• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

«УУЛАНГАН АТАМБАЕВ…» же “кузгун” аталган Бекназаров “досунун” абийирин кантип жапкан?

Автор:ruh_admin

Дек 24, 2018

АША мынча сасыйт?

Атамбаев саясый аренадан кеткенден бери Кыргызстан тынчып эле калган болчу. Жалпы кыргыз эли, баштагы президенттердей болуп өлкөдөн куулуп кетпей, Кой-Таштагы үйүнүн ичинде жашап жатканына топук кылып, Атамбаев акылына келген тура деп сүйүнүп калган экенбиз. Бул “пахмелден” кийинки убактылуу тыныгуудай эле болуп калды. Көрсө, Алмаз Атамбаев жеке менчик “Апрель” ТВсында “Мы вам покажем!”–деп тишин кычырата кекенип, өзүнүн жердештери айткандай Кой-Таштагы “түрмөдөй” болгон үйүндө дымып, ачыткы жыттанып, чылада жаткан чочконун богундай болуп быкшып, “сасып” жаткан тура.

Кыргызда “жаман иттин аты бөрүбасар” деген сөз бар. Кой-Таштагы Кабылан (Атамбаев өзүн ошентип айтат) жөн жатпай “Апрель” ТВна кенен маек берүү менен азыркы президентке ачык “саясый согуш ачты”. Бул албетте өтөөкүнүчтүү нерсе. Аталык болбой калган Атамбаев: “Өзгөчө мени таң калтырганы, “Биринчи-Кудай, андан кийин сиз” деп, 24 жыл жанымда дос болумуш болуп жүргөн адам мага ушундай душман болуп чыгып келсе, ушундай душманчылык кылып жатса…”–деп Сооронбай Жээнбековго нааразы экенин жалпы элге жарыя кылды. Атамбаев өзүн президенттей сезип, ал эми Жээнбековду Ош областынын губернаторундай мамиле кылууда. Өзүн Кокон ханындай сезип калган адамга, “Өкүмдарым, доораныңыз өтүп кетти…”- деп айткым келип турат. Бу Атамбаев деген Сооронбай Шариповичти сыйлап, камчыны колуна карматып, токулуу атты мингизип анан эле тизгинди карматкысы келбей жатканы өкүндүрөт. Достукка бекем туралбай душманчылыкты сиз кылып жатасыз. Алмаз Шаршенович, дос сиздей болбойт. Ага караганда Сооронбай Жээнбеков өзүнүн токтоолугу менен Атамбаевдин деңгээлине түшпөй, өзүн салмактуу кармап, баарын ичине жутуп коюп, тышка чыгарбай эски досу туурасында жаман сөз айтпай келет. Сый-урмат ушунчалык болот. Аталык болуп, Жээнбековду мурдунан жетелеп алам деген Атамбаев арам оюн ишке ашыра албай, ичинде ит өлүп жатканын элибиз деле түшүнүп калды. Жакындан бери, Атамбаев саясый аренага кайтып келүүгө жанын үрөп, талпынып жатканын байкадык. Атамбаев менчик телекомпаниясы болгон “Апрелде” өзү гана укмуш, калган саясатчылардын баары ууру, президент чыккынчы, башын баталгыга сайып коюп аны бийликке алып келген “досторун” кузгундарга теңеп болушунча шыбап жатканын көрдүк. Атамбаевге кеткен кайран гана алты жыл дейсиң. Аны карап отуруп, “ушул адам да өлкөнү башкарды э-э…”- деп жакаңды кармайсың. Атамбаевдин бир кездеги досу Туйгуналы Абдраимов “Атамбаев шизик!”- деп туура айткан экен. Бир чети, ден-соолугу “шектүү” ушундай адамды тандаган кыргыз элине да чала дейсиң… Атамбаев “эски досу” Азимбек Бекназаровду “Апрель” ТВнан “кузгунга” теңеп жатканда Азикеге телефон чалдым. Кудай жалгап телефонун өзү алып калды. “Азике, сизди Алмаз досуңуз кузгун…”- деп шыбап жатат, а сиз болсо анын шымына чычып алганын ушул күнгө жашырып жүрөсүз дедим. Азимбек Бекназаров “Мен ооруканада жатам, анын эмне деп былжырап жатканын көргөнүм жок! Ал өзү кузгун… Мага тийишпей кыса турган жерин кысып эле жүрсүнчү! Мен элге айтпай жүргөн көп нерселер бар. Ал нерселер айтылса актана албай калат…”-деп дагы бир топ ачуу сөздөрдү айтты. Чындыгында, Азимбек Бекназаров басып жүргөн, өзүнчө эле энциклопедия экени талашсыз. Ушул жерде бир окуя эсиме келди. Бир жылдары “Атамбаевдин саясый салмагынан коркуп, Курманбек Бакиевдин адамдары аны Жалал-Абад жергесинде ууландырып салыптыр!”- деген каңшар кеп, жалпы кыргыз элине желдей тараган эле. Карапайым эл ошол учурда ал сөзгө ишенишкен болчу. Кийин билсек ал сөздүн чындыгы башкача экен. Окурман журтуна түшүнүктүү болсун үчүн, мен алгач Азимбек Бекназаровдун “Мен кыргызмын” деген китебинен үзүндү келтирүүнү туура көрдүм.

“МЕН — ​КЫРГЫЗМЫН”

(Бекназаровдун китебинен үзүндү)

“Кол топтоо аяктап, Атамбаев талапкер болуп катталып, агитация, шайлоочулар менен жолугушуулар башталды. Ошол жолугушуулардагы, шайлоо учурундагы айрым окуяларга токтоло кетейин. Атамбаев өзү БЭКтин лидерлерин топтоп: «Шайлоочулар менен мен өзүм жалгыз жолугам, жалгыз жүрөм, ким менен, кайсы жерге барарымды керек болсо айтам. Силер өзүңөрчө жолугушуу өткөргүлө. Азимбек досум Жалал-Абадга, Сооронбай досум Ош областына, Бишкекке Роза Исаковна, Чүйгө Иса Өмүркулов, Нарынга Алманбет Шыкмаматов, Таласка Болот Шерниязов жооптуу болуп иштеп берсеңер жакшы болот эле. Ысык-Көл, Баткенди чечтим. Калгандар Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрсөңөр» — ​деди.

Жолугушууну Жалал-Абад областынан баштоону чечти. Маршрутту экөөбүз түздүк. Токтогул — ​Кара-Көл — ​Аксы — ​Базар-Коргон — ​Жалал-Абадда жолугушуу болуп, андан ары Ошко өтө турган болдук. Аксынын Кара-Суу айылында Топ-Жаңгак деген 1845-жылдары Кокондун ханы Шералы хандын жубайы Жаркынайым тиктирген жаңгак багында жолугушуу болду. Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүрдөн бери эл аябай көп келген экен. Атамбаев ыраазы болду. Кайып Кенжебаев деген агай-аксакалыбыз бата берип жатып: «Алмазбек балам, мен сага ушуну менен экинчи жолу батамды берип жатам, кудаа кааласа Президент болосуң? Бул турган жериңде Шералы хан көтөрүлгөн, А. Масалиев, Д. Садырбаевдер нечен жолу түнөп кеткен айыл, эгер Президент болсоң адал, ак бол, акыйкат бийлик жүргүзүп, бей-бечараларга күйүмдүү бол» — ​деди. Түштөн кийин Авлетим айылына Топчукемдин үйүнө бата кылганы бардык. Анткени, анын Орозбек деген агасынын көзүөтүп, өзү айылда экен.

Кечинде Жалал-Абадга келдик. Жалал-Абад шаарынын стадионунун жанындагы менчик мейманканадан орун алып койгон экен. Ошол жерге токтодук. Жусуп Жээнбеков Атамбаевди тосуп жүргөн экен, ал эртеңки жолугушууга катыша албастыгын, Сузакта, Жалал-Абадда эл топтой албастыгын айтты, себеби эртеси Бакиев Жалал-Абад стадионунда эл менен жолугарын билдирди. Атамбаевдин ачуусу келип кетти. Ал: «Эл топтой албасаң эмне депутат болуп жүрөсүң?! Сен Жаныш Бакиевден коркосуң! Сенин намысың жок, сенин балаңды Бакиевдердин бийлиги жок кылса да унчукпай жүрөсүң!»- деп жана башка оозго алгыс, уят сөздөр менен сөгүп жиберди. Мен Атамбаевдин мындай сөгүнчөөктүгүн ошондо биринчи жолу көрдүм. Экөөнүн ортосундагы кайым айтышуу күчөп баратканынан, партиялаштар чечишип алгыла, анан келем — ​деп, чыгып кеттим.

Атамбаевдин ачууланганын да түшүнсө болот эле. КСДПдан депутат Кодуранова деген айым түбү токтогулдук болгону үчүн, Токтогулда эч кимди тааныбаса да, Токтогулга келип, анча-мынча тааныган туугандарын жолугушууга үндөп жүргөн. Ага салыштырмалуу Жалал-Абадда губернатор болгон, Жалал-Абад, Сузактын эли эмес, итине чейин тааныган Жусупжандын: «Мен элди топтоп бере албайм!» дегени туура эмес эле. Бакиев сузактык болсо, Жээнбеков да сузактык депутат, митингге эл топтоп жаткан жок да, мыйзамдуу Президенттикке талапкер болуп катталган талапкердин жолугушуусу да, Жээнбеков эмнеге Бакиевдерден ушунчалык коркот, — ​деп мен да Жусуптун жоругун жактырган жокмун. Бирок ошол эле учурда Атамбаевдин да Жээнбековду көчөдөгү «бомждой» кылып, анын жоголгон баласына чейин айтып, уят сөздөр менен сөккөнү да жаккан жок.

Эртеси таң атпай стадиондон куудул Абдылданын үнү жаңырып, Президент Бакиевди көкөлөтө мактап, элди үндөп жатты. Мен мейманканадан чыгып, стадион тарапка басып барып куудулдардын сөзүн угуп турсам Ж. Жээнбеков балдары менен келип калды, кызуу экен. Ал мага арыз-муңун айтып кирди. «Сузакта, Жалал-Абадда Атамбаевге эл чыкпайт, Бакиевдерди колдойт да, эмне менин баламды айтат, эгерде аны Бакиевдер жок кылганын билсе, ачыгын айтпайбы, кайда экенин?!»- деп күпүлдөдү. Мен ага: — ​Жусуп, ал силердин партиянын лидери, сени депутат кылган адам, 200–300 адамды чогултуп, жок дегенде бир жерге жолугушуу уюштуруп койбойсуңбу, душман көзүнө болсо да, сеники да туура эмес. Албетте, Алмаз дагы кызууланып сени сөккөнү аша чапкандык, — ​дедим.

Аңгыча бир аял кыйкырып: «Чыгаргыла тезинен, чыгаргыла?- деп жаңжал чыгара баштады. С. Момбеков келип: «Азике, биз Кыргызстанда жүрөбүзбү? Кыргызбызбы? Тигил аял кеткиле, чыккыла деп тополоң салып жатат, гостиницанын ээси имиш» — ​деди. Мен Жээнбековго карап: -“ Кой деп койбойсуңбу?” — ​дедим. Анын бир адамы барганда тигил аял: «Мен бала-чака багышым керек, тынч оокат кылышым керек, чыгып кетсин акчасын кайтарып берет»- деп кыйкырды. Көрсө, аларды Бакиевдин туугандары келип: «Эмнеге Атамбаевди жаткырасың, азыр чыгып кетишсин!»- деп кыйнап жатыптыр, алардын ою боюнча биз стадионго кирип сүйлөп жиберишибиз мүмкүн деп коркушса керек.

Биздин жолугушуубуз Базар-Коргондун «Акман» айылында саат 10до эле. Мен Атамбаевдин балдарына болгула, чыккыла, кеттик, — ​дедим. Бир аз убакыт өтпөй Болот Сүйүмбаев (Атамбаевдин жансакчы башчысы, ишенген адамы) мага келип: «Байке туалетке кирип чыкпай жатат, көп болду, ичинен жаап алыптыр» — ​деди. Мен барып такылдатып, чык десем үн жок. Бөлмөсүнө кирсем столдун үстүндө «Путинка» деген арактын эки бош бөтөлкөсү турат. Болоттон, бул эмне?- десем: «Түндө Жээнбеков экөө ичкен» — ​деди. Дагы такылдатып, үн чыкпагандан кийин, арга кетип эшикти күч менен ачтырдым. Ал унитазда олтуруп уктап калыптыр. Өзүн билбейт. Жардамчылары, Илмиянов, дагы башкалар көтөрүп чыгышты. Мен бул соо эмес ко, арак менен кошо уулантып салган эмеспи, силер эмнени карап жүрдүңөр, — ​деп анын жардамчы, жан сакчы, врачтарына кыйкырдым. Алар: «Жок ууланган эмес, көбүрөөк ичип алыптыр, байке бизди угат беле, кечинде өзүңүз көрдүңүз го»- дешти. Мен аларга, “эгер мас болсо тезинен соолуктургула, жолугушуу эмне болот?”, — ​деп жатканда, эшиктен жанагы аял үч-төрт адам менен дагы келип: «Тезинен чыгып кеткиле, болгула»- деп туруп алышты. Жиним келип, тигил аялга бир тийдим. — ​Өлүп баратасыңарбы?! Азыр чыгабыз, эшикке чыгып тургула! — ​дедим.

Илмияновго: — ​Кеттик, башка жерден соолугат, алып чыккыла, бирок мунун абалын эч ким көрбөсүн, — ​дедим. Өзүм эшикке чыгып Жээнбековду издесем, жок. Оюма ар нерсе кетти. Эгерде Ж. Жээнбеков экөө арак ичип мас болду дейин десем, Жээнбеков сыртта өзү басып жүрөт. Бирөөлөр уулантып койгон жокпу деген ой башымда айланып туруп алды. Алмаздын мындай абалда, өзүн билбей калганын мурда көргөн эмесмин. Эми жолугушуу эмне болот? Бул абалында элге кантип барат деп, тынчым кетип турганда аны тигилер көтөрүп чыгышып, машинага салышты. Аларга менин артыман айдагыла деп, Базар-Коргондогу суу сактагычтын жээгине келдик. Чыдабай врачынан: — ​Сообу, — ​деп сурадым. Ал: «Өтө көп ичип алган» — ​деди. — ​Соолуктур, укол бер, элге барышыбыз керек, — ​десем: «Жок, баралбайт, эми көпкөөзүнө келбейт»- деди. Мен Алмазга келип: — ​Эй досум, кандай акывал? — ​десем, «Жакшы, жакшы, не дождетесь»- деп бир нерселерди булдуруктады.

Убакыт саат ондон өтүп баратат. Болотко: — ​“Силер ушул жерде калгыла, муну соолуктургула, иши кылып эртеңки жолугушууга даяр болсун, бүгүнкү жолугушууну эптеп бүтүрөмүн,”- деп Акманга кеттим. Жолдо ар шылтоону издедим. Кечигип жатат дейин десем, биздин кечээ эле келгенибизди эл билет эле. Акыры ооруп калып, врачтар карап жатат, келалбайт дегенге токтодум. Эл менен жолугушуп ошентип айттым.

Ошол учурда артыман Атамбаевдин машинасы келип калды. Мен телефондон: — ​Эмне келдиңер, — ​деп Болотко чалсам: «Байке болбой коюп, айдатып келди» — ​деди. Анда эл билбесин, тегеректеп курчап алып келгиле, эл шек албасын, — ​дедим.

Мен элге: — ​“Мына ооруп, сүйлөөгө дарамети болбосо да, силерди сыйлап келиптир,”- дедим. Эл ага да макул болду. Ошол учурда Д. Садырбаевдин эжеси трибунага чыгып: «Атайын биздин элге, жерге келсе, жок дегенде кыргыздын салтын кылып калпак менен чепкен кийгизип коёюн»- деп, кой дегенге болбой, өзүм кийгизем деп, артта далдаада турган Атамбаевге кийгизди. Ошол учурда ал эжеге, элге рахмат айтам деп, балдардын колунан суурулуп чыгып микрофонго өтүп кетти… Анан сүйлөдү дейсиң… Бийликтин агенттери сүрөткө, видеого тартып алганга жетишти. Мен балдарга, артка алгыла деп, аны көп сүйлөтпөй микрофонду алганга аракет жасадым. Бирок бийликке эптеп кичине сүрөткө тартып алса жетиштүү эле. Жарым саат өтпөй туш тараптан: «Атамбаев мас болуп жүрөт дейт, чынбы?» — ​деген суроолор жаай баштады. Мен элге айткан сөзүмдү бардык сурагандарга айтып, мүмкүн уулантып же окутуп коюшу мүмкүн дегенди коштум. Чындыгында эле, мен ал бир гана арак ичип мас болгон эмес, кандайдыр бир жол, же нерсе менен ууланган болуш керек деген ойдо элем. Жыйындан кийин бара турган жер жок, Жалал-Абадга кире бергендеги атактуу мантыханалардын бир бөлмөсүн алып, эч кимди киргизбей аны эсине келтирүүгө аракет жасадык.

Атамбаев ошол жерде менин колумду бекем кармап, балдары, неберелери, өзгөчө кызы жөнүндө айтып: «Алар эмне болот, карап жүр досум, мен өлөт окшойм, мен өлсөм саясий күрөштү уланткыла, менин мураскорум Бакыт Бешимов болсун, өзүң күрөштүн башында тур!» — ​деп мураскору жөнүндө да айтып жиберди. Врачы болсо: «Бишкекке алып барып канын тазалоо керек» — ​деди. Бул абалда кантип Бишкекке алып кетесиңер, оболу аз да болсо өзүнө келсин, — ​дедим. Атамбаевдин Сузактагы кудасы эске түшүп, күйөө баласы биз менен жүрөт эле, үйүңөр кайда, — ​десем, Жалал-Абаддын четинде деди. Үйүңөргө баралы, ал жерде эс алсын, бул коомдук жерде көпкө калганга болбойт, — ​десем, атасы Бакиевдерден коркуп жатканын айтты. Ал атасы менен сүйлөшөйүн деп чыгып кетип, кайра келип макул болду. Кечке жуук биз ал куданын үйүнө бардык.

Мен Ошко Сооронбай Жээнбековго телефон чалып, болгон окуяны түшүндүрдүм. Молдолоруң болсо ала кел, Атамбаевге дем салдырып да көрүш керек, — ​дедим. Атамбаев таңга маал өзүнө келди. Өзү туруп эшикке чыгып келди. Мен ага: — ​Аз жерден Бишкекке жөнөтүп жиберейин дедим, бир нерсе болсоң дооңо каламынбы деп, деги соосуңбу досум, — ​деп тамашаладым. Чынында эле ага аябай боорум ооруп, аяп тургам. Кийин ал менин ушул сөзүмдү кичине бурмалап, «көзүмдү ачсам Азике досум, муну Бишкекке алып кеткиле, доого калбайлы — ​деп жаткан экен»- деп интервью берип жүрдү. КТР, ЖТРден бийлик Акманда тартып алууга жетишкен сүрөттү күнү-түнү көрсөтүп жатып калды. Атайын дискке жаздырып, айылдарга таркатышты. Азыр да айрым интернет сайттарга чыгарып жүрүшөт. Ушул күнгө чейин бул факты боюнча мындай майда-чүйдөсүнө чейин айтпаган элем, биринчи жолу жазып жатам. Эл чындыкты билүүсү керек. Айрымдар айткандай, «Атамбаев Жээнбеков экөө кечинде мейманканада бирге болуп, сөгүшүп, ичимдик ичиши мүмкүн, эртеси «невменяемый» абалында эл менен жолугушууга келгени да чындык, аны Жусупжан өзү да жазып жүрөт. Бирок Атамбаевдин жөндөмсүз (невменяемый) абалдан өзүнө келгенге чейин жанында жүргөн киши катары, ошондон кийин ичи, буттары каканактап, ириңдеп тешилгенин, териси бузулганын көргөн адам катары азыр да өз сөзүмдө кала берем, Атамбаев бир гана ичип мас болгон эмес, дагы ууланган, бирок эмне менен, кандайча ууланганын ушул күнгө чейин билбеймин. Ал кийин Туркияга барып дарыланып келди. Ошондо ууланыпмын деп айтты.

Эртеси Жалал-Абад шаарынын борборундагы маданият үйүнүн эшигинде Жээнбековсуз эле шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдүк. Бакиевдердин обончуларына каршы биз дагы Жалал-Абадда мага тааныш айымдар баш болгон «менин обончуларымы» койдук эле, алар бири-бирине батынып тие албай, жолугушуу ыр-чыры жок өттү. Жолугушууга 150–200дөй адам келди. Ошол эле күнү Ошту көздөй жөнөдүк. Өзгөнгө жетпей Сооронбай Жээнбеков тосуп алды, мен алардан уруксат сурап Бишкекке кеттим. Атамбаевдин өз айылы Арашандагы жолугушуу да өзгөчө болду. И. Өмүркулов колунан келишинче уюштурган экен, клуб толуп эл батпай калды. Мен түштүктүн эли Атамбаевди колдоп жатканын ашыра айтып, арашандыктардын намысына тийимиш болдум. Нарында А. Шыкмаматов Атамбаевди эл менен жакшы жолуктурду. Чеч-Дөбөдө элдер ат мингизип жиберишти. Бишкекте мен, Текебаев, Исаков, Отунбаева, Чолпонбаев болуп бир нече жерде жолугушуу өткөрдүк. Бир жолу Атамбаев мени чакырып: «Апичеңди Бишкектен алам, анын ордуна Асель Кодуранова болот»- деп калды. Себеби эмне? — ​десем: «Биздин партиянын чечими» — ​деди. Мен: — ​Өзүң бил — ​дедим. Ичимен Отунбаева ким, Кодуранова ким деп ойлодум. Менимче, ортодо чагымчылар иштеп, Атамбаев пендечилик кылып жатат окшойт, — ​деп тим болдум. Бишкек шаарынын 3–4 жеринде Атамбаевди мен, Исаков, Текебаев коштоп жүрдүк.

Түштүктөн келгенден кийин Арашандагы багына үй тигип, бүт уул-кыздарын, келиндерин, неберелери менен топтоптур. Мени чакырып, аларды мага тааныштырды. Ошондо ичин, буттарын мага көрсөттү. Денеси каканактап, тешилип кеткен экен. «Ушуну менен Бакиевдер мени эки жолу уулантты», — ​деди. Мурда 2007-жылы Атамбаев Премьер-министр кезинде Ак үйдөн ууланыптыр деген сөз чыккан. Таластын эли менен жолугушуу өтө кызык болду. Атамбаев премьер-министр кезинде 2007-жылы «Жер үй» маселеси боюнча Таласка барып, эл жол тосуп, болгон жаңжалдын таасири Таластан али кете элек экен. Бир нече активисттерге кылмыш иши козголуп, айрымдары соттолуп, айрымдары сыртта качып жүрүптүр. Ошол үчүн Шерниязов мага кирип маселе койду: «Мен Азике, мурда айткандай Текебаев экөөңүчүн гана унчукпай жүрөм, Таласка бар десеңер барайын, бирок Атамбаев менен БЭКтин лидерлери баарыңар барасыңар, болбосо мен жалгыз Атамбаевди коштоп барбайм»- деди. Мен бул сөздү Атамбаевге айттым. Ал башында мөңкүп алып, аягында көндү. Болгону: «Силер сүйлөбөйсүңөр, мен гана сүйлөйм» — ​деди. БЭКтин саясий бюросун чакырып, баарыңар Таласка барасыңар — ​дедим.

Мындай нерселерди уюштурууга мастер Болот иним Суусамырдан бизди тосуп, жүздөй машина менен Таласка кирмей болдук. Ар бир машинада «Ата Мекендин», КСДПнын, «Асабанын» желектери илинген ушундай шаан-шөкөт менен Таласка кирип бардык. Таластагы биринчи эле жолугушууда Атамбаев: «…таластыктар жоолук салынып алгыла, Манастын көрүн казып жатса унчукпайсыңар!»- деп бир нече жолу демитип өттү. Жыйын бүтөрү менен 5–6 аксакал мага басып келип: «Азимбек, Атамбаевге айтып кой, элге асылбай сүйлөсүн, биз Атамбаевди эмес, силерди сыйлап унчукпай турабыз!» — ​дешти. Мен кечинде Атамбаевге элдин бул сөзүн айтып, «жоолук» жөнүндө экинчи айтпашын сурандым. Ал унчукпады.

Кечинде биз Шерниязовдун кайын журтунда, менин оготур туугандарымдын айылында түнөдүк. Биз дегеним — ​БЭКтин саясий бюросунун Таласка келген мүчөлөрү Тургуналиев, Отунбаева, Текебаев ж. б. бар болчу. Исаков, Жекшенкулов, Булекбаев, Каптагаевдер подпискада камакта болгондуктан, келишкен эмес. Бакай-Атада чоң жолдун боюнда эл менен жолугушуу белгилениптир. Ар дайым жолугушуунун алдында эл топтолгуча жарым сааттай Сагынбек Момбеков элдин көңүлүн көтөрүп, гитаранын коштоосунда «Сат, сат», «Кайдыгерлик», «Аксы ыйы», «Дүжүр чалдар» ж. б. ырларын аткарып турчу. Аны да сүйлөбөйсүң, болгону ырдайсың деген шарт менен алып жүрдүк. Башка ырчы, бийчи алган эмеспиз. Бул жолу Сакем жарым саат эмес, бир сааттай ырдады. Атамбаев жок. Мен телефон чалсам, Илмиянов ал киши намазга кирип кетти эле, азыр-азыр деп, кечигип жатты. Эл таркай турган болуп калганда, арга кетип, шартты бузуп, элди алаксытып туруу үчүн Топчукеге сөз бердик. Топчуке адатынча элдин көңүлүндөгү сөздөрдү айтты эле, эл тынбай кол чапты. Атамбаев дагы деле жок. Андан кийин Отунбаевага сөз бердик, андан соң Текебаевге сөз берүүгө туура келди. Ошол учурда гана Атамбаев келди. Сүйлөдү. Дагы Манастын көрүн казып жаткандарды айтып: «Таластыктар жоолук салынып алгыла» — ​деди.

Мен айтчу кеп ошол туурасында болмокчу. Атамбаев калпты, чындыктай айткан, өрдөгү көп учкан саясатчы. Азимбек Бекназаровдун “Мен кыргызмын” деген китебин жакында дагы бир жолу колума алып аны тез эле окуп чыктым. Бекназаровдун бул китеби, отуз, элүү жылдан кийин тарыхый баалуу китеп катары эл оозунда калары талашсыз. Бир дем менен жеңил жазылган, өз мезгилинин чындыгы айтылган чыгарма экени талашсыз. Ал китепте мен ынана албай турган бир эпизод бар эле. Бир жолу сүйлөшүп отуруп, “Азимбек аке, Атамбаев туурасындагы чындыкты туура эмес жазыпсыз го. (212–215-беттеринде) Сизден, анан Жусуп Жээнбековдон укканыма караганда аны Бакиевдер ууландырбай эле аракты көп ичкенден “ууланган” тура. Андан да Атамбаев сиз жазгандай туалеттин ичинде унитазда отуруп, уктап калбай эле, өзүн билбей богу-жини, кусундусуна аралашып жерде “шымын булгап” жатып калганын мага айтып берген элеңиз. Ал жери жок го… — ​дедим.

— Ооба. Ошол учурда Алмаз досумду аягам…

— Алмаз досуңуз сизди аяган жок го… Сиз билген чындыкты эл билсин да.

— Калп эле Кудай деген Атамбаевди мен Кудайга койдум. Алмаз бизди алдагандай Кудайды да алдайм деп ойлойт. Тынч эле жүрсө болмок…

— Азимбек аке, сиз Атамбаев шымын булгап койгондо, анын өтө жакын адамы болуп келген Икрам Илмияновго “Икрам, Алмаз шымына чычып алыптыр. Болор иш болду, эми шефиңдин көчүгүн тазалап жууп койгула!” -деп тамаша иретинде айтып коюп чыгып кеткениңизди, бир аздан кийин Илмияновдун ичкери кирип кеткенин айткан элеңиз. Эмне чындыкты жазган жоксуз? — ​деп Азикени жарга такадым.

Ачуу чындык баары бир айтылышы керек эле да. Сиз ошол ажатканын форточкасы менен эшигин жаап, досуңузду аяганыңыз менен ошол жыт дагы деле сасып жатат го. Эми ал сасык жыт Жалал-Абаддагы менчик мейманканадан эмес, анын Кой-Таштагы үйүнөн келе баштады. Өзү шымын булгап алып,“Мени Бакиевдер ууландырды!”-деп бет тырмачылык кылганына таң каласың. Атамбаевди сиз досум деп жаманын жашырганыңыз менен ал сизди ачык эле боктоп жатат го… — ​дедим.

— Бекен үкөм, мен Алмаздай болуп майдалангым келбеди! Ошол унитазда отуруп уктап калды дегеним эле жетиштүү… — ​деп Азимбек Бекназаров,” досу Атамбаевдин абийирин төккүсү келбей жатпайбы.

Ал эми, Бекназаров досун аяганы менен Атамбаев Азикени ушунча жылдан бери кеги бардай шыбап, аяган жок. Колунда бийлиги бар кезде жанына жолотподу. Азике, учурунда чындыкты айтканда экс-ажобуз “Чычкак ажо!” деп аталып тарыхта калмак. Досун аяган Азимбек Бекназаров айтпаган чындыкты айтууга туура келди. Керек болсо, биздин ажобуздун шымын булгап алганы да тарых. Аны жашырып эмне кылабыз. Атамбаев азыр деле Кой-Таштагы хан сарайында тынч жатпай, бүт республикага “сасып” жатпайбы? Эми, айтканым жалган болбосун үчүн кыргыз элинин көкжал саясатчысы Азимбек Бекназаровдун “Мен-кыргызмын”-деген китебинен тырмак алды үзүндүсүнөн мисал келтирдим. Кыргыз эли да өтө уникалдуу эл, анткени Атамбаевге окшогон “пянкеч президентке” алты жыл бою коёндун терисиндей чыдап бердик. Аталык болгусу келди эле, Сооронбай Жээнбеков ага жол бербей койду. Өзү каалагандай өлкөнү башкара албай жатат, Алмаз Атамбаевдин болгон трагедиясы ушул эле…

Бекен Назаралиев.

«Жаңы Ордо» гезити. №41 (614),  21-декабрь, 2018-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс