• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

«ПЛАТОН МЕНИН ДОСУМ, БИРОК ЧЫНДЫК АНДАН ДА КЫМБАТ»

Автор:ruh_admin

Июл 29, 2019

Кант жакта бир кесиптешибиздин атасы көз жумуп, ошого топурак салганы барганбиз. Биз менен кошо ыраматылык Дооронбек Садырбаев да барган. Депутаттар келгенин көргөн ошол айылдын тургундары тияктан бияктан чогулуп, бизди тегеректеп калышты. » деги турмуш качан оңолот?- деди бир аксакал Адаханга кайрылып. Жокчулуктан итке минип калдык го! Силерге чала болот, — деди Адахан. Анын бул сөзүнө жарданып карап турушкан айылдыктар таң калып эле калышты. Жанагы аксакалдын болсо көзү чакчая түштү.- өзүңөрчө отурганда өлдүк- талдык, куурадык деп наалыйсыңар. Анан эртең бирдеке болуп Акаев айылыңарга келип калса тим эле башыңар асманга жетип, бактылуу болуп жатып каласыңар. Эркелегениңерден алакан жайып бата бересиңер. Араңардан бир адам чыгып эй, Акаев- сен туура эмес багытка кетип калдың, элди итке мингизип койдуң деп айтканга жарабайсыңар. Анан кантип турмуш оңолсун? Акаев мен чындап эле май көл сүт көл кылып элимди жыргатып салган экем деп кете берет да жэ туура эмес айтамбы?- туура,- деди аксакал. Чындыкты моюнга алыш керек. Албетте, билбегендер үчүн Адахан акыл үйрөтүп жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок, чындыгында бул акыл үйрөтүү эмес, Адахандын мүнөзү, турган турпаты ушул. Аксакалы, көксакалы, Президенти жэ башкасы болобу, көкүрөгүндө эмне болсо бетке-бетке айтып салат. Жымсалдабай, чыркыраган чындыкты жылаңач түрүдө айтат. Эсимде, бир жолу Акаев кезектеги премьер- министрди алмаштырып жаткан ( жылына бирден өкмөт башчы алмаштыруу ал кишиге өнөкөт эмес беле?) Президент өкмөт башчылыкка талапкердин ысымын атаар замат кошоматчы депутаттар биринин артынан бири чыгып, болочок премьер- министрди жерге-сууга тийгизбей мактап киришти. Бир маалда эле трибунага Адахан чыга келди. Аскар Акаев көрсөткөн талапкерди эле мактап жатап калган адатыбызды качан коебыз?- деди кааруу түр менен. Биздин пикирбизди сурап эмне кыласыз? — деди. Анан Президентке кайрылып : » сиздин колуңузда бир колода карта бар. Ошол картадагы эле кадрларды улам бир кызматка жарабай калса экинчи чоң кызматка коесуз. Кее бир картадагы сүрөттөр эскирип, жазуулары окулбай калса ручка менен оңдоп жазып, кайра эле дайындай бересиз. Жаңы карта колдонмой, жаңы » валет» , «дамаларды» издемей жок сизде». Залда чымын учса угула турган жымжырттык орноп, отургандар селейип катып калышты. Алардын басымдуу көпчүлүгү жогорку кызматтарда иштеген чиновниктер: министрлер, губернатор, акимдер эле да. Бирок демдерин ичине катып, реакциясын канчалык билдирбөөгө аракет кылышса да көбү Адахан менен макул экендиктери, ичинен ыраазы болуп отурушкандары билинип турду.Мен билгенден, Адахандын эң жаман көргөнү- бул кошоматчылык. Бир жолу жоон топ депутат менен түштүк жакке командировкага чыгып калдык. Эки- үч райондо жолугушуу болду, анан бир райондун акими келген конокторду сыйлаган соң он чыкты машина бир колонна болуп Ошту көздөй жол тарттык. Орто жолдо жеткенде СПИКЕР түшкөн алдыдагы машина токтоп, анын артынан калган машиналар да туруп катар тизилип калышты. Көрсө, төраганы табигый зарылчылык кыстап калган экен. Тетигилердин сийгиси деле келген жок- деди Адахан төраганы алды-артынан коштоп бараткан депутаттарды көргөзүп- ажатканага төрага баратканы үчүн эле кирип баратышат. Кайра чыккан соң карап көрүшөт, эгер спикер чыга элек болсо, экинчи жолу кайра киришет… Айткандай эле башкалардан мурдарак чыккан бир депутат эки жакты бир карап алып, кайра ичкери кирип кетти… ар кайсы жылдары болгон окуялардан бир үзүм элестерин кайра жадыман өткөрүп, мен шайлоо алдында Адахан Мадумаровго кошумча упай топтоп берейин деген оюм жок, Адахан мындай кызматка муктаж да эмес. Анын кандай тайманбас, мекенчил жигит экендигин эл менсиз деле жакшы билет. Мен болгону бир кезде канынан суурулган канжардай жалыңдаган жигит азыр баралына келип ого бетер курчуганын, эли кандай гана жүктү артпасын камчы салдырбай тартып кетүүгө жөндөмдүү аргымак болгонун гана айткым келди.

МАМАТ САБЫРОВ.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс