Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Досье / Кайран погон, кайран жылдыз, кайран эл…

Кайран погон, кайран жылдыз, кайран эл…

Жалил Атамбаевге байланышкан иликтөөнү даярдап отуруп, кыргыз бийлигиндеги развраттын, саясий порнографиянын бир четин көргөндөй болдум. Колумбиядан айырмабыз жок экен да. Колумбияга жетпеган жагыбыз эле күнүгө атышуу уюштуруп турган Пабло Эскобарыбыз гана жок экен. Калган саясий сойкулуктун, коррупциянын баары бар турбайбы бизде?

Салыктан качкан ишкер бир эле Жалил Атамбаев болсо кана эле. Жаман ишкер бир эле Жалил Атамбаев болсо анын эсебин таап коюш оңой эле болмок да. Үйдү сапатсыз курган, келишимди аткарбай койгон ишкер бир эле ушул Жалил Атамбаев болуп, калганы айнектей тунук болсо кана эле? Андай эмес да.

Бүт мамлекеттик кызмат банкроту жок бизнес болуп калганы качан. Мына ошон үчүн Жанар Акаевден башка бир да депутат салыктар тууралуу ооз ачканга жараган жок да. Анткени бүт мамлекеттик кызматтарда жалаң чайкоочу, коммерсанттар отурат да. Ушулбу биздин мамлекет? Ушулбу биздин мекенчилдик? Мен мамлекетимди чексиз сүйөм деп, көздүн карегиндей сактайм деп, ар жыйында колун көкүрөгүнө коюп гимн ырдаган аткаминерлерибиздин бүт турган турпаты чайкоочулук, алып сатарлык болуп атпайбы? Бизнесин жашырган бир эле Жалил Атамбаев эмес экен да. Эң бай делген Бабановдун, Раим миллиондун, Турсунбековдун, Шадиевдин, Пирматовдун, Пиримовдун өз аттарында жарыган мүлк жок да. Алардын мүлктөрү жалаң ата-журт кайын журттун атына, болбоду дегенде токолунун этегине катылган да.

24-марттан кийин, 7-апрелден кийин кыргыз бийлигинин табияты өзгөрүп кеткенсип уялбай майрамдап, кыйратып койгонсуп, эс алып жатабыз. 7-апрелди эл эмес, бийликке келген беш-алты киши эле өз үйүндө майрамдай берсе куп жарашат эле. “Биз бийликке келген күн” -деп.

7-апрелди “Акталбаган үмүт” күнү, “Бөөдө өлгөндөр” күнү, “Бийлик уурдалган күн” деп атап, аза күтсөк жарашмак. Же 24-марттан, 7-апрелден кийин мамлекеттик башкаруунун табияты түп тамырынан бери өзгөрүп, кыргыздын жашоосу керемет болуп кеттиби? Мектептерде акча топтолбой калдыбы? Билим берүүнүн сапаты жакшырып кеттиби? Ооруканалар акча албай сапаттуу тейлеп калдыбы? Жолдо МАИ пул сурабай калдыбы? Коррупционерлер камалып, криминалдар өлкөдөн качып кетиштиби? Же жолдор оңолуп кеттиби? Эмгек мигранттар өлкөсүнө кайтып келиштиби? Адамдардын айлыгы айдан айга жетип калдыбы? Кызматтар пулга сатылбай калдыбы? Эмне болду? Эмне өзгөрдү? Эч нерсе болгон жок го. Анан эмнени майрамдап атабыз?

Жалил Атамбаев салыкты төлөбөй койсо, анысы кайдагы бир Азаттыктын аймактагы кабарчысы айтканга чейин жиги билинбей жүрө бергенине биринчи кезекте Жалил Атамбаев эмес, көзөмөл органдар күнөөлүү да.

Кылмыштарды ачам деп, салыктарды казынага жыям деп отурган гилтейген генералдар, полковниктер бар го. Кана ошолор? Жашырылган салыктарды каржы полиция, АКС, эсеп палатасы, прокуратура көрбөй атабы? Алар эмне чакмак таш ойноп отурабы?

Кечээ бирөө “О содоголоюнтар, прокуратура, АКС, финпол, уктагыла, турбагыла” –деп пикир жазыптыр. Жалилди Жалил кылган мына ушул көзөмөл органдар эмеспи?

Э койчу, кайран сөз… Кайран жеме… Кар болгон, кор болгон кайран эл.

Ыдырыс Исаков.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс