Пятница , 3-Июль 2020
Башкы бет / Аналитика / Кыргызстан Иран менен кызматташуудан кандай пайда көрөт?–М. Шеримкуловдун жообу

Кыргызстан Иран менен кызматташуудан кандай пайда көрөт?–М. Шеримкуловдун жообу

Категория: Интервью — Published: 13/07 — 16:28

КРнын дипломаты кыргыз-иран кызматташтыгын жакшыртуу тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын Ирандагы мурдагы элчиси Медеткан Шеримкулов  «CA-IrNews» агенттигине берген маегинде кыргыз-иран мамилелеринин абалы жана Кыргызстан менен Борбор Азия өлкөлөрү Иран Ислам Республикасы менен тыгыз кызматташуудан кандай ийгиликке жетишерин айтты.

— Кыргызстандын Ирандагы Элчиси болуп иштеген адам катары эки өлкөнүн учурдагы мамилелерине кандай баа бересиз?

— Кыргызстан менен Иран географиялык алкакта бир аймакта жайгашкан кошуна өлкөлөр болуп саналат. Бирок азыркы учурда кыргыз-иран мамилелери бир топ жогорку жана сапаттуу деңгээлге чыгуусу үчүн бизге өз ара дем берүүчү абалда турат. Эмне үчүн Кыргызстан жакын жайгашкан жана өнүккөн өнөржайы, айыл чарбасы жана күчтүү экономикасы бар мамлекет менен соода-экономикалык байланыштары начар өнүккөндүгү түшүнүксүз.

Кыргызстан менен Ирандын соода-экономикалык байланыштары бүгүнкү күндө бир орунда токтоп калган абалда турат. 2007-2012-жылдары Иран Ислам Республикасы менен мамиледе кыргыз жетекчилиги дайыма АКШ тарапты кылчактап карап келип, Тегеран менен диалог түзгөн жок.  Өз учурунда ирандыктар бир топ демилгелүү болушуп, Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр болушкан. Ошол учурда Бишкек Тегеран менен өз алдынча мамиле түзүүгө даяр эместигинен улам КРнын жогорку жетекчилигинин ИИРге иш сапарларын уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүлбөдү.

2010-жылы Кыргызстанда “апрель революциясы” деген окуя болгондо убактылуу кыргыз өкмөтүн биринчи болуп тааныган мамлекет Иран болгон. ИИРдин ТИМи 8-апрелде эле өз демилгеси менен Роза Отунбаева менен сүйлөшүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө Ирандын Тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Иран бул Кыргызстан элинин тандоосу болгондуктан, Убактылуу өкмөттү колдой тургандыгын билдирген.

Ошол эле 2010-жылдын 9-июнунда КРнын түштүгүндө трагедиялуу июнь окуясы болду. Ал эми 10-июнда Ташкентте ШКУ саммити өтүп, ИИРдин ТИМ жетекчиси Манучехр Моттаки мындай билдирүү жасаган: «Бул Кыргызстандын жеке ички иши, ага эч ким кийлигишпеш керек. Акылдуу кыргыз эли бул кырдаалды өзү жөнгө салып, туура чечим кабыл алат». Мындай билдирүүсү менен Иран Кыргызстанга жана анын элине достук колдоосун көрсөттү, биз мындай бир туугандык жана сый-урмат менен жасалган мамилени баалап, өз ара мамилебизди чыңдашыбыз керек деп ойлоймун.

— Сиздин көз карашыңызда Кыргызстан Иран менен эки тараптуу мамилелерин алар сапатуу жана жогорку деңгээлге көтөрүлүүсү үчүн кайсыл чөйрөлөрдө мамилелерин өнүктүрүшү керек.

— Биринчи кезекте биздин өлкөлөрдүн ортосунда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү зарыл. Анткени Иран өтө кубаттуу өлкө, Бишкектин Тегеран менен бул тармакта кызматташуусу биздин өлкөнүн экономикасын жакшыртууга шарт түзүшү мүмкүн. Бул кыргызстандык бизнесмендерге эбегейсиз иран рыногуна чыгууга шарт түзмөк, анткени бул өлкөнүн калкы 80 миллиондон ашык.

Иран мунай өндүрүү менен алектенген өлкө экендигин унутпашыбыз керек, ал эми Кыргызстан үчүн бул – ирандын бай “кара алтын” жана мунай продуктылар рыногуна кирүүчү мүмкүнчүлүк. ИИРдин деңизге чыгуучу жолу бар, бул өтө маанилүү.  Мындан тышкары Иранда илим, өнөржай, медицина, айыл чарбасы, космостук технологиялар аябай өнүккөн. ИИР менен кызматташтык КРна ар кандай алдыңкы технологияларга, сапаттуу товарларга, билимге жол ачып, алар Кыргызстанга өзүнүн илимий жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүп, элдин турмуш шарты жакшырып, өлкөнүн экономикасы өнүкмөк.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, ирандыктар саякаттаганды жакшы көргөн эл. Андыктан Кыргызстан Иран менен туристтик тармактагы кызматташтыгын өнүктүрсө болот. Ирандык туристтердин келүүсүнө шарт түзүү Тегеран-Бишкек түз авиакаттамын жандандырууга шарт түзөр эле. Андан ары бул өз ара визасыз режимди киргизүүгө жол ачмак. 2012-жылы эле мен КРнын ТИМне Иранды визасыз эреже киргизилген өлкөлөрдүн катарына кошууну сунуш кылгам, бирок бул жакшы ниетибиз аткарылган жок.

Иранда өзүнүн спутниги менен жерди айланып учкан спутнигин учурушуп, жаныбарларды клондоштурду, бул  республиканын илимий-техникалык жана экономикалык прогресс жолунда бараткандыгын далилдеп турат. Кыргызстан ИИРге каршы Батыш өлкөлөрү киргизген санкциядан пайдаланып, Иран менен бир топ тыгыз экономикалык байланыштарды түзүш керек деп эсептеймин.

Биздин өлкөлөрдүн ортосунда айыл чарба тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Ирандыктарга биздин климаттык шартыбыз, суу байлыгыбыздын жетишерлиги аябай жагат. Аларда агрардык тармак өнүккөн жана айыл чарба технологиясы чөйрөсүндө кызматташууга чөң мүмкүнчүлүгү бар. Алар бизде да бул тармакты өнүктүрүүгө жардам беришмек. Азыр бизде мамилелерибизди бир топ сапатуу жана жогорку деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.

— Иран менен Кыргызстандын ортосунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө кандай кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар бар?

— Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү басаңдаткан бир нече факторлор бар:

Биринчиси биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маалыматтык боштук болуп саналат.  Бул чындыкты бурмалап, биздин өлкөлөр тууралуу терс образдын түзүлүшүнө шарт түзүүдө. Ушул себептен улам ИИРде террорчулук өнүккөн деген негизсиз пикир бар, бирок бул өлкө тууралуу маалыматы жок адам гана ушинтип ойлошу мүмкүн. Бул чоң жаңылыштык, анткени Иран – өз аймагында коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кыла алган көп эмес өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ал жакта террорчулукка каршы күрөш өтө олутуу мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлөт.

Экинчи Кыргызстандын иран рыногун жакшы иликтебегендиги деп атасак болот.  Ошондуктан ИИР менен тыгыз кызматташтыкты түзүүгө кызыкчылык да жок.

Үчүнчү мурда Вашингтондун реакциясына карап иш кылган адамдар тобунун азыр деле бийликте отургандыгы. Алар бүгүнкү күнгө чейин маанилүү чечимдерди кабыл алууга таасир бере алышат. Мындай мамиле Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбегендиктен, баш тартуу керек.

Төртүнчү  соода-экономикалык өз ара мамилелерди калыптандырууга тоскоолдук жараткан себептердин бири Кыргызстандагы коррупция болуп саналат. «Кайсы бир чет элдик бизнесмен бул жерде өз ишин ачпай жатып эле – андан ар кандай материалдык сый-акыларды талап кыла башташат. Мындай терс көрүнүш инвесторлорду чочутууда».

Ирандыктар Кыргызстан мамиле түзгөн учурда Бишкекке саясый планда да, диний планда да, аскердик да эч кандай шарт койбойт, алар болгону ак ниет өнөктөштүктү каалашат.

— Кыргызстан ШКУ жана ЕАЭБ сыяктуу эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп саналат. Иран алардын биринде байкоочу, ал эми экинчиси менен Эркин соода аймагы (ЭСА) тууралуу макулдашууга кол койгон. Эгер Иран келечекте бул уюмдардын толук мүчөсү болуп калса, Сиздин оюңузча Кыргызстан жана бүтүндөй уюмдар кандай пайда жана экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ болот. 

— Иранды өздөрүнүн катарына кошуу менен бул уюмдардын өлкөлөрү кандай пайда көрөрүн түшүнүү үчүн алардын маңызын түшүнүү зарыл. Ал эми маңызы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. ИИР экономикалык жактан да, социалдык камсыздандыруудан да жетиштүү деңгээлде өнүккөн 80 миллиондук калкы бар, бул – эбегейсиз ресурстары менен өтө чоң экономикалык рынок, өнүккөн инфраструктура, өнөржай.

ИИРдин бул бирикмелерге туруктуу мүчөлүккө өтүшү мүчө-өлкөлөр үчүн экономикалык кызматташтык жана өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, Борбор Азия өлкөлөрүнө деңизге чыгууга жол ачат.

Иранда прагматикалык жана акылдуу жетекчилер бар, алар кандай абалда болбосун дүйнөлүк аренада өз өлкөсүнүн абалын реалдуу көрсөтө алышат. Алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу көрсөтүшөт жана артыкчылыгы ушунда болуп саналат.  Ушул себептен улам ирандык саясат келечектүү жана рационалдуу болуп саналат. Тегеран биринчи кезекте өзүнүн кошуналары менен бир туугандык жана тыгыз мамиле түзүүнү каалайт.

ШКУ жана ЕАЭБ сыяктуу бирикмелерге кирген өлкөлөр жалпысынан Иран менен достук мамиледе. Ошондуктан ИИР бул өлкөлөр менен экономикалык кызматташтык жолдорун издөөдө. Иран көп жылдардан бери ШКУнун мүчөсү болууга аракет кылып келүүдө, бирок АКШнын санкциясы жана эмбаргосу бул процесске терс таасирин тийгизип, мүчө-өлкөлөрдү бул суроону чечүүдөн мурда терең ойлонууга мажбур кылууда. Кыргызстан Ирандын ШКУнун толук укуктуу мүчөсү болуусуна каршы эмес.

— Иранда көпкө жашаган адам катары Сиз сыягы, жергиликтүү эл менен жакындан тааныш болсоңуз керек. Алар кандай? Алар тууралуу эмнени айта аласыз жана Иран жана Кыргызстандын элдеринин кандай окшоштуктары бар?

— Иранда болгон баардык убактымда дээрлик баардык провинцияларында болуп, ар кандай адамдар менен пикир алышууга туура келди. Кыргыздар өздөрүнүн меймандостугу менен даңкталарын баардыгы билишет, ал эми иран эли бул жагынан бизден эч кем калбайт жана биздин элдердин бири-бирине жакындыгы менен мүнөзүнүн окшоштугу ушул салт-санаасынан эле көрүнүп турат.

Ирандын эли өтө байыркы, толерантуу, оор басырыктуу, ак көңүл, акылдуу жана кээде кейип-кепчибеген эл.  Менимче мындай мүнөз миң жылдык тарых жана маданияттан улам калыптанып, оң таасирин берсе керек. Ирандыктар адамдардын тазалыгын, чын ниетин жана кичипейилдигин өтө жогору баалашат. Эгер сиз деле аларга ушундай мамиле жасасаңыз, анда алар менен дос болдум деп ишене бериңиз.

Биздин элдер өтө окшош маданияты жана көп кылымдык тарыхы менен өтө байыркы элдер болуп саналышат. Перс империясы качандыр бир мезгилде басып алуучулук согуштарды жүргүзгөн менен биздин эки элибиздин тарыхында кандайдыр бир кан төккөн согуштар жана тирешүүлөр болгон эмес. Биздин элдердин ортосунда дайыма бир туугандык, достук жана кошуналык мамилелер болуп келген.

Өз мезгилинде Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Бишкекте өткөн ШКУнун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга алгачкы ирет келгенде: “Кыргызстан бизге өтө окшош экен. Өтө ак көңүл, меймандос, токтоо, коногун чын ниети жана жүрөгү менен тосуп алат экен”,- деген.

— Иранда кыргыздар жашашабы, алар этникалыкпы же КРнын жарандарыбы? Эгер бар болсо, анда алар эмне менен алектенишет?

— Мен Иранда Элчи катары иштеген учурда этникалык кыргыздарды жолуктурганым жок. Ошол эле учурда түркмөн, казак, азербайжан сыяктуу башка түрк элдери өтө көп. Кыргызстандын жарандары Иранда негизинен  жумушуна же ЖОЖдордо, анын ичинде диний окуу жайларда окугандыгына байланыштуу убактылуу жашашат. Иранда ошондой эле КРнын Ирандын жарандары менен мыйзамдуу никеге турган жарандары бар. Кыргызстандын Элчилигинде Ирандын аймагында убактылуу жашаган өз жарандарынын толук тизмеси бар.

— Кыргызстандык ишкерлер Иранда же ирандык ишкерлер Кыргызстанда кандай кыйынчылыктарга туш болушат?

— Узак убакыт Иранда болгон адам катары ирандык да, кыргызстандык да бизнесмендер үчүн кыйынчылыктарды жараткан бир нече жагдайларды бөлүп көрсөтө алам. Алар төмөндөгүдөй:

Биринчи –  бул тил билбегендик. Эки тилди тең билген жана жергиликтүү спецификаны жакшы өздөштүргөн квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги, андайлар бар, бирок жетиштүү эмес.

Экинчи – түз аба каттамынын жоктугу, бул жагдай ишкерлик жана туристтик сапарларды татаалдантат. Мындан тышкары бизнесте товарларды жана жабдыктарды ташып жеткирүүдө көйгөй жаралып, чыгымды көбөйтөт жана өзүн актабай калышы мүмкүн. Авиакаттам ачык болуш үчүн жүргүнчүлөр көп болушу керек, бул үчүн эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар жанданыш керек.

Үчүнчү – Кыргызстандагы начар ишкер жана инвестициялык климат терс таасирин тийгизүүдө.

Төртүнчү – биз тараптан иран рыногун начар иликтегендик жана иран продукциясынын баасынын кымбаттыгы. Мунун баары иран товарларынан сапаты боюнча теңдеше албаган менен баасы арзан кытай товарларына атаандаштыкта уттуруп коюуда.

Эгер кыргызстандык ишкерлер тууралуу айта турган болсок, мен Иранда өзүнүн кандайдыр-бир толук иш жүргүзгөн бизнесин же ишканасын жолуктурбадым. Кыргызстандыктар негизинен кээ бир товарларды сатуу менен гана алектенишет. Биздин өлкө иран рыногуна негизинен эт менен төө буурчакты сатат.

Иранда Кыргызстандын эти өтө жогору бааланат. Дүкөндөрдө Кыргызстандан барган эт пайда болгондо, заматта сатылып кетет. Ирандыктар кыргыздар сыяктуу эле этти көп жешет, көп иран тамактары да эт менен жасалат. Негизи эле Кыргызстанда чет элдик ишкерлер үчүн иш кылуу өтө кыйын. Ал эми ирандык бизнесмендерге – андан да татаал, себеби биздин ИИР менен банк чөйрөсүндө кызматташтыгыбыз жок.

— Иран Кыргызстанда банк ачууга аракет кылып, бирок максат ишке ашкан эмес. Эки өлкөнүн банк чөйрөсүндөгү мамилелерин өнүктүрүү тууралуу Сиз кандай ойдосуз?

— Жакшы соода-экономикалык мамилелердин көрсөткүчү банк ишиндеги жолго коюлган кызматташтык да болуп саналат. Мага Элчи катары Кыргызстанда бизнес менен алектенген ирандык ишкерлер көп кайрылышчу. Алардын негизги көйгөйү – банк аркылуу акча которо албагандыгы. Демек, алар көпчүлүк учурда акчаны самолет менен чемоданда көтөрүп ташышчу, бирок бул ыңгайсыз жана кооптуу. Эч ким тобокелчиликке баргысы келбейт.

Кыргызстанда 2010-жылдын башында иран банкын ачуу тууралуу жакшы аракет болгон, бирок ал үзгүлтүккө учурады.  Ирандык достор мага таарынышпасын, менимче бул аракет бир аз туура эмес кадамдан жана банк кеңешине талапкерлерди тандоодо жаңылыштыктан улам болду деп ойлоймун. Дал ошол ниети түз эмес адамдар Кыргызстанда жаңы иран банкын ачууга тоскоолдук жаратышты.

Бул сабак эки тараптан тең эске алынып, эгер жакын арада КРда банк ачыла турган болсо, соода-экономикалык мамилелер өнүгөрүнө ишенем.

— Ирандын “Чабахар” портуна чыгуу Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына кандай оң таасир берет?

— Ирандын түштүгүндөгү деңиз жолунда эки чоң порт бар, бул — Бендер-Аббас жана Чабахар. Деңиз жана темир жол аркылуу негизги сооданын бөлүгү  Бендер-Аббас аркылуу өтөт. Бул портто Эркин экономикалык аймак бар, ага Иран чет элдик инвестицияны тартууну каалайт. Мени Иранга Элчи кылып дайындашканда, эң алгач дал ушул портко барганмын.

Жаңы Чабахар порту боюнча айта турган болсок, ал Борбор Азиянын Индия менен Иран аркылуу өз ара кызматташтыгынын негизги транзиттик-транспорттук коридору боло алат. Мындан тышкары Евразиянын ири транспорттук жолу катары да эсептелет. Дал ушул порт Ирандын негизги порту – Бендер-Аббастын чийки мунай жана башка жүктөрдү ташуудагы жүгүн жеңилдетери пландаштырылууда.

2019-жылы январда Борбор Азия жана Афганистан ТИМ жетекчилеринин Самарканддагы жолугушуусунда Ирандын Чабахар порту менен темиржол каттамдарын бириктирүү жана БАдагы баардык өлкөлөрдүн катышуусунда консорциум түзүү сунушталган. Бул аймактын транзиттик-транспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатмак.

Бул идеяны ишке ашыруу Борбор Азия – Индия багыты боюнча жүктөрдү жеткирүүгө жол ачат эле. Өз кезегинде бул аймактагы өлкөлөрдүн Иран менен да, Индия менен да соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүп, чыңдамак. Келечекте Чабахар порту учурда курулуп жаткан Чабахар-Захедан темир жолу аркылуу Каспийдин транспорт системасы жана азыр деле жакшы иштеп аткан  “Түндүк-Түштүк – “Казакстан – Түркмөнстан – Иран” чыгыш темир жол коридору менен биригет.

2007-жылы менин ирандык кесиптештер менен жакшы жеке мамилелерим болгон, дал ушул себептен улам Кыргызстанга Бендер-Аббас Эркин экономикалык аймагынан 7 гектар жерди бөлүп берүүгө жетишкенбиз. Ал стратегиялык эл аралык мааниси бар “Шахид Раджаи” деңиз портунан бир нече километр аралыкта жайгашкан, ал эми жанында темир жол бар. Ошол учурда Бендер-Аббас ЭЭАда бир да КМШ өлкөлөрүнүн, ал тургай Россиянын да аянты болгон эмес. Бул аймакта биз завод, цех, кампа же каалаган башка имаратты же ишкананы кура алмакпыз.

Бул жерди бизге бөлүп беришкенде, бул тууралуу ошол учурдагы КРнын президенти К. Бакиевге бир нече ирет бул жерди өздөштүрүп, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн пайдаланалы деп доклад жасап, маалымат бергенмин. Жетекчилик алгач кызыкчылыгын билдирип, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасаган жок.

Индия ушундай эле аянтка $1 миллиард, малайзиялыктар $700 миллион жумшашып, ишканаларды ачышты, Түркия болсо заводдорду куруп алды, биз гана эч нерсе жасабай койдук. Биз жок дегенде ал жерге кампаларды куруп коюп, ижарага берсек болмок, андан кыргыз мамлекетине эбегейсиз акча түшөт эле. Мага россиялык бизнесмендер кайрылышып, жеке өзүм менен биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылышкан. Албетте, мен андай сунуштардан баш тартып койгонмун, себеби бул жер Кыргызстандыкы болчу жана мамлекеттик гана ишканаларды курууга берилген эле.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Роза Отунбаевага, андан кийин Алмазбек Атамбаевге кайрылдым, бирок бир да президенттер тарабынан эч кандай жылыш болгон жок. 2012-жылы мени Ирандын Элчилигинен чакырып алышкан соң Кыргызстан бул жерди алдырып ийди. Кыргыз чиновниктеринин кайдыгерлиги жана чечкинсиздигинин кесепетинен кыргыз экономикасы ушундай кирешенин булагы боло турган сейрек мүмкүнчүлүктөн ажырап калгандыгы өтө өкүнүчтүү.

Маектешкен Азиз Пиримкулов

Фотолордун автору  Жоомарт Ураимов  Sputnik МА.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс