Понедельник , 1-Июнь 2020
Башкы бет / Дүйнө / Орусия Иранга АКШнын санкцияларын айланып өтүүсүнө жардам берүүнү пландаштырып жатат

Орусия Иранга АКШнын санкцияларын айланып өтүүсүнө жардам берүүнү пландаштырып жатат

Категория: Башкы жаңылыктар — Published: 16/10 — 15:24

Орусия менен Иран сентябрь айында Тегеранда өткөн саммитте жашыруун документке ылайык, АКШнын санкцияларын айланып өтүү механизми боюнча макулдашышкан.

Rbc.ru агенттигинин маалыматына ылайык, Москва Вашингтондун санкцияларын айланып өтүү үчүн Тегеранга жардам берүүнү пландаштырууда жана бул чектөөлөрдүн Ирандын кызыкчылыктарына зыяны тийбешин камсыз кылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Израилдин агенттиги mako.co.il. жашыруун мекемелик докментке шилтеме берип билдирди.
Макаланын автору Дана Вайс өзүнүн Twitter баракчасына Израилдин Тышкы иштер министрлигине таандык расмий кагазда санкцияларды айланып өтүү схемасы жазылганын жарыялаган.
7-сентябрда Тегеранда өткөн Иран, Орусия, Түркиянын президенттери Хасан Рухани, Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусунда документке ылайык, АКШнын санкцияларынын зыяндуулугун азайтууга жардам берүү планы макулдашылган.

Макулдашылган схема боюнча АКШнын планына ылайык, Иран Ислам Республикасынын мунай экспортун токтотуу максатында ага каршы санкциялары күчүнө киргенден кийин, Тегеран Каспий деңизи аркылуу чийки мунайын Орусиянын аймагындагы мунайды кайра иштеп чыгаруучу ишканаларга жеткирүүсү керек жана Иран мунайын дүйнө жүзү боюнча Орусия сатууга туура келет.

Маалыматка ылайык, документте ошондой эле мындай механизм бир гана Орусия менен Ирандын эле кызматташтыгын эмес, Европа өлкөлөрүнүн дагы кызматташтыгын камтыйт. Жогоруда айтылган расмий кагаздагы маалыматка караганда, Европа Тегерандын Азия өлкөлөрүнө мунай сатуусун улантуусуна макул болот.
Ошентип Европа Иранды өзөктүк келишимде кармап калууга аракет кылууда деп баса белгиленген жогоруда аталган агенттиктин жарыялаган маалыматында.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс