай барбалаңдаган керемет киши экен. Ал киши да бизди көрүп, көргөн көзүнө ишенбей, кубанычы койнуна батпай турду. Антпегендечи, үйүнө айтылуу Абсамат Масалиев өзү келип турса!
Калдарбек аксакал мени тааныйт болчу. Ушул жигит аксакалды алып келиптир деп мага ыраазылыгын айтып, үйгө киргиле, үйгө деп барбалаңдайт.
Биз үйгө кирип, кымызын да, чайын да ичип, тамагын жеп чыкканыбызды айтсак көнбөй койду. Анан кайрадан үйгө кирүүгө аргасыз болдук. Жашы бир топко келип калганга карабай Калдарбек аксакал чуркап барып, бир козуну көтөрө чаап, “Омийин” деп бата сурап жиберди. Абсамат Масалиев “жоок болбойт, болбойт” дегенге карабай “Омийин” деп туруп алды. Мен айттым “Абсамат Масалиевич, эми болбой калды, омийин дешибиз керек” десем, ал киши “болбойт, биз кетишибиз керек”,- деп Калдарбек аксакалды убара чектиргиси келбейт.
Калдарбек аксакал Абсамат Масалиевге кайрылып, “сиздей улуу кишинин устуканы, кешигинен ооз тийебиз дегендер эртең жайлоодон каптап келишет. Аларга мен эмне деймин? Алардын баарын чогултуп чай беришим керек”, — деп бата сурап калды.
Анда Абсамат Масалиев “аа ушундайбы? Анда макул”,- деп “Омийин” деп, сонун бир батасын берди. Анан мен бир чети тамашалай, бир чети чындай “Абсамат Масалиевич, батаны да укмуш бересиз. Коммунисттердин жетекчиси болуп туруп”, -десем, күлдү дагы “бизде компартиянын уставы менен программасы Курандан алынган жолдош начальник”, -деди.
“Курандагы адилеттүүлүк кандай берилсе, биздин партиянын уставында адилеттүүлүк да ошондой берилген. Бир гана айырмачылыгыбыз бар. Бир гана айырмачылык- Жаратканды эске албай койгонбуз. Калган жагынан адилеттүүлүк, тазалык, эл үчүн деген нерселердин баары шариятка окшош. Бирдей. Ошон үчүн биздин партия күчтүү элдик партия болуп кеткен”,- деди.
Ошентип ары-берини сүйлөшүп отурганча эт казанга түштү. Түш ооп кетти. Ал арада Калдарбек аксакалдан Абсамат Масалиевдин тайларын сураштырдык. “Атаң көрү! деп санын бир чаап, эки жыл мурун ал кишинин урпагы каза болуп калды”,- деп жооп берди. Барын сураштырып келсек, баарынын сөзү, билгендери бири-бирине дал келди.
Анан эми жолго чыгайлы десек, “конуп калгыла”- деп Калдарбек аксакал тоого батпайт тимеле. Бирок биз жолго чыктык. Алдиярдан ылдыйда Үч-Кап-Чал деген жер бар. Андан ылдый Түз-Бел деген айыл бар. Мына ошол жерде 200 дөй киши топтолуп “Масалиев жогору чыгып кетиптир, кайра кайтканда жолунан тосуп, учурашабыз, сүйлөшөбүз”,- деп чогулуп турушуптур. Ал кезде адамдардын касиети башкача эле. Булактай руханий тазалык бар эле.
Токтодук, түштүк. Адамдар кыр-кырга отуруп, кадимкидей жолугушуу башталып кетти. Абсамат Масалиев келген себебин айтып, “мен силерге жээн болом”,- деди.
Түз-Белдин жолу абдан начар эле. Анан мага сөз берип калышты. Алардын баары менин шайлоочуларым да. Анан мен “эми Абсамат Масалиевич, ушул жердин жээни экениңизди 1980чи жылдары эле билип, ошол мезгилде издеп келгениңизде, балким биздин жолдорубуз башкача болуп калар беле”,- деп тамашалай кеттим. Элдин баары каткырып кол чаап жиберди.
Абсамат Масалиевич ыраматылык айтып атпайбы анда “мына-мына көрдүңөрбү, туугандарга алып барып көрүштүрөм деп, мени сөктүргөнү алып келиптир бул жигит”,- деп аябай күлдү. Эки саатка созулган жолугушуу мына ошентип аябай жакшы маанайда өттү.
Мындай жолугушуулар округдарга чыкканда тынымсыз жана эсепсиз болуп турчу.

Aidanbek Akmatov.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс