Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Досье / Апам менен Түмөнбайды тааныгам…

Апам менен Түмөнбайды тааныгам…

Очерк деген кандай болоорун ушул макаланы аягына чейин окуп чыккандар түшүнөт. Эгер аягына чейин окуй албасаңыз, сиздин көркөм табитте жана кыргыз тилин билүүңүздө көйгөй бар…

Көк-Жардын күн батыш жагында Арашан айылын көздөй арстандай комдонгон, бишкектиктер «Панорама» деп койчу тоонун бир ныптасын ээлеп, насип экен, шашке ченде бир тобубуз шерине дасторкондо отурдук. Жылга бергис бир күн бар деп ким айтса дагы атасына ырахмат! Таап айткан! Адам өмүрү кубалашып кайып болуп кеткен күндөрдөн эмес жүрөк чери жазылып, сезим козгоп, жан-дүйнөнү асылданткан окуялардан, көз ирмемден турары ырас го!
Жаз кучагында оонаган Беш-Күңгөй айылы бийиктен алда недей кооз. Кеп-сөзгө башынан уста, жазды жанындай көргөн жароокер досум Жусуп айткандай, мынабу төбөңө келип токтогон ак булуттун чекесинен чай кашык менен томоруп, пиялаңа чайып койсоң болот. Берекеси төгүлгөн дасторкон ээлери сый-сыпат каадасын кылып тикесинен тик туруп кызмат үстүндө. Бир маалда бизди туурап, Панорамага кыялап чыктыбы, үлбүрөгөн мынабу ак булутту жүгөндөп түштүбү, айтор, көңүл менен көкүрөктү шарапка чайып отурган бизге Түмөнбай обончунун келгени өзүнчө эле табышмак болду. Мурда-кийин бирибиз да көргөн эмеспиз. Учурашканда эле Ак-Буурадан агып чыккан тунук булактай, шыңга боюн обон ширеген, авазы алоолонгон жан экенин сездик. Даам сызып, жакындан таанышкан соң «Абдыкерим агам менен Бурул Жеңемди кандай урматтасам , сиздерди да алардан кем көрбөйм. Ырдаганы келгенден кийин зарыктырбай ырдайын» деп аккордеонун мүрүсүнө илди. «Кана, баштадыкпы» деп бизди өзүнө кошуп, жылмайып койгону да жакты. Эл оозунда жүргөн ондон ашык обону турса да Рыспай агабыздын ыры менен баштады. Мына, тунук аваз деп ушуну айт! Музыка мукамы менен жарышкан Түмөнбайдын арген үнү токсон тамырыбызды балкытып, жанды жай алдырбай, биз бир заматта булуттардын үстүндө жүрдүк. Ничке салааларын карасаң кадимки Рыспайдын сулуу манжалары. Түмөнбайдын боюнан өрүлүп түшкөн обон Панораманы тербетип, көңүл чиркин, мынчалык көкөлөп, кайрыктын делөөрүткөн күчүнө мынчалык багынган эмес… Түмөнбай токтой калганда жүрөк капкасы ачылган биз жаныбыздан мөңгүп, зымыраган мезгилди сөзүбүзгө кошуп тост көтөрөбүз. Музыка кайрыгы сөзгө дагы жан киргизип ого бетер ширесине чыгарды го, чиркин!..
Бир маалда салт-санааны сыйлаган, күнүмдүк эмес, түбөлүгүн ойлогон обончу эмкиге калтырбайын дедиби, «алыста жүрүп, апаңарды сагынсаңар керек. «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» деген ырымды аткарып берейин» деп калды. Кезектеги тосттон денебиз дуулдап турган. «Кана, кана!» деп жабыла ак дилден коштодук. «Обону өзүнүкү, сөзүн жазган акын Фатима Абдалова» деп тактоо киргизди. Түмөнбайдын эне жөнүндөгү ыры арабызга аппак кут жаадырып, бизден алыс кеткен эне жарыгын кайрып бергендей болду. Шумдук, эне сагынычы ак булактап токсон тамырыбыз аркылуу жан-дүйнөбүзгө агылып кирди…
«…Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам,
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган…»
Алеки саатта ааламда жок аруу сезим менен мынабу жаныбызда өскөн өрүк гүлүндөй тазалыкка туш болуп, кыялымда о нечен жылдар илгери жаны жаннаты болгон апам менен кезиктим!.. менин кыйбасым ай, баягысындай, тандыр жанында ысык нанын себетке салып, мага кусалуу күлүмсүрө-өп турат. Менин батпас күнүм ай, маңдайынан аккан тер кырмызы көйнөгүнүн гүлдөрүнөн гүлдөрүнө сарыгып, байыр алган туңгуюк ааламынан бир жакка кетип, кечигип калсак төлгө салып жиберчү чарчоо билбес колдорун булгалап, кайберендей карааны шамдай жанып, мезгилди артка кайтара албасына айласы куругандай күйүт жанын куйкалайт-ов!.. Эне-бала керемет обондун угутуна сугарылып, солкулдап турдук!.. Көзүмдү бекем жумсам да ысык жаш карегимди чайып кетти. Бурул аяш жаныма келгенин да байкабай нес болгон жаным «келиңиз, ысык чай куяйын» десе, «көрбөй турасызбы, аяш, мен ыйлап атам!..» деп өпкө-өпкөмө батпай… Ырдан ылдый түшкөн апам «кетип калбагай эле» деген катамды билдиби, жан-дүйнөмдүн алай-дүлөйүн туйдубу, сезимтал жан «макул, аяш, бүткөнүңүздө келейин…» деп жумшак тамашага илди. Ээрден ооп түшүргөн, жанга жагым обон бойго тарап, ага учкашкан керемет сөз, көөдөн сыккан Түмөнбайдын үнү…ошондо биз көрө элек Түмөнбайдын апасы мында отурган баарыбызды бир заматта эгиз кылып койду! Билбейм, мага ошондой сезилди. Фатиманын да эстедим. Чоң жолдо баратса жолдун чекеси менен баскан, кимге болсун ызааттуу, ырыскысын ырдан издеген акын карындашымдан «апалар ушунчалык да окшош болобу?!.» деп сурагым келди.
– Мен буга чейин мындай ырды укпаптырмын! – деп агынан жарылды шеринеге модераторлук кылып отурган, тээ көчөт кезинде адам менен учурашканда жан-алы калбай ал-жай сурашканга көнгөн, жайдарылык жарашкан Жусуп досум.Кылгырган жашын Жанара аяшым алыста отурса да көрүп койду. «Дагы ыйлапсың да. Бул кино көрсө да ыйлайт…» деп күлүмүш болду эле, сөз көтөрө алдбай отурган жоомарт досум: «Жанаркан, сөздү көбөйтпө» деди акырын. Демейде мындай диалогго кыраан-каткы түшүп калчу досторум бу саам бири жер карап, дагы бири алыска-алыска жаштуу көздөрүн кадап ойлуу отурушкан. Жанара аяш деле жанагы сөзүн кара күчкө айтканы менен энеге болгон сагыныч өзүнүн да жүрөгүн куйкалап турган. Аңгыча, Жаңыл бер жактан муңайым үнү менен: «Жанарчик, телефон чалсаң биздин атыбыздан апаңа ысык салам айтып койчу», – деди. Топураган небере-чөбөрөлөрүнүн ортосунда токсон ашкан бактылуу апанын толукшуган, сыркоо билбеген ыраңы көз алдыма тартылып «аяш энеме бүгүн эле чалчы» деп жибердим.
…Ошол күнү шеринелеш достор мажүрүм талдын түбүндө маңдайыбызга толгон айды коюп алып, көкүрөк-черибиз жазылганча ырдадык. Панорамадагы бак-шакка чүмкөлгөн жайда үйлөрдүн, дачалардын эшик-терезесинен жаш балдар менен чоңдор дагы моюн созуп, тоо жаңырткан үнүбүзгө кошулуп бир жакшына ырдашты. Тоодон ылдый тээ мунарыкта, көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн Бишкегибиз болсо бири-бирине саламга келбей, тирүүлөр көчөсүндө түртүшкөн, кылкылдаган миң санаалуу эллин өркөчүнө кондуруп, (ага ырды ким коюптур!) окчорулуп, ныксырап кечки иңирге көзү илинип баратты… Ошентип, Түмөнбай бизди ырдатты да, ыйлатты да… Ал күнү биз ыбырсыган ойлордон бийиктеп, баарыбыз энеге болгон кусалыктан күкүрттөй шыр күйүп кетүүчүдөй акыбалда, жүрөгүбүз жанчылып турду!.. Бирок, биз бактылуу элек!
Панорамадан Түмөнбай менен бир машинада кайттык. «Жатар маал болуп калды, биздикинде калып кал» дегенибизге ынабай, таксини эшик алдына токтотуп коюп, биз менен о кыйлага чейин отурду. «Жакшы ырдан обон жакшы чыгат. Текст тандаганда Б.Чотурова, Ф.Абдалова, З.Ажыматов, М.Самыйкожо сындуу акындардын ырларына ыктайм» дегенине караганда, обончунун чыгармачылыкка койгон ынтаасы да өзгөчө. «Атамды көргөн өлбөсүн» деген китебимди жазып бердим. «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…» деген чыгармаңыз шу китебиңизде барбы? » дегенинен «бар» десем, «ошо чыгармаңызды көбү окуптур, мен табалбай жүрдүм эле» деп Түмөнбай колуман устукан алгандай сүйүндү.
Панорамада туруп тамшанып уккан ырлары жазылган кассета жанында жүрүптүр, мага таштады. «Ырахмат, иним, сен бүгүн апама жолуктурдуң, апамды үйгө чейин ээрчитип келдиң, апамды үйүмө таштап кетип атасың!..» деп кетээринде кучагыма кыссам, баягы тоо боорунда жылжып аккан көз жашымдан дагы калыптыр, карегимден кайта сызылды…
Эки-үч күн өткөзүп, Ошко телефон чалдым. «Кыйналбай жетип алдыңбы?» десем, «Меккеге барган адам гана кыйналбайт. Анан, агай, туулган жерге кайткан адам кыйналбайт» деди акылынан айланайын Түмөнбай. Аркасынан «силер Ошту сагынбайсыңар да, мен Ошто бир күн болбосом сагынып кетем» дегени «силер апаңарды анча сагынбайсыңар» дегендей угулду. Түмөнбай азаматым апасынын жанында бейгам, Сулайман тоонун боорунда, Ак-Бууранын боюнда көңүлү ток жүрүп, карачы, сөздүн туурасын айтты…
Жакында «Жетиген» журналы ордолуу Ошто миңдеген окурмандары менен көбүнүн колунан келбеген, көркөмү бийик рух майрамын өткөрдү. Айтылуу «Алай» командасы ойногон стадиондо (эки филармониянын эшигин ачсаң да, келген эл батмак эмес) Бишкектен барган даңазасы даван ашкан жал-куйруктуу ырчылардын сабында Түмөнбай да аккордеону менен чыгып «Апасын…» ырдады. Жанымда тойго мейман болуп келген заманыбыздын залкары, Кыргыз эл Баатыры Миталип Мамытов отурган. Түмөнбай ырын баштаганда: «Карасаңыз, куду Рыспай ырдап аткандай! Υнү үн эмес бекен!» деп делебеси козголду. Ыр аяктаганда карасам, Баатырды саал ой басып калгандай. «Көрөсүз, бу жигиттен чыгат…» деди кыргыздын Улукманы. Түмөнбай сахнадан түшүп, боз үйгө кирип кеткенче стадион толгон эл кол чаап турду. Улуу-кичүүгө дайыма «сиз» деп кайрылып көнгөн, табият берген мырзалыгынан жазбаган Миталип ака, «сиз мурун бу жигитти уккан белеңиз?» деп сурады. Мен дароо Панораманы эстедим. «Түмөнбай тууралуу Бишкеке учканда, самолётто айтып берейин» десем, «ушундайсыз да, секрет кыласыз да…» деп баладай бажырайып күлдү. Эмнегедир Баатыр агама Түмөнбай тууралуу асман мелжиген бийикте, көк бойлоп баратып шашпа-ай айткым келген…

Абдиламит МАТИСАКОВ.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс