Четверг , 1-Октябрь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Түркиянын элчисинин жубайы кыргызстандык майып энеге кайрымдуулук акциясын уюштурду

Түркиянын элчисинин жубайы кыргызстандык майып энеге кайрымдуулук акциясын уюштурду

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде 8 жашар баласын жалгыз тарбиялап жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Назира Солпуеванын бутуна протез жасатуусуна жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчисинини жубайы Василики Фырат тарабынан уюштурулган иш-чарага Россия, Франция, Украина, Белорусия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР)  элчилеринин жубайлары, Эл аралык аялдар маданият клубунун мүчөлөрү, Түркия Элчилигинин маданият кеңешчисинини жубайы катышты.

Аталган иш-чарада Түркиядан Кыргызстанга Эбру сүрөт искуссвосун таанытуу максатында келген Эбру жана миниатюра искусствосунун мастери  Суна Кочалдын мастер классы көрсөтүлүп, катышуучулар Суна Кочалдын көрсөтүүсү менен жоолук жана моюн орогучтарга Эбру искусствосунун ыкмалары менен сүрөт тартышты.  Ошону менен катар катышуучулардын баары Назира Солпуевага колунан келген акчалай жардамын көрсөтүштү.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс