Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Досье / Түркиялык Эбру сүрөт искусствосунун чебери мастер-класс өткөрдү

Түркиялык Эбру сүрөт искусствосунун чебери мастер-класс өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигин колдоосу менен Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясында Түркиядан Кыргызстанга Эбру сүрөт искуссвосун таанытуу максатында келген Эбру жана миниатюра искусстосунун мастери Суна Кочалдын мастер классы көрсөтүлдү.

Аталган иш-чарага Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясынын мүчөлөрү катышышты.

Эбру сүрөт техникасы менен жакындан таанышып, өздөрү каалаган түстөр менен эбру сүрөттөрүн тартышты. Иш-чарадан кийин катышуучулар жасаган эмгектерин сүрөт алкактарына салып, сатууну көздөшүүдө.

Сатылган сүрөттөрдөн түшкөн каражат ошол эле ассоцациянын муктаждыктарына жумшалат.

Маалымат: Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы коомдук бирикме болуп эсептелет. Ассоциациянын максаты — жашоо стандарттарын жакшыртуу менен кыймыл-аракет системасынын бузулушунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көз карандысыз жашоо мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс