Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / БӨЛҮШҮП АКЫРЫНА ЧЕЙИН ОКУП КОЮҢУЗДАР❗❗❗ КАЛЫСТЫК ҮЧҮН БИЛИП АЛЫҢЫЗДАР

БӨЛҮШҮП АКЫРЫНА ЧЕЙИН ОКУП КОЮҢУЗДАР❗❗❗ КАЛЫСТЫК ҮЧҮН БИЛИП АЛЫҢЫЗДАР

Мен кепти Адахан Кимсанбаевичтин адамдык касиетинин бийиктигине баа берүү менен баштайын.
Баарыбызга белгилүү болгондой Адахан Кимсанбаевич көптөгөн иштерди жасаса да «Мен кылдым, мен муну жасадым»- деп мактанбастан Аллахтын ыраазычылыгына жана элине болгон сүйүүсүнө гана байлап арнап койгонун байкадым.
«Ит күлүгүн — түлкү сүйбөйт» дегендей Адахан Кимсанбаевичти да биздин түлкү мүнөздүү чоңдор сүйбөй турган чагы.
«Канткенде элдин Адаханга болгон сүйүүсүн өчүрөбүз?» деген суроонун айланасында мыкты ыкмаларды, кара пиярларды ойлонуштуруп жаткан кези десек жаңылышпайбыз…
Ⓜ️ен кеебир адамдардын жазгандарын окуп акыры айтууга мажбур болдум.
«Ош окуясында Ташиев, Жапаровтор өз өмүрүн тобокелге салып эрдик көрсөткөндө Адахан Мадумаров кайда эле?» деген сөздөрдү бетке кармап, шилекейин чачырата ушул суроону берчүү болду кеебир жумурткадан кыр издегендер жаштар.
Албетте бул туура эмес!
Чынында ал кайда болгонун эмес ошол учурда өзү кайда болгонун билбейт, сындасак эп экен да.
Неге изденбейбиз? Божомолдоп урдурганды качан токтотобуз..

Аттиң Ошол кездерде Адахан Мадумаров менен Бек Борбиев агаларыбыз башкаларга окшоп Журналисттерди ээрчитип алып, ошолордун курчоосунда видке иштей алган эмес экен.
Бирок көпчүлүк Ош окуясында Бек Борбиев менен Адахан Мадумаров Ошко барып ун таратып жүргөнүн эмес, Ошко барганын да билбейт, көпчүлүктө маалымат жок.
А чындыка Бек байкенин ошол маалдагы интервьюсу далил жана ошондогу иштер тар чөйрөдө айтылып жүрөт…

Жасаган иштерин «Мен жайладым, мен кылдым» дебей көмүскөдө калтырып, элге жеткирбей жатканын, жеке мен динден түшүнүгү бар экендиги үчүн деп билем.
Шарият боюнча оң колуңдун бергенин сол колуң билбөөсү абзел…

Кезинде Адахан Кимсанбаевичтин жасаган иштерин, биздин өлкө эле эмес чет элдиктер да баа берип турган.
Чет элдин бир нече сайттары да байма бай жазып турушкан.
Ошончолук таасирдуу адам болгон
Азыр болсо чет эл эмес өзүбүз тааныбайбыз,
Ким?
Кайдан келген неме?
Эмне иш кылып жатат?

АКЫРЫНДА АЙТААРЫМ БИРӨӨНҮ МАКТАЙ АЛБАСАК АНДА ЖАМАНДАБАЙЛЫ…

Каалоочуларга Бек байкенин интервюсун калтырам окуп чыксаңыздар болот…

⬇️⬇️⬇️ БЕК БАЙКЕНИН ИНТЕРВЬЮСУ ⬇️⬇️⬇️

Бек Борбиев, «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясынын мүчөсү, КРнын эмгек сиңирген артисти:

«Түштүккө гумжардамдан да тынчтык керек»
— Угушубузга караганда, партия лидери Адахан Мадумаров менен бирге Ошко барып, элден кабар алып келген экенсиздер. Ал жактагы бир туугандарыбыздын акыбал-жайы кандай экен

— Ошко гумжардам катары 500 миң сомго 10 тонна ун, май, макарон алып бардык. Элге таркаталы деп аянттан качкындарды, өңдөн азган бир туугандарыбызды көрдүк.
Ал жерден элди чогултуп, курчуп турган кырдаалды ырбатпайлы, болгон жардамыбызды берели да кетели деп ойлогонбуз. Бирок гумжардамды алууга келген элдер топтолуп калды.
Алар: -«Теледен гумжардам бергиле деп эле кыйкыра беришпесинчи. Үч-төрт күн курсагыбыз ачса да чыдайбыз. Бизге гумжардам эмес, элдин тынчтыгы керек.
Маалымат каражаттарынан туура маалымат берилсин. Бул жердеги адам өлүгү теледен байма-бай айтылып жаткан сандан 10 эсе көп.
Миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылып жаткан жерге эмне үчүн Убактылуу өкмөттүн төрайымы, ИИМ жетекчиси, айтор бири да басып келишпейт, андан да туура эмес маалыматтарды теледен айтып жатышат.
Бул жердеги оор абалды өз көздөрү менен көрүп, анан тыянак чыгарышса болмок. Тигил жерде олтуруп алып референдум өтпөсүн деген күчтөрдүн уюштурганы, бакиевчилер кылып жатат, Максим кармалды деп кайра-кайра айтышты. Аны кармамак түгүл, атып салышсын, референдумду өткөрмөк турсун, андан ары барышсын, бизге негизгиси тынчтыкты орнотуп беришсин.
Чындыкты төө бастыга алышпасын. Окуя эмнеден, кантип башталганын карапайым эл беш колубуздай билебиз. Анан кантип эле атайын кызматтар билбей калат?» деп, кагылышуу себептерин айтып беришти.
Алардын айтымында, кыргыздарга жырткычтык менен кол салуу болгон. Эки күн түштүктө болуп келип, пикирим өзгөрүп калды. Ал жакты көрүп келгенсип теледен оозу-мурду кыйшайбай сүйлөп жаткандардан ушунчалык ичиркенип жатам. Жок дегенде азыр саясый оюндарды, бири-бирине доомат койгонду токтотуп, мамлекетибизге тынчтык орнотуунун, бир адамдын өмүрү болсо дагы, сактап калуунун аракетин көрсөк болмок.
КТР эмнегедир тигил жакта эл кан кечип, оор күндү башынан өткөрүп жатса, бассейндин ачылышын же футболду көрсөтүп жатышат. Мен деле кичинемден футболду жакшы көрөм. Бирок азыр футболду көрсөтүп жатканы туура эмес. Керек болсо, аза күтүп, той-топурду дагы кое турушубуз керек

— Жардамдарды жардамга зар жерлерге жеткире алдыңарбы

-Каттоодон өтүп, анан складдарга киргизип берет экенсиң. Биздин саясый кеңеш каттоодон өтүп, алып баргандарыбызды жардамга зар болуп турган адамдарга беребиз деп, складдарга түшүрбөй, өз даректерине жеткирип бердик. Оштун тегерегиндеги айылдарга барсак, «Курчоодогу кабаттуу үйлөрдө жашагандарга бергиле. Биз ачка калбайбыз. Эптеп оокатыбызды кылабыз» дешти. Тынчтык үчүн кам көрүп жатышат деп, эң биринчи солдат, милиция кызматкерлерине, андан кийин ооруканаларга, анан кабаттуу үйлөргө бердик. Кечээ аянттан, Токон Эшпаев деген эл артисти Адахан Кимсанбаевичке келип, «Жарым киллограм ун бергилечи» дептир. Адахан Кимсанбаевич: «Угуп алып шок болдум» дейт.

— Сиздин айтканыңызга караганда, түштүктөгү кан төгүүнү Бакиевдин жакындары эмес, башкалар баштаган турбайбы

— Карапайым элдин айтымында, өзбек улутундагы спортсмен жигиттер баштаган. Бакиевдердин Санжар дегени бар экен, кимисинин баласы экенин билбейм. Ал жигит болсо, «эмне үчүн Ата Журтумду өрттөгөн өзбектерди камаган жок, кек алам. Мени камашса, үйдү өрттөгөндөр кошо камалсын» деп жатыптыр. Менимче, Санжар Бакиев ошон үчүн өзбектерге каршы чыгып жатса керек.
Азыр көпчүлүк маалымат каражаттарында кыргыздар өзбектерди өлтүрүп, союп жатат деген маалыматтар берилип, уруштун чыгыш себеби так жазылбай жатат.
Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү Ошко барып, «өзбек элинен эмнеге аким, губернатор болбойт. Референдумда бюллетендин 30%ын өзбекче басабыз» деп чыгышпадыбы. Мына ушул жагдайлар кырдаалдын курчушуна кошумча болду. Бул жараатыбыз көптөн бери бар эле, дартыбызды дарылагандын ордуна аны ырбатып алдык.

— Сиздин маалыматтарыңыз тынчыган элди дүрбөтүп койбойбу

— Кыргыз эли абдан момун калкпыз, ошол себептен биздин мамлекетте жашаган башка улуттар тилибизди, дилибизди өздөрүнө сиңире албай жатышат. Биз башка мамлекеттерге салыштырмалуу өзбек элине бир топ көңүл бөлөбүз. Өздөрү каалагандай жашашат. Өзбек мектептиринен университеттерине чейин бар. Биз түзүп бергендей мүмкүнчүлүктү башка мамлекеттер түзүп бербейт. Биз жакшы көңүл бөлгөн үчүн өзбек тилин расмий тил кылгыла деп талап коюп чыгышты да. Учурда Кытайда, Россияда жашаган толтура кыргыздар бар. Алар өзбектер койгон талаптын бирин да кое алышпайт. Кайсы мамлекетте жашашса, ошол мамлекеттин тилин, каада-салтын сыйлашат. Ошондуктан бир мамлекетте жашап жаткандан кийин жергиликтүү, өзөк улутту сыйлоо менен мамиле кылсак, түбөлүк тынчтык болот. Эгерде провокаторлор саясый оюндарды уюштуруп, уруш себептерин таап чыгышпаса, ортодо эл эле жабыркайт. Ошондуктан бул маселеге өкмөт дагы, коомчулук дагы кылдат карап, чагымчыл иштерге жол бербеши керек. Элдин атынан сүйлөгөндө дагы этияттык менен сүйлөө керек. Баарыбыз бирдейбиз дебеш керек. Жергиликтүү кыргыз элинин тилин, үрп-адатын кичине жогору коюп койсо, эч нерсе өзгөрүп кетпейт.

— Ошто өлүктөр көмүлбөй жатат, снайперлер каза болгон адамдардын сөөгүн алдырбай, жакындаган кишини атып жатат деген маалыматтар болуп жатат. Сиз андай жагдайга күбө боло алдыңызбы

— Бизди ал жакка аскер кызматкерлери өткөргөн жок. Кан төгүлгөн жердин баарын тосуп коюшуптур. Күйгөн үйлөрдү, талкаланган имараттарды көрдүк. Ошол жерде тынчтык орнотууга аракет кылып жүргөн аскер кызматкерлерине баш-көз болуп, Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов менен облустун коменданты Бакыт Алымбеков иретке келтирип жатканына күбө болдук.

— Кечээ эле чүйлүк эки милиция кызматкеринин сөөгү келди. Борбордон барып, Ошту жакшы билбеген жигиттерди кечки патрулга чыгарышыптыр. Кайсы жерде эмне бар экенинен кабары жок, чагымчыл күчтөр турган жайга тушугуп каза болушуптур…
— Биз 14-июнда бардык. Ошол учурда деле ситуация көзөмөлдө деп жатышты. Оштон андай көзөмөл байкалган жок. Ошто Нариман деген айыл бар, ал жерде боевиктерден ушул күнгө чейин тазалана элек. Ошол жерден БТРдин коштоосу менен, кайдан атып жиберет деп өтөт экенсиң. Чет мамлекеттик бир журналистти дагы ошол жерден атып жиберишиптир. Элди элдештирем деп барган милиция начальнигин айдоочусу менен мууздап, өрттөп, айдоочусунун башын бербей коюшуптур. Мусулманчылыкта башы жок жерге берилбейт экен. Ушул күнгө чейин туугандары айдоочу баланын денесин жашыра албай отурушат. Милиция начальнигин өлтүрүп жаткан кылмышкерлерди тазалай албаса, анда ал жерде кандай аскердик иш-чаралар жүрүп жатканын билбейм.

— Орусия тарап Адахан Кимсанбаевич же Мирослав Ниязов менен гана сүйлөшөбүз деген экен. Аны официалдуу түрдө тастыктай аласызбы

— Албетте, тастыктайбыз, андай маалыматтар болгон. Алардын сунуштарына бул өкмөт көнбөй койдубу же Россия булардын сунушуна көнбөй койдубу, билбейм. Ким күнөөлүү, күнөөсү канчалык деп кине коюп, талдап отургудай учур эмес. Катуу чараларды көрүп, улуттук кызыкчылыктарды биринчи планга чыгарып, жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек болуп турат.
Менин пикиримде кыргыз саясатчылары үч маселеде бир болушу керек: Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүндө, тынчтыгында жана өнүгүүсүндө.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс