• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

Мен клиникалык ишимде рактан кутулуп жатып, гепатиттен каза болуп калгандар да болду..

Автор:ruh_admin

Май 3, 2019
Ноокаттан келген жашы 30 жаштан отуп бараткан жигит, ашказандын рагы менен жатты эле. Дарылоо учурунда аппетити калыбына келип, май ткандардагы лимфоаденопатия азайып, ашказандын эластичности (ийкемдуулугу) калыбына келип калган эле.
Бирок денесиндеги алсыздык кундон-кунго кучоп, денесин которо да албай баратты. Мен аны эмнеден экенин тушунуп, кандан гепатиттин өнөкөт А туруно тапшыртырдым. Анализ өтө чон цифраны берди (17 айланасы) болсо керек. Ал мезгилде гепатиттин “В” жана “С” турун дарылоону колго алып, “А” менен “Д” туруно жетише элек болчубуз. Байкуш бала курсагы ачып, оозуна эжеси нан салса, ошону чайнаганга алы келбей калыптыр. Менин да боорум ачып кетти. Эжеси менен суйлошуп, макулдашып, ага гепатитти дарылоо мумкунчулугу бизде жок экенин тушундуруп, эртеси уйуно алып кетээрде каза болду. Мен бул гепатитке каршы дарылоо курсун иштеп чыгууга киришууго мажбур болдум. Себеби, Гепатит “А” менен оорууган пациенттерди гепатологдорго жиберсем, алардын баары бирдей жооп берет. Жообу ушундай: “Сенин канындагы анализ корсотуп жаткан IgG A формасы, бул ага каршы организмдин иштеп чыккан антителасы, сага эч кандай зыяны тийбейт” – деп жолго салышат. Гепатологдордун бүтүмүнө макул болуп бейтапты тек коюн десен, күндөн күнгө ахвалы начарлап барат. Интернентен медицинанын протоколдорун карап корсом, гепатиттин – ушул түрүнө такыр дарылоо иштерин жүргүзүү каралбаптыр. Эмне кылуу керек. Конүл бурбай тек коен десем, пациенттердеги колу-буттагы отектер, өпкөнүн лимфастазынын кесепетинен дем кысылуу кетпейт, сийдик чыгаруусу күндөн- күнго азайып барат… мындан башка паталогиялар бейтаптарга азап берет, аларды ден соолугун ондой албай мен убара. Ошентип, мажбурлук гепатиттин үстүнөн илимий иштерди жүргүзүүго мажбурлады.

Окумуштуулардын тактап аныктоосу боюнча Гепатит “А” туру, морфологиялык тузулушу белоктук оболочкага ээ болбой, капсуладан турат да, 60 протомерден түзулүп, ал төрттөн бирдей болгон вирустук белоктор: VP1, VP2, VP3 и VP4 пайда кылып, коп грандуу кристаллды элестеткен капсидди тузот. Мына ошентип вирус иммундык клеткалар капсуланы эрите албайт (лизосома), же фагоцитоз деп(же жута албайт) же амеба сыяктуу курчап ала албайт. Вирустун тукум алып жүрүүчү геному +плюс заряды бар бир чынжырлуу РНК болуп эсептелет. Вирустун геному РНК белоктук капсуланын негизинде тузулгон матрицанын бир гранын ачып алып, анда кожоюнун клеткасындагы биосинтезге катышып, бир эле заматта массалык турдо полипротеиндерди трансляция кылууга жетише алат. Бул деген мителик кылып жаткан кожоюнун клеткасындагы ДНК дан транляция (кочуруп) алып бараткан и-РНК белоктун синтездик кодун озуно кочуруп алып, синтезделген протеинди же белокту озунун протомерини жанылоого тартып кетуусу. Озүнө керек болгон белокту алдырып койгон клетка, функциясын жоготуп коет. Сиздер түшүнуп тургандай вирустун жашай турган, кобойуп өсө турган жери боордун гепатиттик клеткалары болот. Организмге түшкөн вирус боордун гепатиттик клеткаларыны мембранасынан отүп, цитоплазмасында өзүнү курчап турган капсидден бошонуп чыгып, клетканын ичинде журуп жаткан белоктун биосинтез процессине катыша баштайт. Ал учун вирустун геномун алып жургон РНК репликациясы бир канча жолу болуп өтөт, репликацияга керек болгон азоттуу негиздерди, фософор кислотасынын калдыгын, 5-циклдуу углеводдорду клетканын ядросун, Гольджи комплексинин мембраналарын бузуп, андан тартып алат. Клетканын и-РНК клетканын ДНК-нан ала турган транскрипциянын ордуна, вирус озунун +РНК геному боюнча кодду алып, эндоплазматикалык торчонун гранулдуу болугундогу рибосомаларды катарга тиздирип, биосинтезди ишке ашырат. Ошонтип вирус озунун капсидинин протомерлерин калыбына келтирип, гепацитардык клетка болуп чыгара турган суюктук (желчь) аркылуу клетка аралык суюктукка чыгып кетет. Ошонтип боордун гепацитардык клеткаларында организмге керектуу болгон белоктордун синтезделиши үзгүлтүккө учурап, боордун кайсы сегментинде, кайсы гепоцитардык клетка, кандай фермент, ал кандай метаболизмди (зат алмашууну) жонго сала турганына карата, кишиде ар түрдүү ооруулар келип чыгышына провокация же себебчи болот.

Эми мен Сиздерге гепатит А эл арасында кантип тушунушот, кантип жугат? Ошолор жонундо айтып берейин. Гепатит А ны эл арасында сарык ооруусу же Боткин деген ат менен белгилуу. Анын себеби, тамак-аш аркылуу жуккан гепатит ашказандын, ичегинен эпителиевой катмарында жашап, андан кан аркылуу боорго барып жайгашат. Боордун гепацитардык клеткаларында активдуу түрдө көбөйүп жаткан вирус клетка аралык суюктукта вирустун капсиддери шлак пайда кылып, канда майда артериолдордун жолун бууп, курч боор жетишсиздиктин ооруусун пайда кылат. Бериле турган симптомдору; алсыздык, кусуу, чаңкоо, ооздун кургашы, анча-мынча сийдиктин түсү өзгөрүлүп, кан чыгып калат, чон заара кара тустө болуп калат. Ооруу күчөсө көздөрү сары түс басат. Канда билирубиндин көрсөткүчү нормадан 5-6 эсе көбөйүп кетет. Муну медицинада билирубиновой цирроз деген ат менен белгилүү. Бул Боткин ооруусу түздөн-түз ооруунун симптомдорун бергендиктен, дарыланбай калса бейтап каза болуп кеткендиктен, ошондуктан медицина дарылоону мойнуна алат. Жогорудагы атап откон симптомдору дарылоо учурунда толук жок кылынат. Бирок вируска гепапротектордук, антивирустук дары-дармектердин таасири болуп, анын кесепетинде вирустун РНК геномуну мутация учурап, пассивдүү ахвалга өтүп, вирус кала берет. Медицина тармагы врачтын алдына пациентти вирустан толук арылтуу милдетин койбойт, болгону мен жогоруда айткандай “тяжестини” же симтомдорун жоготуп коет.

Хашим Абдирахманович Зайналиев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс