• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Юкио Аманонун сырдуу өлүмү

Автор:ruh_admin

Июл 31, 2019
Категория: Аналитика — Published: 31/07 — 16:00

Амано Нетаньяхунун финансылык сунуштарын четке каккан соң, Торгозабад долбоору анын акыркы сыноосу болду.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Юкио Аманонун өлүмү күтүүсүздөн болду.
Белгилей кетсек, 2017-жылы августта АКШнын өкүлү Никки Хейли (МАГАТЭнин штабдык батири жайгашкан) Венага сапар тартып, Юкио Амано менен жолугушуу өткөргөн.
Бул жолугушууда МАГАТЭнин башкы мүдүрү Юкио Амано менен Ирандын Өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
Үч саатка созулган бул жолугушууда Никки Хейли Юкио Аманодон Ирандын Өзөктүк келишимден сырткары иш алпарып жаткандыгы жана өлкөдөгү аскердик обьекттерди текшерүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу (Трамптын талабы менен) отчет берүүсүн сунуштаган. Анткени Трамп Өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгууда МАГАТЭнин мындай отчетунан пайдаланмак эле.

Никки Хейли менен өткөн жолугушуудан соң, Амано (Трамп менен Хейлинин талабы боюнча) Ирандын Өзөктүк келишимди сактабай жатканы тууралуу калп отчет бере алган эмес. Андан соң, Никки Хейли Трамптын администрациясы менен кеңешүү өткөрүп, МАГАТЭ Аманону башкага алмаштырышы керектигин билдирген.

Бирок Агенттиктин башкы директорун тандоо процесси өтө узакка созулуп, Трамп Өзөктүк келишимден Аманонун отчетусуз эле бир тараптуу чыгып кеткен.
Бир тараптан Нетаньяху менен Аманонун  Торгозабад боюнча тирешүүлөрү Моссадга аны Агенттиктен алып салууга жаңы шык берген.

Ал эми Агенттик Нетаньяхунун арызына карата мындай деп жооп берген: “Агенттик (МАГАТЭ) Өзөктүк келишимдин алкагында эч бир тарапка тартпастан өз инспекторлорун талап кылынган жерлерге текшерүү жүргүзүүгө жибермекчи  жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында ар бир отчеттун акыйкаттыгына кепилдик бермекчи.”

Юкио Аманонун Нетаньяхунун Торгозабад боюнча берген сунушуна карата көңүл кош мамилеси сионисттик режимдин өлкө ичиндеги теле берүүлөрүндө Агенттиктин Торгозабад боюнча берген маалыматтарынын жалгандыгы тууралуу маалыматтарды тараткан.

Бирок 3 жыл катары менен МАГАТЭнин башкы директору катары тандалынган Юкио Амманону кызматтан алып салуу оңойго турбаган соң, анын көзүн тазалоо менен Агенттиктен биротоло жок кылуу максаты коюлган.

Юкио Аманонун ден соолугунун кескин начарлашы жана анын күтүүсүздөн келген ажалы аны МАГАТЭдеги ролун биротоло өчүрдү.
Учурда анын ордуна дайындалган башкы директор канчалык түрдө бул Эл аралык уюмдун  көз карандысыздыгын сактап, саясий адилетсиз мамилелерге кандай туруштук бере турганын убакыт көрсөтөт.

http://www.ca-irnews.com/kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс