Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Аналитика / Ысык-Көл форумунан кийинки ойлор…

Ысык-Көл форумунан кийинки ойлор…

Категория: Аналитика — Published: 13/10 — 12:02

“Үчүнчү жолу өткөрүлдү” деп айтылганы менен да, “Ысык-Көл форуму” бул ирет ушундай Эл аралык коомдук-саясий жолугушууга негиз салган, уюштуруучулардын бири Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөөчү юбилейлик рамкасында өтүп, 90 жылдыкты өткөрүү программасынын кезектеги бир иш-чараларынын катары гана деңгээлде өттү.

Учур саясаты

Ал тургай, бул иш-чара “Айтматов жылынын” негизги салтанаты (гвоздь программы!) катары каралып келгенин эске ала турган болсок, Айтматовдук күтүлгөн бийик абройго да жетпей калды.

Дүйнөлүк ысымга ээ жазуучуларды айтпай эле коелук, орус адабиятынын жана КМШ мамлекеттеринин бараандуу өкүлдөрү катышпай калгандыгы көзгө урунду.

Россиядан мурдараак көзү өтүп кеткен Георгий Гачев, Лариса Лебедевадан башка да Айтматов жана кыргыз-совет адабияты менен тыгыз байланышта жүрүшкөн Евгений Сидоров, Лев Аннинский сыяктуу чыгаан адабиятчылар келишкен жок.

Улуттук адабият өкүлдөрүнөн, Айтматов жөнүндө учурунда ар кандай жылуу пикирлерди айтышып, эскерүүлөрдү жазышкан Анатолий Ким (РФ), Анар (Азербайжан), Тимур Пулатов (РФ –Өзбекстан), Тимур Зульфикаров (РФ-Тажикстан) сыяктуу учурдагы адабияттын дөө-шаалары форумда катышышса, форумдун деңгээли кыйла көтөрүлмөк.

Эгерде алар кандайдыр бир себептер менен катыша алышпай турган болсо, учурдагы заманбап технологияларды колдонуу менен, алардын он-лайн режиминде катышуусун камсыз кылып, же мурда жазылып алынган сөздөрүн форум учурунда угузушса болмок. Муну уюштуруучулардын ишиндеги кетирилген оркойгон кемчилдик десе болот.

Адабият боюнча Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов сыяктуу КМШ аймагында таанымал казак акындары келишкени менен (ал эми Мурат Ауэзовдун жөнү такыр башка — ​ал жөнүндө өзүнчө сөз кылабыз), Эл аралык форум делген деңгээлге татыган ысымдардын аз болгону ачык байкалды. Анан калса, форумдун адабияттан башка тармактардагы катышуучулары тууралуу деле жогорудагы эле пикирлерди кайра жолдосок болот.

Айтматов өзү көзү тирүү кезинде айрым маектеринде “Мой друг” деп айтып жүргөн Андрей Золотов кесиби боюнча искусствовед, музыка изилдөөчү келди. Айтматов абдан музыка жандуу, меломан болгондугу маалым. Ал тургай, азыр көп адамдар “Жамийла” повести да алгач “Ала-Тоо” журналына “Обон” деген ат менен чыккандыгын жакшы биле беришпесе керек.

“Саманчынын жолу” балет-ораториясы менен Калый Молдобасанов жалпы союздук деңгээлде дүңгүрөгөнүн айта турган болсок, кинодо көркөм адабиятты экрандаштыруу параметри боюнча Айтматов өз замандашы — ​ХХ-кылымдын эң залкар прозачыларынын бири Габриэль Гарсиа Маркести да артка калтырат. Анткени, анын көбүнчө кеңири коомчулукка анча белгисиз баштапкы чыгармалары боюнча гана беш-алты фильм тартылгандыгына карабастан, алар кинодүйнөсүндө мыкты фильмдер катарына кошулган эмес. Ал эми Маркестин атактуу “Сто лет одиночества” романы баш болгон эң мыкты шедеврлерин киноэкрандан элестетүү да кыйын.

Адегенде замандын залкар кинорежиссерлорунун бири Никита Михалков чакырылган жана келет дешти эле — ​ал да келген жок. Жада калса, анын бир тууган агасы жана айтматовдук чыгармалардын кино тилине которулушуна карай алгач жол салган Андрей Михалков-Кончаловский да келген жок. Дегеле айтматовдук чыгармаларды популяризациялоодо кинотармагынын ролу чоң экендиги белгилүү. Китеп бетин такыр ачпагандардын көбү дагы, жок дегенде кино аркылуу таанышышкан.

Айтматовдук көркөм дүйнөнү кино тилине которуп, экрандаштырууга опол тоодой эмгек кошушкан Ирина Поплавская, Лариса Шепитько, Төлөмүш Океев сыяктуу кинорежиссерлордун көздөрү өтүп кетти. А бирок, “Биринчи мугалимди” экрандаштырган Андрей Михалков-Кончаловскийди жана Алтынайдын ролун аткарган (кийин анын аялы болуп калган) Наталия Аринбасарова сыяктуу таанымал актриса форумга келип катышышса, аталган форумдун деңгээли кыйла көтөрүлүп, биздеги чала өлүк болуп турган кино тармагына да жаңыча импульс берилмек.

Иш жүзүндө, 90 жылдыкка байланыштуу өткөн форумда жазуучунун чыгармачылыгы бардык аспектилерден каралат деп далалат кылууга карабастан, кыргыз кинорежиссеру Геннадий Базаровдун карааны гана көрүнбөсө, кинодүйнөсүндө баарына бирдей баркталган (непререкаемый авторитет катары каралган) инсандардын жоктугу өкүндүрдү. Баарынан дагы, кыргыз киносунда айтматовдук көркөм дүйнөнү дүйнөлүк океанга ак кеме аркылуу сүзүп жеткирген залкар кинорежиссер, Бишкекте жашап турган Болот Шамшиевдин форумда активдүү катышпаганы абдан таң калычтуу болду.

Жаш кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзү дүйнө кыйырына старт алган Москва — ​орус президенти Владимир Путиндин катышуучуларга жолдогон мындай учурларда атайылап жасалуучу трафарет-дежурный “Салам каты” менен гана чектелди. Ошентип, аталган эл аралык форум юбилейлик рамкадан караганда деле, керектүү деңгээлде өткөн жок жана да эл аралык деген ярлыкка карабастан, адабият-маданият жана кино тармактарынын провинциясындагы гана кезектеги бир окуядай таасир калтырды.

…Биринчи форум Кайра Куруу деп аталган коомдук-саясий процесстин эл тарабынан чоң колдоо таап турган кезинде (1986-жылы) өткөрүлүп, эл аралык резонанска ээ болгондугу маалым. Андан мурдараак эле болгон Михаил Горбачевдун Эл аралык саясатынын уландысы катары да кабылданган. Рональд Рейган менен Горбачевдун Женевада, андан соң Рейкьявикте болгон жолугушуулары майнапсыз болуп, өз ара катуу тирешип турган тирешкен эки саясий системанын ортосундагы “темир көшөгөнү” сындыруу аракети эки тараптан тең күчөп турган. Жалпы дйнөлүк коомчулуктун кызыгуу менен байкоосу, активдүү үн кошуулар жана ар кандай реакциялар дал ошон үчүн жаралгандыгы түшүнүктүү.

Эгерде саясатчылар жана мамлекет башчылары өз ара тил табыша алышпаса, адабият жана маданият ишмерлери бирин-бири оңой эле түшүнүшөт жана ортодогу жасалма барьерлерди оңой эле талкалай алышат деген ишеним менен өткөрүлгөн форум, чынында эле ошол доордун эң бараандуу, урунттуу окуяларынын бири болуп калган. Кийинчерээк, эгемендик учурунда, — 1986-жылдан 2007-жылга чейин өтпөй калган, чейрек кылымга жакын убактан бери унутулуп бараткан коомдук-саясий иш-чарага жаңы импульс, мазмун жана багыт берүү аракети жасалган. Тилекке каршы, ал дагы күткөндөй жыйынтык бере алган эмес…

“Үчүнчү жолу өткөрүлгөн” “Ысык-Көл форумунун” жыйынтыктары жана кийинкиге калтырган “жаңырыктары” жөнүндө сөз кыла турган болсок, бирде 23 өлкөдөн (КТРК) бирде 30дан ашуун өлкөлөрдөн коноктор келишти деп ооз көптүрө айтылган менен да, алардын көбү “Айтматов менен баланчанчы жылы жолуктум эле”, “мен аны менен баландай кырдаалда таанышып, бир-эки ирет учкай сүйлөштүм эле”, “Баланча жылдык юбилейинде Таласка келген элем” деген сыяктуу гана “билдирүүлөрү” менен чектелишсе, калган бөлүгү Айтматов жана анын чыгармачылыгына кыйыр да байланыштары жоктой, тек гана адашып-жаңылыш чакырылып, же эриккенден гана “Ысык-Көлдү да көрүп келүү” үчүн гана келип калышкан адамдардай элес калтырышты.

Албетте, кийинчерээк сөзсүз түрдө кандайдыр  бир резонанс жарата турган ойлор да айтылды…

Форумдун алгачкы күнкү башкы телеканалдан Мухтар Шаханов менен мурдагы госсекретарь, азыр саясаттан четке сүрүлүп калган соң, эми кайра адабиятка аралашууга аракет кылып жүргөн Осмонакун Ибраимов экөөнүн түз маеги көрсөтүлдү. Экөө эки башка тилде сүйлөшкөн (сөздүн түз маанисинде да, өтмө маанисинде да!) бул маек абдан “кызыктуу моменттери” менен гана эсте калды.

Атактуу айтматовед Кеңешбек Асаналиевдин көзү өткөн соң, бул бош калган орунга тырмышышып, Осмонакун Ибраимов менен Абдылдажан Акматалиев өздөрү жөнүндө Айтматовдун бирден-бир жакын шакирттери катары пикир жаратууга далбаса кылып жүрүшкөндүгү маалым. Албетте, алардын эмгектерин асаналиевдик деңгээлге салыштырмак турсун, Кеңешбек Асаналиевден кийин алардын атын атоонун өзү да кандайдыр бир олдоксондуктай сезилери анык.

Кыскасы, Осмонакун ушундай патетикалык духта маек жүргүзүүгө кыйла далалат кылганы менен да, Мухтар Шаханов улам “башка талаага” кетип калып, акыры “Айтматов жана Мухтар Ауэзов” темасына келгенде, ич күптүлүү бир оюн тарс жарыла айтып алды: “Кезегинде казактын чыгаан акыны Магжан Жумабаевди каматкан дал ушул Мухтар Ауэзов болгон. Бул тууралуу Магжандын аялынын эскерүү китеби элүү жылдан ашык чыкпай жаткан эле. Эми жарыкка чыкты, чындык акыры баары бир жеңерин айкындады!..”

Сөз жок, форумдун башка “идеялары” кеңири таркабаса да, жок дегенде Шахановдун жогорудагы расмий билдирүүсү коңшулаш казак адабий чөйрөсүнө дароо жетип, катуу реакцияны жаратып, ар кандай көз караштардын кагылышына түрткү берери түшүнүктүү… Кезегинде Аалы Токомбаев Касым Тыныстановду каматкан деген пикирлер кыргыз адабиятында да кеңири талкууланганы маалым. Ал эми чыгаан адабиятчы Кадыркул Даутовдун айтымында, Аалы Токомбаев Касымды каматып эле тим болбой, аны атуу жөнүндөгү “тройканын” бири болгондугу жөнүндө дагы маалыматтар сакталып калган!..

Ал эми Мурат Ауэзов жөнүндө сөз кыла турган болсок, адегенде тээ сенектик доорунда филология илими боюнча кандидаттык диссертация жактаганына карабастан, негизги адистиги боюнча тилчи-китаист болгондуктан, көркөм адабият маселелелерин терең критерийлер менен изилдөөдөн өтө алыс турган, тек гана атасы — ​атактуу Мухтар Ауэзов аркылуу гана (айрыкча, казак-кыргыз адабий байланышына келгенде!), адабиятка кыйыр гана байланышы бар инсан.

Ал эгемендик доорунда Казакстандын Кытайдагы элчиси болуп (1992–1995-ж.ж.), элчиликтен алып салган соң, саясатка аралашууга далалат кылып, бир-эки жылча оппозициялык кыймылда жүрүп, акыры Алматы областтык маданият бөлүмүнүн башкармасынын начальниги кызматына барганда оппозиция лидери, ыраматылык чыгаан саясатчы Заманбек Нуркадилов (кийинчерээк өз үйүндө табышмактуу атылып өлтүрүлгөн) катуу сынга алып, шылдыңдап чыккан болчу: мындай болбогон майда кызматка сатыла берген адамдар өздөрүнүн канчалык оппозиционер экенин ачык билдиришти деп!..

…Биринчи “Ысык-Көл” форумунун катышуучусу, француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон кайра мекенине кайтып барган соң, бул коомдук-саясий иш-чараны коммунисттик жогорку бийликке кол бала болгон белгилүү бир күчтөр гана өз максаттарын көздөп уюштурушкандыгын айтып, жалпысынан адабий-маданий чөйрөнүн эркиндигин, саясий бийликтен тышкары болушун туу туткандыктан, терс баасын берген эле. Эң трагикомедиялуусу, бул терс пикир Кыргызстанга да жеткен кезде, Айтматовдун бейрасмий жеке секретарь-катчысынын (жана да ошону менен бирге, айрым маалыматтар боюнча, үй кызматчысынын да!) милдетин аткарган элдир-селдир адабий изилдөө сымал бир нерселерди чүргөп жүргөн адабиятчы сөрөйдүн: “анын койнунда котур ташы бар экенин мен ошол көлдө жүргөндө, ал элден окчун, өзүнчө четте бөлүнүп олтурганда эле байкаган болчумун” деп айтканы олуттуу адабиятты түшүнгөн адамдарды абдан күлдүргөн.

Форумдун Жыйынтыктоочу резолюциясында дүйнө мамлекеттеринин башчыларына Кайрылуу жасалды. Бул иш-чараны эки-үч жылда (!) бир ирет өткөрүп туруу сунушталды. Кийинкисинде мындан да төмөн деңгээлге түшүп калышы да толук мүмкүн экендигин айтпай эле коелук.

Кайра эле, Мамлекеттик бюджетке ашыкча оорчулуктарды көбөйтө берүүнүн канчалык зарылдыгы бар деген суроо туулат. Депутат Акылбек Жамангуловдун айтымында, райондук деңгээлде өтүп жаткан ар кандай чакан юбилейлерден тартып мамлекеттик капчыктан 2 млн сомдон сарпталат экен. Баланча райондун 90 жылдыгы, “Арык Мырзанын 450 (?! — ​анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн таап алышыптырбы?!) жылдыгы” деп өткөрүшсө, андан кийин башка коңшулаш райондогулар “Карга акенин баланча жылдыгы” деп улантып кетишти…

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына мамлекет эсебинен 306 млн. сом бөлүнгөндүгү расмий маалымдалды. Ал эми башка ар кандай булактардан — ​коомдук жана спонсорлор, жергиликтүү мекеме-уюмдардан өз каалоосу менен (же “добровольно-принудительно”) канча каражат кеткендиги тууралуу так маалыматтар жок. Дал ошондуктан улам, кийинки оюнду өткөрүүнү Түркия өзүнө алды дегенде, кыргыз коомчулугу бул үч ирет моюндагы илинген оор жүктөн кутулгандарына абдан сүйүнүштү.

Демек, форумду эки-үч жылда бир ирет өткөрүү ушунчалык эле зарыл болсо, аны он-лайн режиминде гана өткөрүп, керектүү материалдар жыйылган соң гана, он жылда бир ирет жыйынтыктоочу түрдө жогорку деңгээлде өткөрүлсө, Айтматовдун баркы да, Ысык-Көл форумунун мазмуну да, дегеле Кыргызстандын мындай иш-чараларды өткөрө билүү престижи да жогорулайт. Канчалык тез өткөрүлүп, күнүмдүк, демейки окуяга айлана берген сайын, олуттуу, маанилүү баалуулуктар деле өз касиетинен ажырай баштайт.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ.

Булак: «Жаңы Ордо» гезити. №31 (604),  12-октябрь, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс